Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:49

Дашков камакка кайтты, абак жетекчилери кызматтан четтеди


Василий Дашков.
Василий Дашков.

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын экс-директору Василий Дашков ооруканадан кайра атайын кызматтын тергөө кызматынын абагына которулду. Ага байланыштуу тергөө абагынын жетекчиси менен анын орун басары жана айрым кызматкерлер кызматтан четтетилди.

Мунун алдында социалдык тармактарда Дашков менчик клиниканын короосунда бейтааныш адам менен колунда кишени жок, кайтаруусуз отурганы тартылган тасма тараган эле.

Василий Дашков мекеменин тергөө абагына кайтарылганын Улуттук коопсуздук комитети 28-августта билдирди. Маалыматка караганда, анын менчик ооруканага которулушуна байланыштуу кызматтык иликтөө жүргөн. Натыйжада "кылмышка шектүүнү коргоо тартибин бузган" деген айып менен тергөө абагынын башчысы менен орун басары жана айрым кызматкерлер иштен алынды.

Мунун алдында социалдык тармактарда Дашковдун клиниканын короосунда бейтааныш аял менен сүйлөшүп отурганы тартылган видео тараган. Анын тарткан жана өзүн "Элдик көзөмөл" кыймылынын өкүлү катары тааныштырган адам айыпталуучунун колунда кишени жок, кайтаруусуз отурганын белгилеген.


Укук коргоочу Рита Карасартова талаш-талкуу жаратып, коомго жарыяланып кеткен учурларда гана чара көрүлүп жатканын айтып, бийликти сынга алды.

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

"Акырын чыгып калган өйдө-ылдый ооштуктарын эл көрүп калып, жазгандан кийин гана кыймылдап калып жатышат. Аны абактан эмнеге чыгарып салышкан? Эркиндикте жүргөнүнө караганда акча төлөп койсо керек. Алар болсо муну элге "кустуруу" деп атап коюшат. Бирок эмнесин "кустуруп" жатат? Кандай болуп жатканы түшүнүксүз. Кандай кылмыш кылсаң деле колуңда акча болсо кутулуп кетесиң дегенди көрсөтүүдө. Ошондуктан "эми кичине камала тур, болбосо эл тынчыбай жатат" дегендей эле оюн болуп калды. Убакыт өткөндөн кийин эле баягы абалын кайра улантышат".

Дашков 1-июлда атайын кызматтын тергөө абагынан ооруканага которулганы белгилүү болгон. Ал алгач ушул жылдын май айында кармалган жана райондук сот аны үй камагына чыгарган. УКМК ага "Кыргыз темир жолу" ишканасын башкарып турган кезде, 2020-жылдын май айынан декабрга чейин миллиард сомдон ашуун акчаны жеке компанияга мыйзамсыз которгон деп айып койгон. Андан тышкары, жең ичинен коротулган 490 миллион сом тууралуу да сөз болгон. Дашковдун мамлекетке келтирген зыяны 1,5 миллиард сом деп эсептелген.

Атайын кызмат "Кыргыз темир жолундагы" жемкорлукка шектүүлөрдүн арасында Дашковдун уулу да бар экенин билдирген. Ал экинчи жолу июнь айында кайра тергөө абагына киргизилген.

Дашков аталган ишкананы 2020-жылдын апрелинде жетектей баштаган. Ага чейин директордун орун басары болгон. Коомчулукта анын аты коррупциялык иштерге байланыштуу аталгандан кийин быйыл мартта кызматтан алынган. Дашков жана анын адвокаттары кылмыш иши, дооматтарга байланыштуу комментарий берген эмес.

Ага байланыштуу соңку жагдайдан улам социалдык тармактарда "Бикард" клиникасын сындагандар чыгып, аны текшерүү тууралуу сунуштар дагы айтылды. Убагында жогорку кызматтарда иштеп, чуулгандуу иштерге, коррупцияга айыпталып камалгандар көп жаткандыктан оорукана атайын кызмат менен тымызын кызматташат дегендер дагы болду.

Саламаттык сактоо министринин мурдагы кеңешчиси Елена Баялинова мындай дооматтарды четке какты.

"Эми эгер баары эле барып алса, "Бикард" эмне кыла алмак эле? Алар акча төлөйт, "Бикард" ошонун негизинде өзүнүн чыгымдарын жабат. "Бикард" заманбап клиника, шарты жакшы. Ошондуктан, СИЗОдон эс алалы дагы дешет. "Бикард" аларды чакырбайт. Андай болсо атайын кызмат абактагыларды ооруканага такыр чыгарбасын. Ошол жакта дарыланышсын. "Бикард" менен тымызын келишим бар деген сөздөр негизсиз. Акча уурдаган, кымырып алган деген адамдарда акча бар, менчик клиникага күнүнө үч миң сомдон беш миң сомго чейин төлөп дарылана алат".


"Бикард" менчик бейтапканасы жүрөк жана башка ооруларды дарылайт. Бул ооруканада негизинен коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга шектелип камалган Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев, экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дарыланган. Жакында эле Абылгазиев 50 миллион сом төлөп үй камагына чыккан эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG