Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:44

Темир жолдон миллионер болгон аткаминерлер


Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин депутаттары "Кыргыз темир жолу" ишканасы коррупциянын очогуна айланып калган деп айыпташты.

Айына мыйзамсыз чогулган 100 миң долларды бөлүшүп алгандар

Жогорку Кеңештин Транспорт, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Акыл Кемелов учурда иштеп жаткан “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы инженери Алымжан Хасанов "коррупциялык схемага” шек саналып, күнөөсүн мойнуна алганы жөнүндө маалыматы бар экенин билдирди.

Акыл Кемелов.
Акыл Кемелов.

“Тергөөнүн жүрүшүндө Хасанов мойнуна алган көрсөтмө берип жатат. Айына Абаков (ред: Афанасий Абаков - ишканага кызмат көрсөткөн ишкер) жана башка ишкерлерден Мередов аркылуу чогулткан акча 100 миң долларга чейин жеткен. Айына Кулматов (ред: Бакыт Кулматов - “Кыргыз темир жолу” ишканасынын каржы департаментинин жетекчиси) Абдыкеримовдун көрсөтмөсү менен (ред: Канатбек Абдыкеримов – ишкананын мурунку жетекчиси) сый акы түрүндө эки орун басары Кадыркуловго жана Асанбековго акча берип турган. Хасановго иш козголуп, күнөөсүн мойнуна алып жатат. Азыр башкы инженер болуп иштөөдө”, - деди депутат.

Адылбек Адыранов.
Адылбек Адыранов.

Эл өкүлүнүн сынына “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Адылбек Адранов мындай жооп берди.

“Күнөөсүздүк презумпциясы деген бар, акыркы чекитти сот коет...".

Депутат Акыл Кемелов "күнөөсүздүк презумпциясы кылмышын мойнуна алган кишиге колдонулбайт" деп Адрановдун сөзүн бөлдү.

Кылмыш ишинде аты аталган топ-менежерлер

Депутат айтып жаткан башкы инженер Хасанов жана ишкананын орун басарларынын аты аталган кылмыш иши жөнүндө “Азаттык” буга чейин иликтөө жарыялаган.

Анда “Кыргыз темир жолунун” мурдагы жетекчиси Канатбек Абдыкеримов баш болуп анын орун басарлары Русланбек Кадыркулов, Кубан Асанбеков, башкы инженер Алымжан Хасанов жана Каржы департаментинин жетекчиси Бакыт Кулматов мыйзамсыз чогулган акчаны бөлүшүп турганы жазылган тергөөнүн документи көрсөтүлөт.

Русланбек Кадыркулов, Кубан Асанбеков, Алымжан Хасанов. (солдон оңго)
Русланбек Кадыркулов, Кубан Асанбеков, Алымжан Хасанов. (солдон оңго)

Документте туруктуу схемага ылайык башка компаниялардын тендерге катышуусу чектелип, уткан ишканалар келишим түзөөрдө каражаттын 8 пайыздан 15 пайызга чейинкисин “сый акы” (“откат”) катары берип турушкан.

Тергөө материалында бул схема менен 2018-жылдын ноябрь айынан 2020-жылдын апрелине чейин мамлекеттик ишкананын көмүскө кассасында айына 8-9 млн. сомго чейинки акча айланып, анын 50% жетекчиликтин, калганы башка кызматкерлердин сол чөнтөгүнө түшүп турганы айтылат.


Бул ишке шектүү катары кармалган “Кыргыз темир жолдун” мурдагы директору Канатбек Абдыкеримов эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат менен абактан бошотулган. Калган жетекчилер иштеп жатышат.

Жакында эле ишкананын мурдагы жетекчиси Василий Дашков шек саналып жаткан ишке байланыштуу Каржы департаментинин жетекчиси Бакыт Кулматов кармалганы белгилүү болду. ​

Айыптоодон арылбаган ишкана

Жогорку Кеңештин Транспорт, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 8-июндагы көчмө жыйынында депутат Рыскелди Момбеков “Кыргыз темир жолу” ишканасында жолго салынган корруциялык схема тыйылбай жатканын сындады.

“Силер эч качан рельстен оңой менен чыкпайсыңар. Бир жагынан алып барып камаса, кайра эле экинчи жагынан келип каласыңар. Мурда темир жолдун башчылары шаар мэри болуп кетсе, азыр кайда кетип жатат?”.

Момбековдун кесиптеши Акыл Кемелов дегеле ишканага жетекчи болуп келгендердин көпчүлүгү эбегейсиз байлыкка ээ болуп чыгарын айтты.

“Темир жол Кыргызстанда бир канча миллионерди чыгарды. Айрымдары жазасын алса, кээ бири ошол бойдон жүрөт. Ал эмес саясатка аралашып жатат”, - деди депутат.


Коррупциялык айыптоолордон арылбаган “Кыргыз Темир жолу” мамлекеттик ишканасы Транспорт министрлигинин карамагында.

Министрликтин Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абдукахар Ибраимов ишканадагы кыңыр иштер тууралуу мындай деди.

“Коопсуздук кеңешинин эксперттери менен иштеп жатабыз. Былтыр пандемия болуп бир аз солгундап калды. Бүгүн эле байланыштым, жакында темир жолдун жаңы жетекчисине барып, коррупциялык тобокелдиктер жөнүндө сүйлөшөлү деп жатабыз. Кайра-кайра массалык маалымат каражаттарына чыгып жатканынан өзүң деле уялат экенсиң”, - деди Ибраимов.

“Кыргыз темир жолу” ишканасынын акыркы үч жетекчиси тең коррупциялык иштерге айыпталган.

  • Маселен, 2015-2018-жылдары ишкананы башкарган Алмазбек Ногойбаев бир нече журналисттик иликтөөлөрдө аты аталып, айрым депутаттардын айыптоолорунан кийин кызматтан кеткен.
  • 2018-2020-жылы ишкананы жетектеген Канатбек Абдыкеримов жогоруда кеп болгон “коррупциялык топ түзгөн” деген кылмышка шек саналууда.
  • 2020-2021-жылга чейин "Кыргыз темир жолун” башкарган Василий Дашков жемкорлукка шек саналып, мамлекетке 1,5 миллиард сом зыян келтирди деп камакка алынды. Анын менен кошо баласы камалган. Дашковдун тендердеги кыңыр иштерин жергиликтүү журналисттер иликтеп чыккан.

  • Ал эми азыркы “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Адылбек Адранов 2017-жылдагы 150 вагон сатып алуудагы шектүү тендерде жооптуу кызматта болгон. Ал 2010-жылдан бери ишкананын бөлүмдөрүнүн башкаруу кызматтарын аркалаган.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG