Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 23:10

Диктатордун кызын ашык кылган Акмат Зайыр


Акмат Зайыр тууралуу чыккан китептин мукабасы.

XX кылымда фарсы дүйнөсүндө оогандык атактуу музыкант Акмат Зайырдай (фарчасы – Ахмад Зохир же احمد ظاهر‎‎) эч ким таанымал болбосо керек.

Анын кайталангыс коңур үнү, сөзүнө обону, обонуна музыкасы шайма-шай келген ажайып ырлары миллиондордун жүрөгүнөн түнөк таап, жүз миңдеген кыздардын кумирине айланган. Чын эле Жараткан андан өз берешендигин аяган эмес экен: анын өзгөчө талантын айтпаганда да, дайыма күлкү чачып турган бешене-ырайы, жылдыздуу жарык жүзү, келишимдүү бой-келбети күндүсү кыз-келиндердин ой-кыялын уурдаса, түнкүсүн уйкусун качырган.

Ооганстандын ошол кездеги залим өкмөт башчысы Амин аны түрмөгө камаганда кыркка жакын бойго жеткен кыз: «Менин жигитимди бошотуңуз!», – деп, суранып келген деген уламыш бекеринен айтылбаса керек.

Ооган элинин улуттук сыймыгы катары 20-25 жашында тирүү легендага айланган Акмат Зайырдын өмүрү өлчөлүү болду. Бирок ал өзүнүн 33 жылдык кыска өмүрүндө миң жылга тете өмүр сүрдү десек эч жаңылышпайбыз.

Акмат Зайыр 1946-жылы, 14-июнда Кабул шаарында жарык дүйнөгө келет. АКШдагы Колумбия университетин аяктап, медицинанын доктору наамын алган атасы Абдул Зайыр падыша Зайыр Шахтын жеке дабагери болгон. Саламаттык сактоо министри кызматын аркалап, 1971–1972-жылдары премьер-министр кызматына чейин көтөрүлгөн.

Акмат Зайырдын музыкага болгон шыгы ошол мезгилде дөөлөттүүлөрдүн балдары гана билим алган Кабулдагы белгилүү «Хабибия» лицейинде (атасы да ушул окуу жайды бүтүргөн) окуп жатканда ойгонот. Аны урмат-сыйга бөлөп, түбөлүк атак-даңкка жол чапкан өзүнүн биринчи концертин да дал мына ушул лицейде берет. Акмат лицейди аяктаганда атасы өзүнүн жолун улантсын деген тилек менен уулун Индияга жиберет. Бирок жаш ырчы ал жакка барганда да музыка менен жашап, бүт ой-дүйнөсүн музыка ээлеп алат. Музыканын миң сырын, миң кырын үйрөнөт, түрдүү аспапта ойногонду өздөштүрөт.

Чыгыштын Булбулу, оогандык Элвис Пресли аталган Акмат Зайыр дари, пуштун, индия тилдеринде, атүгүл англис тилинде да ырдаган. Ал Хафиз, Саади, Бедил, Мевлана, Балхи, Халили, Лохути, Симин, Надирпур, Турсунзаде сыяктуу улуу фарсы акындарынын ырларына обон чыгарган. Ырларында Жаратканды, сүйүүнү, энени, өмүрдү, бакытты, даңазалап, кээде адам жан дүйнөсүнүн жалгыздыгы тууралуу муңканып обон созгон. Куштай эркин болгусу келип, караңгылыктын, наадандыктын айынан азап тартып келе жаткан ооган элинин азаттыгын самаган. Кийин анын түбүнө да ошол эркиндикти көксөгөнү жеткен.

Табиятынан кыз жандуу Акмат Зайыр Ооганстандын ошол кездеги премьер-министри, иш жүзүндө кадимки хан сыяктуу чексиз бийликке ээлик кылган Хафизулла Аминдин кызын жактырып калат. Өлкөнүн Революциялык Кеңешинин төрагасы Нур Мохаммад Таракини тумчуктуруп өлтүрткөн Хафизулла Амин жеткен канкор, ашынган диктатор эле.

Кызынын либералдык көз караштагы ырчы менен ынак болгонун уккан Амин Зайырды Кабулдун борбордук түрмөсү Пули-Чархиге камап салууну буюрат. Ал мезгилде аталган абактан тирүү чыккан жан болгон эмес.

Ошол 70-жылдары өлкөдө репрессия болуп көрбөгөндөй күч алып, миңдеген кишилерди сурак-сопкутсуз эле атып ташташкан. Зайырды да ушундай эле тагдыр күтүп жаткан, бирок диктатордун кызы аны бир өлүмдөн алып калды. Аминдин туугандарынын биринин тоюнда анын ары эрке, ары сулуу кызы конокторго Акмат Зайыр гана ырдап берсин, башкалардын кереги жок деп көгөрүп туруп алды.

Кызынын көңүлүн кыя албаган Амин Зайырды абактан алып келүүгө буйрук бергенге мажбур болду. Тойго келгендерге бир нече ыр ырдап бергенден кийин аны кайра түрмөгө алып жөнөштү. Бактыга жараша, ырчыны бу саам да абактан залимдин кызынын махабаты сактап калды. Эгер аны кайра камашса, мен чуу чыгарам деп эрке кыз көшөрдү. Ошентип, Акмат Зайыр эркиндикке чыгып, кийинчерээк бөлөк кызга үйлөнөт.

Өзүнүн 33 жылдык кыска өмүрүндө Акмат Зайыр 22 альбом жазганга үлгүргөн. Ал 1971-жылы Батыш өлкөлөрүндө таанымал болгон «Lylee» альбомуна кирген жана «Bimbo jet» француз диско тобу аткарган «El Bimbo» («Танхо шудам, танхо», кыргызчасы – «Жалгыз калдым, жалгыз) ырынын автору болуп эсептелет. Кийинчерээк аталган ырдын музыкалык версиясы (танго күүсү) «Полиция академиясы» тасмасында колдонулган.

1974-жылы, бир катар өлкөлөрдүн үн жазгыч студиялары «Bimbo jet» ансамблинин 7 дюмдук пластинкасын («El Bimbo» ырынын эки аткарылыштагы варианты менен) чыгарышканда, бул ырдын багы дагы да ачылды. Тилекке каршы, алар автор катары Акмат Зайырды эмес, «El Bimboну» кийинчерээк аткарган Клод Морганды көрсөтүшкөн. Ыр болуп көрбөгөндөй жолдуу болду: Франциянын чартында биринчи, Аргентинанын чартында экинчи, Британиянын синглдеринин чартында рейтинги боюнча онунчу орунду ээлеген. АКШ, Мексика, Бельгия, Швейцария сыяктуу өлкөлөрдө башкы хит болгон. Бир гана Франциянын өзүндө эле миллионго жакын көчүрмөсүн сатышкан, ал эми бүт дүйнө боюнча 3 миллиондон ашуун диски сатылган.

2003-жылы америкалык алдыңкы басылмалардын бири «Нью-Йорк Таймс» гезити Акмат Зайырды ооган Элвиси деп атаган. Газета: «… эч кандай музыкалык билими болбой туруп, ал аккордеондо, фортепианодо, органда жана гитарада ойногон. Ал 1960-1979-жылдары радиодо жаңырып турчу батыш музыкасын өзүнө сиңирген. Аспапта аткарган анын айрым ырлары «Beatles» тобун же суунун шоокумунун эске салат. Ал согушка чейинки, аялдар көйнөктөрүнүн кездемесин «Акмат Зайырдын чачы» деп атаган бейпил Ооганстанды эстетет», – деп жазат.

1979-жылы 14-июнда Акмат Зайыр өзүнүн туулган күнүндө достору менен машинеде Саланг ашуусунда баратканда аварияга учураган. Кызыгы, аны менен чогуу бараткан Махбубулло Махбуб деген ырчы ашынасы да, бөлөк теңтуштары да аман калган. Жалгыз гана Акмат Зайыр каза болгон. Анын жанчылган денесин текшерген дабагерлер башында ок көзөп өткөндөй тешик бар экенин көрүшкөн. Бирок бийликтин каарынан коркуп, унчуга алышкан эмес.

Тилекке каршы, ооган элинин сүйүктүү ырчысы киши колдуу болгондугу анык болчу. Кызынын Акмат Зайыр менен көңүлү жакын экенине жаалы кайнаган Хафизулла Амин ырчыны атайын өлтүрткөн. Талун, Аминдин ишенген кишиси жана желдети, учурунда премьер-министр Таракини жаздык менен муунтуп өлтүргөн канкор Акматтын да түбүнө жеткен.

Ооган элинин сыймыктуу уулу, Ооганстандын атын дүйнөгө тааныткан атактуу ырчы, обончу, эркиндиктин символу аталган Акмат Зайырдын сөөгү Кабулдагы эски мүрзөлөрдүн бири «Шахид-а Солихинге» коюлган. Арадан жарым кылымга жакын мезгил өтсө да ырчынын бейитине гүл коюп, анын арбагына арнап куран окуу үчүн келгендердин аягы тыйылбайт.

РИА Новости агенттигинин маалыматына ылайык, Акмат Зайырдын улуу эжеси Зайыра учурда Америкада жашайт. Убагында ал Ак үйдө чач тарач болуп иштептир. Ырчынын аялы менен уулу да АКШда турушат.

Чыгыштын кеменгер акындарынын бири Хафиз Ширази: «Сүйүүнү туу туткандар түбөлүктүү, Мен дагы орун алдым өлбөстүктөн», – деген экен. Анын сыңарындай, байлыгына, бийлигине чиренгендердин баары өтөт-кетет, аты-жыты тез эле унутулат, ал эми сүйүүнү даңазалап, сүйүп жашаган, адам рухунун улуулугун даңктаган Акмат Зайыр өңдүү залкар инсандардын ысымы түбөлүк жашай берет.

P.S. Бул блогду даярдоодо Акмат Зайырдын чыгармачылыгы, өмүр таржымалы менен жакшы тааныш тажик журналисти Саидали Сиддиктин Интернеттеги маалыматтары пайдаланылды.

Аким Кожоев, жазуучу

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG