Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:01

Дүйнө өлкөлөрү Ооганстандагы аялдардын абалына тынчсызданды


АКШ баш болгон бир катар өлкөлөр Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу аялдар жана кыздардын абалына тынчсызданган кайрылуу жарыялашты.

"Биз ооган аялдарынын, кыздарынын абалына, алардын билим алуу, иштөө жана эркин жүрүү укуктарынын чектелишине терең тынчсызданып жатабыз. Биз Ооганстандагы бийлик жана ыйгарым укуктарга ээ болгондорду аялдардын коопсуздугун камсыз кылууга чакырабыз»,-деп айтылат кайрылууда.

Документке АКШ, Австралия, Албания, Аргентина, Бразилия, Британия, Гватемала, Гондурас, Европа Биримдиги, Канада, Колумбия сыяктуу 20дан ашык өлкөлөрдүн өкүлдөрү кол койгон.

15-августта «Талибан» кыймылы Ооганстандын баш калаасы Кабулду басып алды. Ага чейин өлкөдөгү дээрлик бардык аймактарга көзөмөл орноткон. Талибдер учурда өлкөдөгү саясий бийликти куроого аракет кылып жатат.

“Талибан” баш калааны басып алгандан кийин алгачкы билдирүүлөрүндө шарияттын негизинде инклюзивдүү өкмөт түзөрүн, аялдардын укугу "ислам алкагында" урматталарын билдирген. Бирок буга карабай жер-жерлерде аялдарга карата чектөөлөр, айрым зомбулуктар жөнүндө кабарлар келүүдө.

1996-2001-жылдары талибдер Ооганстанды башкарып турганда аялдарга күйөөсү же эркек туугандарынын коштоосу жок көчөгө чыгышына тыюу салынган. Алардын билим алуусу жана жумушка орношуусуна катаал чектөөлөр болгон. Аялдар денесин толугу менен жаап, оронуп жүрүүгө милдеттүү болчу. Мындай талаптарды аткарбагандар өлүм жазасына тартылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG