Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:37

Жалган маалыматка каршы мыйзам ишке кирди: ал кантип иштейт?


Иллюстрациялык сүрөт

Президент Садыр Жапаров "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү" талаштуу мыйзамга 23-августта кол койду. Күчүнө кирген мыйзам сөз эркиндигине кандай таасир этиши мүмкүн? Кандай артыкчылыктар, тобокелчиликтер бар? Ушул жана башка маселелер "Азаттыктын" "Арай көз чарай" программасында талкууланды.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты, мыйзамдын авторлорунун бири Айнура Осмонова, “Медиаполиси” институтунун өкүлү Нурбек Сыдыков, көз карандысыз журналисттер союзунун төрагасынын орун басары Семетей Аманбеков, эркин журналист Аскер Сакыбаева катышты.

“Азаттык”: - Аталган мыйзам чындыкка дал келбеген маалыматтын интернет айдыңында таркатылышынан жарандарды, юридикалык тараптарды коргойт жана жалган маалыматтарды таратууга жол берген тараптардын жоопкерчилигин карайт, алакаларды, укук-милдеттерди жөнгө салат. Бул мыйзамды аткарбаган тараптар тиешелүү башка мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылат. Мыйзамдын өзөгү ушундай. Айнура айым, бул мыйзамдын муктаждыгы эмнеде болду?

Айнура Осмонова
Айнура Осмонова

Айнура Осмонова: - Мыйзамдын максаты ачык, эркин жана демократиялык коомду коргоо, касташууга жана фейктерди жайылтууга каршы күрөш болуп саналат. Өзүн аныктап, идентификациялап, атын, почтасын, өзү тууралуу маалыматты коюп, анан сүйлөй турган сөзүн каалагандай сүйлөй берсин деп атабыз. Көрүп жатасыздар, коомдо, айрыкча социалдык түйүндөрдө, интернет айдыңында аныкталбаган, жалган, тастыкталбаган маалымат көп таркап кетип атат, ошону иретке келтирүү. Чын маалымат болсо жаза берсин.

“Азаттык”: - Ишке киргизүү механизмдери кандай? Азырынча өкмөт айта элек. Бирок, сиздер, авторлор чогуу иштештиңиздер, билсеңиз керек.

Айнура Осмонова: - Механизми ушул: электрондук почтасы, аты-жөнү (автордун-ред.) болот, адам жалган маалымат деп кайрылса, маалыматты чыгарган автор аны 24 сааттын ичинде өчүрүп коюшу керек. Интернет провайдерлерге да кайрылышы керек. Өчүрбөсө сотко, тиешелүү органдарга (нааразы тарап – ред.) арыз жазат.

Сайттарды жаап коет экен деп жазып атышат, жок, ошол жалган маалыматты алып коюу боюнча кайрылат. Эгер 24 саатттын ичинде алынбаса, жалган маалымат боюнча териштирүү жүрөт. Конституциянын 29-беренесинде “Ар бир адам жеке турмушунун кол тийбестигине, абийирине жана ар-намысынын корголушуна укуктуу. Кыргыз Республикасынын адамынын ар-намысы абсолюттук жана кол тийгис” деп даана көрсөтүлүп турат. Ошон үчүн Кыргызстандын ар бир жараны анык эмес (жалган) маалыматтан корголуусу керек. Эч ким, эч качан бирөөнүн аброюна, ар-намысына, кадыр-баркына жана анын эл алдындагы абийирине шек келтиргенге жана жалган маалыматты чыгарып, таратууга укугу жок. Бул Конституцияда жазылган.

Азыркы учурда бир адам бир нече аккаунттарды ачып алып эле саясий, жеке, башка буйруктарды алып, жалган маалыматтарды таратып, айрым адамдарды бүтүндөй элге жаман көрсөтүп же жакшы көрсөтүп атат. Адамдын өмүрүнө коркунуч алып келген учурлар да катталып атат. Качан гана ар бир адам өзүнүн айтканына жооп бергенде ачык демократиялык коомду кура алабыз деп эсептейм. Бул мыйзам сөз эркиндигине эч кандай чектөө кылган жок. Тескерисинче, интернет айдыңында ачык-айкындыкты камсыздоо максатында кабыл алынды.

“Азаттык”: - Эмне үчүн медиаэксперттер бул мыйзамга чочулоо менен карап жатышат? Кандай тобокелчиликтер бар?

Нурбек Сыдыков
Нурбек Сыдыков

Нурбек Сыдыков: - Бир нече тобокелчиликтер турат. Биринчиден, механизмдер так жазылган эмес. Мыйзамды ишке ашыруу Министрлер кабинетинин ыйгарым укуктарына берилип жатат. Министрлер кабинети бир катар укуктук-ченемдик актыларды кабыл алышы керек деп жазылып атат. Бул жерде адам укуктары маселеси каралып жатат да. Бирөөнүн сайтын же баракчасын, маалыматты жабуу, бул - укукту чектөө. Конституциянын 23-беренесине ылайык, укук мыйзам аркылуу гана чектелиши мүмкүн. Министрлер кабинети тапкан кайсы бир ыйгарым укуктуу органдын талабы менен жабуу туура эмес.

Туура, адамдын баркы, аброю Конституция жана Жарандык кодекс менен корголгон. Бул сот аркылуу корголот. Азыркы процедура боюнча 24 саат ичинде жаппаса, андан аркысын Министрлер кабинети чечет дегени бүдөмүк болуп атат. Укуктарды Министрлер кабинетинин чектеши Конституция боюнча мүмкүн эмес.

Мурдагы редакциясында эгер 24 саат ичинде жаппаса, 48 саат ичинде ыйгарым укуктуу орган талап кылат деген жазуу бар болчу. Жарандык коом улам жазып атып, аны башкача оңдоп бериптир. Маңызы ошол бойдон калган.

Экинчиден, бул эл аралык стандарт: ар бир жаран кааласа аты-жөнүн жазат, каалабаса жазбайт. Эл аралык келишимдерде да аты-жөнүн, дарегин мажбурлап жаздыруу мүмкүн эмес деген стандарттар бар. Бул адамдын жеке жашоосуна кийлигишүү болуп саналат.

Дагы бир чоң маселе: ар бир мыйзам аткарылышы керек. Айтылып жаткан баракчалар, сайттар дүйнөнүн башка чекитинде деле жазылса, аларга кантип сөзсүз аты-жөнүңдү жаз деп милдеттендиребиз?!

Аскер Сакыбаева
Аскер Сакыбаева

Аскер Сакыбаева: - Бул мыйзамдын Кыргызстанга кереги жок болчу. Менин адамдык ар-намысыма, ишкердик беделиме доо кетирди деген сот жараяндары буга чейин эле болуп келген. Дегеле жалган маалымат таратуу деген жараяндардын бардыгы буга чейин иштеп келген мыйзамдар менен жөнгө салынган. Мындан тышкары маалымат каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыздарды карай турган сотко чейинки комиссия бар. Жалпыга маалымдоо каражаттарына тиешелүү мыйзам өзү дагы бардык мыйзам бузууларды жөнгө салып турат.

Ал эми фейктер, ага байланышкан мыйзамдын чыгышы социалдык тармактардын жайылышына байланыштуу болуп атпайбы. Ар кими өзү каалаган жан-жаныбар, гүлдүн атын коюп алып, каалаганын жазып атат дегендей. Бул кайдан пайда болду? Тереңден караш керек. Фейк фабрикаларды кимдер түзүп атат? Алар качан жана кимдердин кызыкчылыгы үчүн жана кимдерге каршы иштеп атат? Бул жерде жалаң эле бийликтин кызыкчылыгы чыгып атат. Мисалы, тикмечиге же таксистке фейктин эмне кереги бар? Жалаң саясий өнөктүктөрдүн, шайлоолордун учурунда колунда бийлиги, акчасы бар адамдар фейк фабрикаларды жалдап, фейк маалымат жазып атат. Сооронбай Жээнбеков колдобогон мыйзамды Жогорку Кеңеш өзүнүн курандай болгон регламентин бузуп туруп кабыл алды. Эми ошол мыйзам бузуу менен кабыл алынып, кол коюлган мыйзам иштейби? Анын үстүнө аткара турган механизми жок. Ар бир мыйзам иштеш үчүн каржы керек. Маалымат майданын жөнгө салган Маданият жана маалымат министрлиги муну ишке ашырганга ресурс жетишсиз деп айтты.

“Азаттык”: - Фейк фабрикаларды бийликтен тышкары ар кандай саясий күчтөр да уюштуруп атышы мүмкүн. Мыйзам ушундай топторго каршы күрөшкө туруштук бере алабы, Айнура айым?

Айнура Осмонова: - Туруштук бере алат. Конституциянын 32-беренесине ылайык ар бир адам эркин ой жүгүртүүгө жана пикирге ээ болууга укуктуу. Ар бир адам өз пикирин эркин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине укуктуу деп көрсөтүлгөн. Эгер ар бир адам интернет тармагында жеке өзүнүн атынан туура, такталган кандайдыр бир маалыматты жайгаштырса, жаранга эч кандай мамлекеттик орган тарабынан кысым көрсөтүлбөш керек.

Өз кызыкчылыгын өткөрө турган адам кандайдыр бир фейк фабрикаларды кармай алат. Аларга - фейк троллдорго, фабрикаларга акча төлөш керек. Ошолордон коргоо үчүн, туура эмес, аныкталбаган маалыматтан коргоо үчүн ушул мыйзамды чыгарып атпайбызбы.

Бир маалыматты айтайын, Германияда соцтармактарды колдонууну жакшыртуу боюнча "Фейсбук" жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Ал күчүнө кирген. Максаты - ачык, эркин, демократиялык коомду коргоо, фейктерди жайылтууга каршы күрөш. Анда биринчи кезекте эскертүү берилет, мыйзамды аткарбаса айыппул салынат. Бизде андай жок.

Семетей Аманбеков
Семетей Аманбеков

Семетей Аманбеков: - Мыйзам Конституцияга ылайык келбейт. Конституцияда сөз эркиндигин чектеген мыйзам кабыл алынбайт деп ачык жазылган. Экинчиден, Конституциянын “күнөөсүздүк презумпциясы” деген беренеси бар. Эгер киши кылмыш жасаса, зордуктаса, өлтүрсө сотто анын далили, жактоочусу, позициясы бар. Бул жакта Министрлер кабинетиби же башка ыйгарым укуктуу органы болобу жалганбы, жалган эмеспи өзү чечип коет экен. Ага даттанам десеңиз, эки айдын ичинде сайтты же маалыматты калыбына келтирсеңиз болот экен. Маалыматты эч ким окуй албай калат, сайт окурмандарын жоготот.

Үчүнчүдөн, депутат айтып атат, мыйзамдын фейк фабрикалар менен троллдорго каршы күрөшүүгө күчү жетет деп. Жалган. Бул депутаттын укуктук тарбиясыздыгын көрсөтүп атат. Анткени, мен логинимди Семетей Аманбеков эмес, Талас Баатыр уулу деп коюп алып, Америкада жашайм деп, жалган маалымат таратсам, өкмөт кандай чара көрө алат? Эч кандай. Аны фейсбукта отурган Цукербегдин администраторунан башка эч ким көрбөйт. Демек, жанагы сайттардын бардыгы ушундай социалдык барактарга көчүп, ошол жерде өз маалыматтарын жазат. Троллдордун фабрикалары маалыматтарды чыгара беришет. Ушундай эң чоң тобокелчиликтер болуп атат. Муну депутаттар түшүнбөйт. Аң-сезимге дал келбеген мыйзам болуп атат.

“Азаттык”: - Фейктерге каршы күрөштүн кандай жолдору бар?

Семетей Аманбеков: - Азыр мыйзамдар жетиштүү, сотко берсе механизмдер иштейт. Мындай мыйзам көз карандысыз журналисттердин, сайттардын, идентификациядан өткөн соцтармактардын колдонуучуларынын оозун жапканга ылайыкташканы көрүнүп эле турат.

Аскер Сакыбаева: - Фейк менен күрөштүн эффективдүү жолдору бар. Эмнегедир биздин депутаттар чектелүү иштешет. Кыргызстанды аралдай элестетишет. Фейктер дүйнөдөгү социалдык тармактарга тараган. Дүйнө жүзүндө депутаттар ойлонуп, алар башкача жолду тандап алышкан. Фейк маалыматтар кыргыз коомчулугуна кандай зыян келтирип атат? Абдан чоң зыян келгенин көрсөткөн иликтөөлөр барбы? Анда кабыл алса болот эле. Менимче, андай иликтөө жок. Башка өлкөлөрдө, мисалы, Голландияда, Нидерланддарда коомдук байкоочу кеңештерди түзүп, алар "Фейсбуктун", "Твиттердин", "Инстограммдын" администрациясына чыгып, ошолор менен иштешип атат. Ошолор аныктап берет да, фейк же фейк эмес экенин. Коомчулук менен иштешип атышат. Булар анткен жери жок.

Мисалы, Кыргызстандын тарыхында ушундай факт болду, былтыркы шайлоодо БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова "Фейсбуктун" администрациясына чыгып, онлайн жолугушуу кылып, өзүндө болгон маселелерди айтып, маселесин чечип албадыбы. Эмне үчүн биздин депутаттар ошондой аракет кылышпайт? Чын эле коомдун укугун коргогусу келсе, коомчулук менен иштешүүсү керек эле.

Экинчи маселе, медиа сабаттуулук керек. Мыйзамдар татаалдашып атат, мисалы шайлоо мыйзамдарын журналисттер өздөрү түшүнбөй, өздөштүргөнгө жетишпей калып атат. Коом андан бетер түшүнбөйт.

Семетей Аманбеков: - Эгерде депутаттарда саясий сабаттуулук болгондо медиасабаттуулукту мектепке киргизиши керек эле. Мектеп программаларына “Медиасабаттуулук” деген сабакты мыйзам менен бекитип, киргизип бериши керек болчу. Мисалы, Батыш Европада, АКШда, Австралияда мындай сабактар 1-класстан баштап шайлоого катышуу укугуна ээ болгон 18 жашына чейин берилет. Анан ар бир интернетти окуган адам маалыматтын жалган же жалган эмес экенин айырмалап, билип калат.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG