Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 16:25

Украина: чыңалган кырдаалдагы Эгемендик майрамы


Эгемендүүлүк күнү. Киев, 24-август.

Украина көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын Орусия менен мамилеси чыңалган шартта белгилеп жатат. Мааракеге арналып шейшембиде Киевдеги Крещатик жана Эгемендик майданында ири аскердик парад өттү.

Владимир Зеленский президент болуп шайлангандан бери биринчи жолу Украинанын эгемендүүлүк күнүнө карата азыркыдай ири аскердик парад өткөрдү.

Танктар, БТРлер, ракеталар жана абадан коргонуу дивизияларынын беш миңге жакын аскери Киевдин борбордук көчөсүндө параддан өтүштү. Ошондой эле Одессанын Кара деңиз портунда украин деңиз флотунун майрамдык парады да болду.

Президент Зеленский Майдан аянтына келген миңдеген адамдардын алдында сүйлөп жатып, Украина "дымактуу кыялданган жана чечкиндүү аракет кылган өлкө" экенине басым жасады.

"Мындай өлкө мүмкүнчүлүктөрү кеңейген НАТОнун өнөктөшү боло алат. Евробиримдикке кирүү үчүн башка тараптардан да колдоого алынат. Бирок биздин өлкөнүн чакыруу күтүүгө муктаждыгы жок, башкалар аны чакырышат", - деди Зеленский.

Бул маараке 2014-жылы Орусия Крым жарым аралын аннексиялап алгандан бери Украинанын чыгышындагы козголоңчуларды колдоп келе жаткан Кремль менен болгон тирешүүнүн тушунда өтүп жатат.

Жыл башында 2008-жылы НАТОго кошулуу үчүн арыз берген Украина, аскердик альянстан өлкөнүн мүчөлүгүн тездетүүнү суранып, бул орусиячыл жикчилдер менен күрөштү токтотуунун бирден-бир жолу экенин айткан.

Майдан аянтындагы маареке.
Майдан аянтындагы маареке.

Анткен менен АКШ президенти Жо Байден Киев НАТОго мүчө болушу үчүн коррупциянын тамырын кыркуу сыяктуу бир топ талаптарды аткарышы керек экенин айтып келет.

Ал эми НАТОго мүчө өлкөлөр Москва менен чыңалууну күчөтүүдөн чочулап, Орусия менен чечилбеген чыр-чатактын айынан Украинаны кабыл алууга ашыгышпайт.

Ошондой эле, былтыр НАТОго мүчө Венгрия менен Украинанын ортосунда дипломатиялык чыр чыккан. Будапешт андан бери Киевди 150 миңдей венгр улутундагы украин жарандарынын эне тилинде билим алуу жаатындагы укуктарын чектөөдө деп айыптап келет. Украина болсо мындай дооматтарды четке кагат.

Коллаж. Украинанын картасы, НАТОнун желеги, аскердик техника, Владимир Путин.
Коллаж. Украинанын картасы, НАТОнун желеги, аскердик техника, Владимир Путин.

Орусия 2014-жылы Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап, андан бери Украинанын чыгышындагы жикчил күчтөргө колдоо көрсөтүп келет. Бул аймакта өкмөттүк күчтөр менен жикчил топтордун куралдуу кагылышууларынан жети жыл ичинде 13 миңден ашуун адам мерт болду.

Ошол жылдары крымдык режиссер Олег Сенцов жарым аралды Орусия аннексиялап алганына каршы чыккан. 2014-жылы Москва аны террорчу деп айыптап, 20 жылга соттогон эле. Ал 2019-жылы Украина менен Орусиянын туткун алмашуу жараянынын алкагында орус түрмөсүнөн бошоп, Украинага келген.

Сенцов 30 жылдан бери украиналыктар акыры кимдин дос, кимдин душман экенине көзү жеткенин айтат.

"Орусия бизге дос эмес. Биз Европага карай жол алышыбыз керек. Экинчиден, биз өзүбүздөн башка эч кимге ишенбеш керектигин билдик. Маселелерибизди өзүбүздөн башка эч ким чече албайт. Биз 1991-жылы эле Польшадай болуп Европанын аркасынан кетип, Орусия менен алакабызды толугу менен токтотсок болмок. Ушуну түшүнүүгө 20 жыл короттук", - деди Сенцов.

Олес Доний.
Олес Доний.

Ал эми Саясий баалуулуктарды изилдөө борборунун башчысы жана украин парламентинин мурдагы депутаты Олес Доний Украина 30 жылдын ичинде кандай катачылыктарга туш болгонун "Настоящее время" телеканалына курган маегинде айтып берген.

"Азырынча Украина идеологиялык өнүгүү жагынан Европанын өнүккөн өлкөлөрүнөн артта калды. Качан биз бул маселени чечкенде гана биз украиндер үчүн ыңгайлуу мамлекет кура алабыз. Бул көйгөй чечилмейинче Украинанын башаламандыгы улана берет. Орусиянын агрессиясы Украинадагы көйгөйлөрдүн бири гана, алар эртеби-кечпи бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун аракети менен чечилет. Анткени, Орусия учурда Украинага гана эмес, бүткүл дүйнөгө коркунуч туудуруп жатат", - деди Доний.

Коллаж, аннексияланган Крым.
Коллаж, аннексияланган Крым.

Ал ортодо Киевде Украинанын эгемендигинин 30 жылдыгын утурлай дүйшөмбүдө мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн сактоого арналган “Крым платформасы” эл аралык форуму башталды.

Украинадан сырткары бул эл аралык конференцияга АКШ, Евробиримдик, Улуу Британия, Грузия, Түркия, Австралия, Жаңы Зеландия, Жапония жана Канада баш болгон 45 мамлекеттен өкмөттүк делегациялар келди. Алардын арасында тогуз президент, төрт премьер-министр, 14 тышкы иштер министри жана ондогон мамлекеттин элчилери бар.

Эл аралык форумда Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралынын гуманитардык жана коопсуздук маселелери боюнча негизги көйгөйлөдүн айланасында кызуу талкуу жүрдү. Ал эми Орусия саммиттин өтүшүнө каршылыгын билдирген.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG