Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 07:49

Караваджо – канкор гений


"Нарцисс". Микеланджело Меризи да Караваджо.

Талант менен адамгерчилик, жараткан тарабынан берилген өзгөчө шык менен кишилик касиет дайым эле шайкеш келе бербейт тура. Атүгүл кээде адам канчалык таланттуу болсо, ошончолук кырс, катаал дагы болот экен.

Атак-даңкы таш жарып, тарыхта аты алтын тамга менен жазылган инсандардын арасында да жеткен кара мүртөз, өзүмчүл, текеберлери көп болгон.

Англиялык белгилүү жазуучу Уильям Сомерсет Моэмдин "Ай жана сокур тыйын" романынын башкы каарманы Чарльз Стрикленд жашы кыркка таяп калганда үй-бүлөсүнөн кечип, буга чейинки тапкан-туткан бар дүйнөсүнө кол шилтеп үйдөн чыгып кетет. Анын мындай кескин кадамга барышына өзүндөгү сүрөтчүлүк өнөрдүн капысынан ойгонушу түрткү болот.

Жемиш көтөргөн бала. Микеланджело Меризи да Караваджо.
Жемиш көтөргөн бала. Микеланджело Меризи да Караваджо.

Ырас, ал бул жаатта чоң ийгиликтерге жетишет, бирок ошол эле учурда ташбоор, адамгерчилик деген эмне экенин такыр унуткан мерез адамга айланат. Изилдөөчүлөр Сомерсет Моэмдин аталган романындагы сүрөтчүнүн прототиби Поль Гоген болгон деп божомолдошот.

Бүгүн да көпчүлүк аңдап-түшүнө бербеген өзүнүн сюрреалисттик чыгармалары аркылуу дүйнөлүк маданиятка Поль Гогенден кем эмес салым кошкон дагы бир чыгаан сүрөткер Сальвадор Дали өзүн куткаруучуга (пайгамбарга), ал эми өмүр шериги, музасы Галаны Ыйык Марияга теңегени таң калтырбай койбойт. Ошол эле учурда адамзаттын тарыхындагы эң канкор падыша Гитлердин тулку-боюна кадимкидей "ышкысы түшкөнү" кимдин болбосун көңүлүн жипкиртет. Испаниянын диктатору Франконун үй-бүлөсүнө мыкты картиналарын тартуулап, анын кандуу бийлигине кызмат кылышы, б.а. ага көшөкөрлөнгөнү эч акылга сыйбай турган жорук.

Мен бүгүн кеп кылайын деп жаткан дагы бир көрүнүктүү сүрөтчү, живопись өнөрүндө зор бурулуш жасаган Микеланджело Меризи да Караваджонун ысымы тарыхта атактуу картиналары аркылуу гана эмес, канча адамдын канына забын болгон канкор жорук-жосуну менен да калган. Табиятынан ашкере чырчыл, жаңжалкеч, орой, беттегенин бербеген Караваджонун түбүнө ошол катаал мүнөзү жеткен ал болгону отуз жети жыл жашаган.

Караваджо беш жашка толгондо, атасы менен чоң атасы чума илдетинен каза болот. Үй-бүлөнүн баардык түйшүгү жалгыз апасынын моюнуна жүктөлөт. Аны бир жактан көрүнгөн менен мушташып, тынчтык бербеген тун уулу көп ташпишке салат. Болочоктогу улуу сүрөтчү он үч жашында тавернада (аракканада) мушташып, тартип сакчыларынын колуна түшөт. Жеткен бейбаш баласынын бир айласын табуу максатында энеси аны Миланга, ошол кездеги таанымал сүрөтчү Симено Петерцаного шакирттикке жиберет.

Петерцанонун өнөрканасында Караваджо өжөрлүгүн көрсөтүп, сүрөт тартуунун көп сырларын үйрөнөт. Бир эле учурда өзүнүн дене боюн да чыйралтып, кылыч чабышууну (фехтованиени) мыкты өздөштүрөт. Анын аракечтиги, түндөсү күмөндүү жерлерге көп барып, тез-тез мушташып турган адаты калбайт. 1590-жылы аны аз да болсо тизгиндеп жүргөн энеси көз жумат. Эми ал колу-жолу бош, акчалуу да болот. Ошол себептүү зөөкүрдүгү мурдагыдан да күчөйт. Мастыктын айынан чыккан мушташтардын биринде ал бир кишини өлтүрүп коюп, жазадан кутулуу үчүн Римди көздөй качып жөнөйт.

Тубаса талант, дээринен шыктуу Караваджо илим-билимдин, маданияттын ордосу Римде тез эле таанылып, оозго алына баштайт. Анын өнөрүн жогору баалаган дөөлөттүү адамдардын бири аны үйүнө чакырып, чыгармачылыгы үчүн толук шарт түзүп берет. Бирок мурдагыдай эле Римде да уруш-жаңжалдан, чырдан такыр башы чыкпайт. Бир күнү мелдеште ал ак сөөк, сылаңкороз Рануччо Томассониге беш эскудо уттуруп коёт. Караваджо жеңилгенди жактырчу эмес. Ошондуктан Томассониге тийишип, кордогон сөздөрдү айтып жаңжал чыгарат да, аны өлөсө жарадар кылат.

Эгерде жөнөкөй бирөө набыт болгондо, балким бул каргашаны тез эле жайгарып, сүрөтчүнүн тынчын алышпайт эле. Бирок Томассони өтө таасирдүү үй-бүлөдөн болгондуктан, Караваджо тууралуу дароо «мыйзамдан сырткары» (б.а. аны каалаган адам өлтүрсө боло берет) деп жар салынат. Римдин баардык көчөлөрүнө баракчалар илинип, анын башына ири көлөмдөгү акча сайылганы жазылат.

Караваджо тааныш-билиштеринин жардамында алгач Неаполго, кийин Мальтага качып кетет. Мына ушул жерде анын турмушунда дагы бир чоң бурулуш болот. Ал «Иоанн Чокундургучтун башын алуу» аттуу өмүрүндөгү эң улуу чыгармаларынын бирин жаратат. Ушул чыгарманын шарапаты менен ал мальталык ордерге рыцарлыкка кабыл алынып, кара кийим кийинет. Буга карабастан ага карата чыккан өкүм күчүндө кала берет.

«Менин оюмча, бул картина – искусствонун андан аркы өнүгүшүн аныктаган өзгөчө картиналардын бири. Мында баары: композиция дагы, фигуралардын жайгашышы дагы, жарык дагы мааниге ээ. Сиз бул картинаны көргөндө дароо качып кеткиңиз келет, анткени мындагы бүт чындык, болуп жаткан нерсенин баары акыл-эсиңизди аң-таң калтырат. Ырас, мындайды буга чейин эч ким жарата элек эле», дейт орусиялык маданият таануучу Николай Жаринов.

Рыцарлыкка өткөнүн жууш үчүн достору менен ичип, түн бир оокумга чейин ырдап-бийлеп чардашат. Элдин тынчын алып көчөдө бакырып кыйкырып жүрүшөт. Ошондо уйкусу бузулгандыгы үчүн катуу ачуусу келген картаң рыцарлардын бири жогорку кабаттан Караваджонун башына жугунду куюп жиберет. А мындайды күтпөгөн сүрөтчү жаалы кайнап, дароо рыцардын үйүнө жетип барып, аны бычактап салат. Ошентип, ал кайрадан түрмөгө түшөт. Бирок жакын санаалаштарынын жардамында бул ирет да жазадан кутулат. Достору аны Неаполго качырат. Эми анын артынан Ватикан эле эмес, мальталыктар да түшөт. Жалданма баш кесерлер аңдып жүрүп, акыры аны Неаполдо колго түшүрүшөт. Караваджону катуу сабашат. Бирок багы бар экен, сүрөтчү аман калат.

Микеланджело Меризи да Караваджонун автопортрети.
Микеланджело Меризи да Караваджонун автопортрети.

Неаполдо ал Рим папасынын ырайымын алыш үчүн диний темада бир нече картина («Ыйык Урсуланын азабы», «Иоанн Чокундургучтун башын кармап турган Саломея») жаратат. Ал төрт жылдан кийин кыялданып жүргөн шаары Римге кайтат, тилекке каршы, жолдо безгек илдетинен каза табат.

Ошентип, кийинчерээк «караваджизм» деп аталган живопистеги реалисттик багыттын негиздөөчүсү, италиялык атактуу сүрөтчү Микеланджело Меризи да Караваджонун тагдырынын ушундай кайгылуу аякташына өзүнүн ашкере чуулгандуу жүрүм-туруму себепчи болгон экен.

Аким Кожоев

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG