Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:05

Сыргабаев: Кыргыз өзүн таанып бүтө элек


Самар Сыргабаев

Эркиндикти, адилеттүүлүктү сүйүү, жарандуулук - кыргыз улутунун иденттүүлүгүн аныктаган башкы факторлор. Бул генетикалык сапаттарга мамлекеттик деңгээлде маани берип, багып өстүрүү зарыл. Мындай пикирин социолог Самар Сыргабаев "Азаттыкка" курган маегинде билдирди.

- Самар мырза, кыргыз өзүн ким деп эсептейт, иденттүүлүгү кандай? 30 жыл ичинде кандай калыптанды? Социологиялык иликтөөлөр кандай тыянактарды берип атат?

- Иденттүүлүк - бул көп тараптуу феномен. Терминдин өзүн кыргыз тилине “кимдик” деп которуп көрдүк, бирок лексикондо илимий түшүнүк катары бекем орун ала элек. Жалпысынан социологияда социалдык иденттүүлүк деп айтабыз. Улуттук иденттүүлүк анын бир эле тарабы, түрү. Бул маселеге Кусейин Исаев (Философия илимдеринин доктору, белгилүү социолог-ред.) агайыбыз баштап 2007-жылдан тарта гана көңүл бура баштадык. Агайыбыз кыргыз таанууну теориялык жана империкалык (тажрыйба) жактан изилдейли деп сунуштады. Биз үчүн ал кезде маселе дың бойдон эле. 2010-2015-жылдары “Манас” Кыргыз-Түрк университетинин базасында республика боюнча ар бир жолу 2000 респонденттин катышуусунда эки ирет социологиялык изилдөө жүргүздүк. 2016-2018-жылдары Бишкек мамлекеттик университеттин базасында үч ирет жүргүздүк. Ошонун негизинде алгачкы жыйынтыктарга келдик.

- Мага жыйынтыгы кызык.

- Советтер Союзунун кезинде бул маселеге мамлекеттик деңгээлде абдан чоң көңүл бурулган. "Советтик жаран" деген модель калыптанган. СССР менен кошо бул модель жоюлуп кетти. Ордуна альтернативдүү модель жок, иденттүүлүк вакууму пайда болду. Мамлекет да ага көңүл буруп, максаттуу саясат жүргүзгөн жок. Кыргыздын иденттүүлүгү стихиялык түрдө калыптана баштады.

Биздин изилдөөлөр үстөмдүк кылган негизги иденттүүлүктөрдү: жарандык, аймактык, улуттук-этностук, диний, уруулук, аймактык, цивилизациялык иденттүүлүктөрдү аныктады. Мунун бардыгы биригип келип, кыргыз жаранынын иденттүүлүк системасын түзөт десек болот. Ошондуктан, кыргыз жаранынын бир эле иденттүүлүгү бар дегенден алыс болушубуз керек. Булардын бардыгы көп кабат үй сымал бир системанын бөлүктөрү. Булардын ар бири кырдаалга жараша актуалдашып турат.

Маселен, аймактык иденттүүлүктү алалы, кайсы айылга барбайлы, кире беришинде арка турат. Муну социологдор аймактык иденттүүлүктүн белгиси (маркер) катары карайбыз. Өзүн кыргызмын деп эсептегендер сурамжылангандардын 10 пайызы гана түзгөн. Цивилизациялык иденттүүлүктү чечмелеп көрдүк. Жаштар көбүнчө өздөрүн Орусия менен Түркияга байланыштырат экен. Орусияга экономикалык кызыкчылык байланыштырса, Түркия динди практикалаган жаштар үчүн күчтүү фактор экен.

- Биз жакында Ооганстандагы окуяга байланыштуу ошол жакта иштеген Исмаил Кайымогли аттуу илимпоз менен маектештик. Ал Кыргызстанда окуптур, Кусеин Исаевдин шакирти экен, ал “агайым кыргыз болуп жашаш керек” деп айтчу деди. Мунун мааниси эмнеде?

- Кусейин агай бул иштин үстүндө көп жыл иштеди. 2012-жылы “Кыргыз таануу” деген китебин чыгарган. Бул маселеге мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулуп, илимий жактан изилдениши керек деп айтып келатат. Бул глобалдашуудан чыккан маселе. Эгемендик дооруна киргени биз коңшу мамлекеттерден айырмаланып, ачык мамлекет болдук. Бекинип алган жокпуз. Мына ушундай шартта кыргыз өзүнүн улуттук-этностук иденттүүлүгүн сактап калуу маселеси актуалдашты. Маселен, бизде исламдашуу процесси активдүү жүрүп атканын окумуштуулар, эксперттер белгилеп атышат. Муну маданий система менен байланыштырсак, кайсы маданият менен байланышат? Албетте, араб тилдүү мамлекеттердин маданияты менен байланышат. Ошол аркылуу маданий элементтер, символдор, баалуулуктар агып кирет. Агай ушундай шарттарда кыргыз өзүнүн нукура иденттүүлүгүн сакташы керек деп айткан.

Бул маселе азыр глобалдык деңгээлде актуалдашып баштады. Окумуштуулар болду эми, глобализация доору башталды, маданий универсализация, американизация, бир өңчөйлөшүү маданияты келет деп айта башташкан. Азыр, тескерисинче, бул процесс басаңдап, батыш өзүнүн иденттүүлүгү тууралуу кайрадан ойлонууда. Анткени, глобализация менен кошо локализация процесси да жүрүп атат. Бул табигый муктаждык экен. Социологдор азыр глокалзиция деген терминди колдоно баштадык.

- Кыргыз өзү улут катары кандай баалуулуктарга таянат, кандай сапатка ээ, кандай эрежелери менен айырмаланат?

Пандемия иденттүүлүк жай жагдайда бытыранды болгону менен, бириге калуу, жарандуулук кырдаалга жараша пайда болчу катылып жаткан ресурсубуз экенин көрсөттү.

- Кусейин агай “тарыхыбызды жакшылап карашыбыз керек” деп келатат. Кылымдарга камтылган руханий дөөлөтүбүз – бул, ынтымак-ырашкерлигибиз. Баштапкы чалгындоо иликтөөбүз жарандык иденттүүлүк жогору туруп, жарандуулук төмөн экенин көрсөткөн. Бул жаңылыш тыянак экен. Пандемия иденттүүлүк жай жагдайда бытыранды болгону менен, бириге калуу, жарандуулук кырдаалга жараша пайда болчу катылып жаткан ресурсубуз экенин көрсөттү. Кыргыздын тарыхында кылымдар бою калыптанган сапат экен. Кыргыз ошондой эле адилеттүүлүккө курч мамиле жасайт, эркиндикти сүйөт. Мындан тышкары меймандостугубуз бар. Булар – маданий-генетикалык кодубузда жазылып калган баалуулугубуз экен. Мына ушул баалуулуктарды багып алышыбыз керек.

Бир мисал, Томас Фридман деген америкалык журналисттин “Лексус жана зейтун дарагы” деген эмгеги бар. Ал Жапонияга “Лексус” чыгарган заводго барсам алтымыштай киши эле иштейт экен, алар дагы 300дөн ашык роботтун ишин көзөмөлдөө менен эле алек дейт. Буга ааламдашуунун символу катары карап атат. Ошол эле учурда Палестинада, Иракта өзүнүн тамыры, жери, зейтун дарагы үчүн согушуп атат дейт. Канчалык ааламдашпайлы баары бир тамырыбыз керек экен, ансыз өзүбүздү тааныбай, дендароо абалда калат экенбиз деп жазып атат.

- Кыргыздарды көчмөн эл дейбиз. Бугүн ушинтип айтууга негиз барбы?

- Ооба. Мисалы, тобокелдикке баруу, эркиндикти сүйүү ошол көчмөн цивилизацияда калыптанган сапаттардан. Өткөндө бир эксперттин пикирин окуп калдым, улуу инсандарыбыздын баатырларыбыздын эстеликтеринде баары эле ат үстүндө. Анткени, бул маданий кодубузда жазылган.

- Келечекте кандай өзгөрүүлөрдү күтсөк болот? Улут өзү өзгөрүшү мүмкүнбү?

-Сөзсүз өзгөрөт. Модренизацияландык. Бирок бул процесс бизде жайыраак жүрдү. Акыркы жүз жылдык демографиялык маалыматтарды карап көрсөк, шаарда (35%) жана айылда (65%) отурукташкан элдердин пропорциясы өзгөрбөптүр. Өзгөрүүлөр болот, бирок, биз тамырыбызды сактап калышыбыз керек. Кусейин агай ошого күйүп-бышып, кыргыз бойдон калалы, нарк-насилди, баалуулуктарыбызды жайылталы, жаштарга өткөрүп берели, тарыхыбызды кайрадан текшерип, дагы кандай дөөлөттөрүбүз бар экенин казып чыгалы деп келатат. “Манас” эпосубуз турат. Баалуулуктарыбызды өзүбүз багып өстүрбөсөк манасчылардын оозунда, китептерде жата берет.

- Акыркы отуз жылда кыргыз жаңы баалуулуктарды таба алдыбы?

- Албетте, тапты. Алар жаңы экономикалык система менен келди. Буга тобокелчиликке баруу сыяктуу көчмөндүктөн келаткан сапаттарыбыз да түрткү болду. Бардык чөйрөлөргө кирип, түркүн кесиптерди өздөштүрдү. Ар бир инсан жашоодогу ресурс, позициялар үчүн күрөшүүгө мажбур болду, натыйжада инсандар арасында өз ара атаандаштык сапаты пайда болду.

- Мисалы үчүн берешендик, көралбастык улутка таандык сапатпы?

Берешендик боюнча дүйнөлүк рейтингде алдыңкы орундарды ээлеп атпайбызбы, жыйырманчы орунда болушубуз керек, менимче.

- Көралбастык - универсалдуу сапат. Батышта көралбастык тууралуу бүтүндөй бир илимий эмгектерди жазган окумуштуулар бар. Берешендик - кыргыз маданиятында калыптанган сапат. Берешендик боюнча дүйнөлүк рейтингде алдыңкы орундарды ээлеп атпайбызбы, жыйырманчы орунда болушубуз керек, менимче.

- Кыргыз 30 жылдан кийин кандай өзгөрүшү мүмкүн?

- Эгер азыркыдай эле акыбалда калтырсак кимге айланарыбызды айтыш кыйын. Максаттуу саясат керек. Европада, жалпы эле батышта ушундай саясат жүрөт. Бизде мамлекет иденттүүлүктү калыптандырыш үчүн атайын аракеттер керек экен деп, 2012-жылдан маани бере баштады. Жалпы жарандык иденттүүлүктү түзүү концепциясы иштелип чыгып, 2040-жылга чейинки туруктуу өнүгүүнүн “20Х40” деген улуттук стратегиясында атайын бир бөлүм болуп кирген. Муну алгачкы кадам десек болот. Фундаменталдуу изилдөөлөр көп жүрүшү керек. Факторлорго жараша өзгөрүп турчу бул иденттүүлүк феномени үчүн жөн эле божомол жетишсиз.

- Мезгил агымында нечендеген улуттар жок болуп кетип атпайбы. Кыргыз улут катары сакталып калары аныкпы?

- Анык деп ойлойм. Кылымдар бою калыптанган маданий кодубуз бир-эки фактордун таасири астында бузулуп кетет деген ойдон алысмын. Биз, социологдор этностук, диний иденттүүлүк басымдуулук кылып калды го деп болжоп жатканбыз. Акыркы жагдайлар жарандуулук басымдуу экенине ынандырып койду.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG