Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:39

Паралимпиада спортун колдоо мыйзамына кол коюлду


Машыгуу залы.
Машыгуу залы.

Президент Алмазбек Атамбаев “Паралимпиада спорту тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул жөнүндө өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Мыйзам майыптар спортун өнүктүрүү жана кам көрүү максатын көздөйт. Ага ылайык, паралимпиадалык спорт түрлөрүнө жергиликтүү жана борбордук бийлик органдары тарабынан колдоо көрсөтүү жана бул спорт түрү боюнча улуттук курама команданын Паралимпиадалык, Азия оюндары сыяктуу мелдештерге катышуусун каржылоо каралган.

Кыргызстанда паралимпиадалык спорт түрүнө жетиштүү деңгээлде көңүл бурулбай жатканы айтылып келет. Былтыр Бразилияда өткөн паралимпиадалык оюндарга Кыргызстандан үч спортчу катышкан.(BkA)

XS
SM
MD
LG