Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:00

"Паралимпиадачылар көңүл сыртында калбаса"


Токио-2020 Паралимпиадасынын ачылыш аземи. 24-август, 2021-ж.

24-августта Жапониянын Токио шаарында XVI Паралимпиада оюндары башталды. Ага 162 өлкөдөн 4400дөн ашуун спортчу катышып, спорттун 22 түрүнөн күч сынашат.

Оюндардын ачылыш аземинде Кыргызстандын желегин жеңил атлетчи Арстанбек Базаркулов көтөрүп чыкты. Бул мелдешке Базаркуловдон сырткары дзюдочу Хайитхон Хусан кызы да катышат. Алар 20-августта Токио шаарына барышкан.

Кыргыз улуттук Паралимпиадалык комитеттин башкы катчысы Саламат Бекбоевдун “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, спортчуларды коштоп машыктыруучулар Алмазбек Абиров, Канат Имьянов, Кыргызстандын улуттук паралимпиада комитетинин президенти Бакыт Исаков жана котормочу Кундуз Абирова Токиодо жүрүшөт.

Хайитхон Хусан кызы 28-августта дзюдо боюнча 57 килограмм салмакта күч сынашса, Арстанбек Базаркулов 4-5-сентябрда ядро жана найза ыргытуудан таймашка чыгат.

Арстанбек Базаркулов ушуну менен экинчи жолу паралимпиадалык оюндарга катышууда. Ал 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн Паралимпиада оюндарында ядро ыргытууда 9-орунду ээлеген. Быйыл май айында нормативди толтуруп, Паралимпиада оюндарына жолдомо алган. Бир нече эл аралык мелдештердин байгелеринин ээси. Жакында эле Түркияда өткөн эл аралык мелдеште ядро жана найза ыргытуу боюнча мелдеште алтын жана коло байгенин ээси болуп кайтты.

Хайитхон Хусан кызы алгачкы жолу Паралимпиадага катышууда. Ал эл аралык Паралимпиада комитетинин квотасы менен дзюдо боюнча мелдештерге катышууга укук алган. Оюндар 5-сентябрга чейин уланат.

Улуттук паралимпиада командасы Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун кабыл алуусунда. 17-август, 2021-ж. Бишкек.
Улуттук паралимпиада командасы Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун кабыл алуусунда. 17-август, 2021-ж. Бишкек.

Параспортчулардын мелдешке даярдыгы жана спорттун бул түрүнө түзүлгөн шарттар тууралуу Кыргыз улуттук паралимпиадалык комитетинин башкы катчысы Саламат Бекбоев маектештик.

- Кыргызстандык паралимпиадачылар кандай даярдыкта кетти? Канча киши аларды коштоп жүрөт?

- Делегацияда жалпы алты адам бар. Спортчулардан сырткары эки машыктыруучу - жеңил атлет Арстанбек Базаркуловдун машыктыруучусу Алмаз Абиров, Хайитхон Хусан кызынын машыктыруучусу Канат Имьянов, Кыргыз улуттук парлимпиада комитетинин президенти Бакыт Исаков жана Токио Паралимпиадасынын уюштуруучу комитетинин талабы боюнча ковид-офицер, котормочу Кундуз Абирова жөнөп кеткен.

Токио Паралимпиадасынын ачылыш аземине даярдык. 24-август, 2021-ж.
Токио Паралимпиадасынын ачылыш аземине даярдык. 24-август, 2021-ж.

Машыгуу жагынан абдан жакшы даярданышты. Кудай буюрса, ийгилик күтүп отурабыз. ПЧР-тестти жети күн удаа тапшырышты. Өкмөт жактан беш кишинин билетин төлөп берди. Биздин комитеттин президенти өз каражатына кетти. Президентибиздин билети эле 210 миң сомго чыгып кетти. Ар жактан карызга акча чогултуп, өзүн-өзү каржылап учуп кетти. Негизи дүйнө жүзү боюнча ушундай, дарыгерлер коштош керек. Кыргызстанда дарыгер коштогон жок. Өкмөт тараптан алар менен чогуу барып келген эч ким болгон жок.

- Эмне үчүн мындай абал болуп калды? Бул тууралуу өкмөттүн маалыматы барбы?

- Бул тууралуу маалымат тиешелүү органдарга жылдын башында эле берилген. Негизи бул жумуш былтыр эле башталган да. Коронавируска байланыштуу Паралимпиада дагы, Олимпиада оюндары дагы өтпөй калбады беле. Даярдык былтыр эле башталган. Аны тиешелүү органдар деле билчү. Канча спортчу лицензия алары эле белгисиз болчу. Атлеттерден ким барары быйыл эле билинди. Токиодогу Олипиадага өкмөт тараптан коштоп барып келди. Өкмөттөн да, мамлекеттик агенттиктен да болду. Колдогону да болду. Ал эми паралимпиадачыларды колдогону да, өкмөттөн да, мамлекеттик агенттиктен да жок.

15-июлда эле мамлекеттик агенттиктен (Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги) буйрук чыккан. Параспортту спорттун олимпиадалык эмес дирекциясына кошуп койгон. Ошол буйруктун негизинде параддык форма, экипировка берип, окуу-машыгууларды уюштуруу керек болчу. Анын бир да эч нерсеси жасалган жок.

Болгону беш кишинин жол киресин, анан ПЧР-тесттеринин акчасын төлөп беришти. ПЧР- тесттерди да өздөрү барып, өздөрү тапшырып жатышты. Өкмөт тараптан ошол эле колдоо болду. Анан форма боюнча айтсак, параддык форма берген жок. Олимпиадачыларга 95 миң сомдон тиктирип беришти эле, буларга эч нерсе берилген жок. Айласы кеткенде мамлекеттик агенттик эртең-бүрсүгүнү учабыз деп жатканда, 13-августта Bigser компаниясы менен сүйлөшүүнүн негизинде, параддык формаңар да, бардык формаңар да ушул деп бир комплект форма беришти. Ал дагы атайын Паралимпиадага ылайыкталып тигилген эмес. Олипиадага да ылайыктуу форма эмес болчу. Дүкөндөгү бар нерсени эле берип коюшту.

- Ушул абал спортчулардын маанайына таасирин тийгизген жокпу?

- Албетте, таасирин тийгизет да. Колдоо жок болсо, өкмөт өзү колдобосо сөзсүз таасирин тийгизет да.

- Июль айында Бишкекке Азиялык Паралимпиада комитетинин президенти Мажид Абдулла Рашед аль Усайми келип кетти эле. Кыргызстанга келген максаты кандай эле жана бийлик өкүлдөрү менен жолугууда кандай маселелерди талкуулап кетти?

- Ал Кыргызстанда түзүлгөн эки паралимпиадалык комитеттин чыры боюнча жана параспортко кыргыз өкмөтүнүн көз карашы кандай экенин билейин деп келди. Буга чейин Кыргызстанда эки Паралимпиада комитети бар деп чыр болуп келген. Ал тууралуу сиздер да билсеңиздер керек. 2016-жылы Социалдык өнүгүү министрлигинде дагы бир паралимпиадалык комитет түзүлгөн да. Ал кезде биз аталган министрлик менен долбоорлор менен иштешип жүргөнбүз. Биздин комитет Эгемендик алган жылдары эле 1994-жылы негизделген.

2014-жылы чыккан өкмөттүн, Жогорку Кеңештин токтому бар. Ал токтом боюнча иштей турган болсок, өкмөт бизге кеңсе берип, штаттын айлыгын төлөш керек болчу. Параспорт боюнча мыйзам жазылыш керек болчу. Ошол мыйзам жазылган. Мыйзам жазылып жатканда биздин балдар демилгечи, жумушчу топко киришкен. Биздин бюджет үч деңгээлдүү бюджет болуп жатпайбы. Ошол кезде мамлекеттик агенттикке 500 млн. сом бөлүнчү. Ошол 500 млн. сомдун 3% акчасын паралимпиадалык спортту өнүктүрүүгө жумшалсын деп жазганбыз. Ал мыйзамда андан сырткары Эл аралык паралимпиадалык комитет тааныган коомдук уюм гана мамлекеттик агенттик менен иштешет деген жобо бар. Ошол жылы Бразилияда Параоюндар болуп калды. Баарыбыз кетип калганда мыйзамга өзгөртүү-толуктоолорду киргизип, “Улуттук паралимпиадалык комитет” деп жазып коюшкан. 2016-жылы өздөрү комитет түзүп алышып, ошол комитеттин кызыкчылыгын көздөп эле биздин спортту такыр колдобой коюшкан. Анын жыйынтыгы параоюндарга кетип жатканда же ырыстуу форма берген жок, дарыгер же өкмөттөн бирөө коштоп барган жок.

Азиялык Паралимпиада комитетинин президенти Мажид Абдулла Рашед аль-Усайми Улукбек Мариповдун кабыл алуусунда. 5-июль, 2021-ж.
Азиялык Паралимпиада комитетинин президенти Мажид Абдулла Рашед аль-Усайми Улукбек Мариповдун кабыл алуусунда. 5-июль, 2021-ж.

Мажид мырза Бишкекке келгенде Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов менен жолукту. Бишкекке сапардын жыйынтыгында дзюдочуларды өзүнүн эсебинен 10 күндүк өргүүгө чакырды. Андан сырткары Канттагы спорт мектебине каржылык колдоо көрсөтөрүн айтты. Аталган мектепте Токиого кеткен жеңил атлет Арстанбек Базаркуловдун машыктыруучусу, Канттагы спорт мектебинин директору Алмаз Абиров мүмкүнчүлүгү чектелгендерге ылайыктап, эшиктерин кеңейтип, жакшылап машыгууга шарт түзүп койгон. Жогоруда айтып өткөн 2014-жылы жазылган мыйзамда ар бир спорт мектебинде мүмкүнчүлүгү чектелгендердин машыгуусу үчүн шарт түзүү жагы да жазылган.

- Учурда спорттун паралимпиадалык түрлөрүнө өкмөттүн мамилеси кандай?

- Билбейм эми. Жаңы киши келди, жаңы өкүл менен кызматташуубуз кандай болоорун көрөбүз го. Буга чейин параспорт эч жакка жылган эмес. Болгону оор атлетика тармагын (пауэрлифтинг) эле өнүктүрүп туруп алышты. Дагы жакшы айрым демөөрчүлөр бар экен. Ошолордун колдоосу менен кээ бир спорт өнүгүп жатат. Мисалы, паратриатлон деп Чыңгыз Алканов өз эсебинен каражат бөлүп, балдарды машыктырып жүрөт.

"Эки уюм менен тең иштешип жатабыз"

Кыргыз улуттук Паралимпиадалык комитеттин башкы катчысы Саламат Бекбоевдун айткандарына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы спорттун Олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Жаныбек Бейшекеев төмөнкүдөй жооп берди.

- Биринчиден, паралимпиадачылар бизден үч түрдүү форма алышты. Биринчи параддык форманы Bigser компаниясы берди. Мамлекеттик агенттиктин атынан Joma фирмасынан эки түрлүү экипировка, асты-үстү менен спорттук күрмө, бут кийим, футболка, кепкасына чейин толук алып бердик. Ошону менен үч түрдүү форма берилди. Экинчиден, беш паралимпиадачыга барып келгенине мамлекеттик агенттик тарабынан учакка билет алып бердик. Үчүнчүдөн, бир жума ПЧР-тест бул жактан, бир жума ПЧР-тест Токиодон тапшырмак. Толугу менен камсыз кылып бердик. Төртүнчүдөн, окуу-машыгуу жыйындарына толугу менен өз убагында барып, жакшы маанайда келишти. Машыгуулардан Ысык-Көлдөн, Чолпон-Ата шаарынан өтүштү. Буга чейин дүйнө чемпионаты, тандоо мелдештерине көлдө машыгып жүрүшкөн. Ошонун даярдыгы менен Паралимпиадага лицензия утуп алышты.

Кыргыз улуттук паралимпиадалык комитеттен берилген сунуштун негизинде беш кишиге учакка билет алып бердик. Эки спортчу лицензия алгандыктан, аларга билет алынат. Ага кошуп машыктыруучуларына да билет алынды. Паралимпиадалык комитеттин жобосунда делегацияга бир ковид-офицер кошулуш керек экен. Ал өкүл мамлекеттик агенттик тараптан же улуттук паралимпиадалык комитет тараптан болуш керек эле. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан кошулуш керек болчу. Бирок, Кыргыз улуттук паралимпиадалык комитети ал өкүл (ред. Кундуз Абирова) көптөн бери биз менен иштейт, азыркы учурда Токио менен түздөн-түз байланышка чыгып жатат, биз ал тууралуу маалыматты берип койгонбуз дегенине карап, ал кызды биз жибердик.

- Өкмөт, агенттик тараптан өкүл кошулбаганы ушул себептенби?

- Негизи, агенттик тараптан өкүл кошулса деле болот эле. Бирок, ковид-офицер катары ал кыз бараткандыктан биз барган жокпуз. Анткени, жобосунда так жазылып турат. Ал кыз жети күн бою ПЧР-тесттин тапшырылышын, Токиого барганда үч күндүк карантин режиминин сакталышын көзөмөлдөп, жыйынтыгын паралимпиадалык айылга жөнөтүп турат экен. Паралимпиадалык комитет сунуш кылгандыктан биз ал кызды жибердик. Парапалимпиадалык комитеттин өзүндө дарыгер, диетолог бар болсо, алардын тизмесин бизге жиберсе биз карап туруп жибермекпиз.

- Демек, алар сунуш айткан эмес.

- Алар биринчиден сунуш кылган жок. Экинчиден, Паралимпиада комитетинен чакыруу берилет. Ошонун баарын бизге талаптагыдай жибериш керек болчу, дарыгер керек экен же башка адистер дегендей. Бирок ошол жободо англис тилин билген ковид-офицер команданы коштоп жүрүшү керек деп жазылып турат. Анан паралимпиадалык айылда дарыгерлер бар. Эгер муктаждык жаралса, ковид-офицер дарыгерлерге алып барып, биздин спортчуларга которуп берет деген сунуш болгон.

Токио-2020 Паралимпиада оюндарынын ачылыш аземи. 24-август, 2021-ж.
Токио-2020 Паралимпиада оюндарынын ачылыш аземи. 24-август, 2021-ж.

- Паралимпиадачылар байге алган учурда аларга кандай акчалай сыйлык берилет?

- Айырмасы жок. Олимпиадачыларга кандай сыйлык каралса паралимпиадачылар да ошондой алат. Ээлеген орунуна жараша коюлган акчалай сыйлыкты алат. (ред. алтын медал уткан спортчуга 10 миллион сом (118 миң доллар), күмүш алгандарга жети (82 миң доллар), ал эми коло байге алгандарга беш миллион сом (58 миң доллар) сый акы берилет).

Бул жакта көп жумушту паралимпиадалык комитет кылыш керек. Бул жакта паралимпиадалык комитет кылган сунуш менен биз аткарган иш болуп жатат. Эгер паралимпиадалык комитет өз убагында, бир жыл мурун дарыгерлерди сураса, дагы бир кошумча адамдарды кошуп бергиле деп сунуш киргизсе, ошого жараша календарлык планга киргизип, ошону менен иштеп чыгып бермекпиз.

- Бюджет да ошого жараша каралмак да...

- Бюджетти да ошого жараша карап бермекпиз. Бизде жободо федерациянын президенти, Паралимпиада комитетинин жетекчиси мамлекеттин эсебинен бир дагы мелдешке бара албайт деп жазылып турат. Анан федерациянын президенти ошол федерациянын башкы машыктыруучусу боло албайт. Ошондой мыйзам бар. Алтынчы кишиге, комитеттин президентине билет алып бербей койсок, ошондон улам бизге жазып жатышат. Биздин жободо “Федерациянын, улуттук комитеттин президентин мамлекет каржылабайт” деп так жазылып турат. Ал эми спортчулардын машыгуусун, жол киресин каржылап, форма менен камсыз кылдык. Аэропорттон VIP-залдан талаптагыдай, кезек күттүрбөй, көпчүлүккө аралаштырбай учуруп ийдик. Чемодандарын Олимпиада спортчуларындай эле алып бердик.

- Паралимпиадачыларга түзүлгөн шарт кандай? Алар эл аралык мелдештерге тоскоолдуксуз катыша алабы?

- Жобо боюнча алар (ред. паралимпиадалык комитет, федерациялар) бир жылдык планын алып келип беришет. Бир жылда канча мелдеш, кайсы өлкөдө болот деп. Ошого жараша биз тактап, түздөп, теңдеп туруп бекитип, календарлык планга киргизебиз. Бизде бир эле паралимпиадачылар эмес бардык эле олимпиадачылар да, спорттун улуттук түрлөрү дагы ушул система менен иштейт. Эгер бир жерде окуу-машыгуу же дүйнө чемпионатына баруу каралбай калса демек, паралимпиадалык комитет бизге сунуштаган эмес да. Бизде бекитилип, календарлык планга кирген бардык мелдештер окуу-машыгуу менен кошо, форма менен камсыздалып кете берет.

- Каржы тартыштыгынан улам спортчулардын мелдештерге барбай клаган учурлары болобу?

- Жок, жок. Андай болбойт. Бардык спортто эле каржы тартыштыгы болот. Бирок, календарлык планга кирсе ал кандай болбосун аткарылат. Календарлык планга кирбей калган мелдеш болсо, федерация өз эсебинен каржылап, спортчуларды алып барып келиш керек. Планга киргизүү мелдештин деңгээлине жараша болот. Дүйнө чемпионаты, Азия чемпионаты, Европанын ачык кубогу өңдүү мелдештерге артыкчылык берилет.

- Кыргызстанда паралимпиадалык эки комитет бар эмеспи. Мамлекеттик агенттик кайсы уюм менен тыгыз иштешет?

Менин бул кызматта иштеп жатканыма алты ай болду. Ошол убакыт аралыгында эки комитеттин өкүлдөрү бизге келип жатышат. Эки уюм менен тең иштешип жатабыз.

Паралимпиаданын таржымалы

Немис дарыгери Людвиг Гуттман 1939-жылы Германиядан Лондонго келип, Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлеринин омурткасын, жүлүнүн дарылоо менен чоң ачылыш жасаган. Аларга терапия жүргүзүү учурунда спорттук көнүгүүлөрдү жасатып, араңжан ардагерлерди акырындык менен спортко түрткөн. Ал аракет оорукчан кишилердин азабын, кыйынчылыгын жеңилдетүүгө, өзүнүн булчуңдарын иштетүү, физикалык алсыздыгы менен күрөшүүгө багытталган.

Майыптыгы бар кишилер өздөрүн алсыз, керексиз сезбеши үчүн алардын алдына максат коюп, күрөшүп, кыйынчылыктарга чакырык таштап, бой урууга, аны жеңип чыгууга шыктандырган. Алгачкы спорттук мелдеш 1948-жылы өтүп, ар кайсыл госпиталдардагы согуш ардагерлери жана майыптыгы бар кишилер катышкан. Алгач баскетбол, найза ыргытуу боюнча мелдештер өткөн. Ошондон тарта мелдеш жыл сайын өтө баштап, ал Stoke Mandeville Games (аскер госпиталынын аталышы) деп аталып, өзүнчө уюм катары таанылган. 1960-жылы Stoke Mandeville Games мелдеши Римде өткөн Олимпиада оюндары менен удаа уюштурулган.

1984-жылкы Эл аралык Олимпиада комитетинин чечими менен расмий түрдө биринчи жолку Паралимпиада оюндары деп таанылган. Ушул окуядан төрт жыл өткөндөн кийин майып спортчулардын Эл аралык спорттук уюму түзүлүп, ага 16 өлкө мүчө болуп кирген.

1964-жылы Жапониянын башкалаасы Токиодо паралимпиадалык оюндары расмий түрдө өткөрүлүп, эн белгиси пайда болгон. 1976-жылдан тарта кышкы жана жайкы оюндар өтүп келе жатат.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG