Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 15:33

Күчүнө кирген маалымат мыйзамы, коомчулуктун сыны


"Маалыматты манипуляциялоо" жөнүндө мыйзам долбоору парламентте каралган күнү, 25-июнда өткөн акциядан бир көрүнүш. Бишкек. 2020-жыл.

Президент Садыр Жапаров “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” талаштуу мыйзамга кол койду.

Депутат Гүлшат Асылбаева сунуштаган документти коомчулуктагы сындан улам мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков артка кайтарган эле. Карама-каршы пикирлер дале токтогон жок.

Мыйзамдын жүгү

Мамлекет башчы 23-августта кол койгон “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам тууралуу кабарды президенттик администрация ушул эле күнү кечинде жарыялады.

Президенттин сайтында жазылгандай, бул мыйзам жарандардын ар намысын коргоого көмөкчү болот:

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

“Мыйзам анык эмес маалыматтан жабыркаган тарап менен ал маалымат жарыяланган маалыматтык ресурстардын ортосундагы алаканы, алардын укуктарын жана милдеттерин жөнгө салат. Муну менен, мыйзам ар бир кишинин маалымат ресурстарына жеке кайрылуусу аркылуу интернет айдыңында таркап, чындыкка дал келбеген маалыматтын таркатылышынан коргоого кошумча кепилдикти аныктайт. Мыйзам тарабынан сунушталган процедуралар негативдүү кесепеттерди, анын ичинде репутациялык (имидждик) жоготууларды, иштен кетүү мүмкүндүгү, материалдык пайдадан айрылуу жана башкаларды минималдаштырууга мүмкүндүк берет”,-деп айтылат.

Мыйзамга ылайык, Министрлер кабинети "жалган же анык эмес маалымат" тууралуу жеке адам, уюм тарабынан жазылган арыздын негизинде ал маалыматты тараткан интернет сайтты жаап кое алат. Социалдык түйүндөрдөгү аккаунттарды да бөгөттөөгө укук алат. Бул чаралар маалымат бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирип, көлөкө түшүргөн учурда колдонулары айтылат.

Кеп болуп жаткан документти депутаттар Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова былтыр демилгелеп чыккан. Анда ал “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” деп аталчу.

Мыйзам парламентте каралып жаткан учурда ага каршы бир нече митингдер жана талкуулар өткөн. Ага карабай парламент аны 2020-жылдын 25-июнунда экинчи-үчүнчү окуудан удаа кабыл алган.

Нааразылыктар улана бергендиктен ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков мыйзамга вето коюп, документтин макулдашылган вариантын иштеп чыгыш үчүн аны Жогорку Кеңешке кайтарган.

Бийлик алмашкандан кийин парламенттин мөөнөтү бир жылча узарып, эки депутат мыйзамдын атын өзгөртүп, алып чыгышкан. Бирок парламенттин быйыл 30-июндагы жыйынында мыйзам өтпөй калган эле. Бирок 28-июлда кайра сунушталып, үч окуудан дароо кабыл алынган.

Андан бери бир нече уюмдар жана жарандык активисттер президент Садыр Жапаровго кайрылып, мыйзамга вето коюуга чакырып жатышкан. Мамлекет башчынын соңку чечими алардын нааразылыгын жаратты.

Депутат Дастан Бекешев документти айыптап чыкты. Ал социалдык түйүндөрдөгү баракчаларында жана телеграм-каналында мындай пикири менен бөлүштү.

Дастан Бекешев
Дастан Бекешев

“Бул мыйзамды “жалган маалыматтардан коргоо” эмес, “бийликти интернеттеги чабуулдардан коргоо” деп атаса туура болот. Бул мыйзам интернеттеги фейк маалыматтарды азайтпайт, троллдор-фабрикасын кыскартпайт. Документ бийликтин катачылыктарын көрүп, байкай алган “ашыкча таланттуулардын” сынынан бийликти коргойт. Маселен, кургакчылык болсо сен “бийлик сууну бөлүштүрө албай койду” деп жазсаң, анда сага оор болот. Албетте сүйүү, прикол жөнүндө жазган блогерлерге зыяны тийбейт. Бирок анын приколдору бийликке байланыштуу болсо анда алар деле жоопкерчиликке тартылат. Бирок, бул мыйзам бийликке жардам бербейт. Интернет баракчаларды жаап, бөгөт коюу менен өзүңдү сүйдүрө албайсың. Коркутасың, бирок сыйга татый албайсың. Эгерде адамга жей турганга эч нерсе жок болсо, бийликке жек көрүүсү күчөй берет. Ага эч кандай бөгөт токтото албайт”,-деди эл өкүлү.

Мыйзамды былтыр “Журналисттерди коргоо комитети” (CPJ) баштаган бир нече эл аралык уюмдар, “Сорос-Кыргызстан" фонду жана “Медиа Полиси” баштаган ондогон жергиликтүү уюмдар сындап чыгышкан. Бул жааттагы мекемелер арасында жаңы аталыштагы мыйзамга байланыштуу да терс пикирлер жаңырган.

Ишке ашыруудагы ашыкча жүк

“Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамдын өзүндө жазылгандай, анын катышуучулары катары Кыргызстандын интернет мейкиндигиндеги сайттар, сайттардын маалыматын сактаган хостинг-провайдерлер, интернет жеткирүүчү провайдерлер, социалдык түйүндөрдөгү баракчалар, интернет колдонуучулар жана интернет тармагына чыгууга мүмкүнчүлүк берген пункттар эсептелет.

Кадимки компьютердик клубдар же интернет-кафелер, зарыл болсо үйүндө ноутбук менен интернетке киргени үчүн жеке адам деле ошолордун катарына кирет.

Башкача айтканда, интернетте “жалган”, “фейк” деп эсептелген маалымат тараганын көрсө, же өзүнө карата “кара пиар” болуп жатканын байкаса, жаран сайттын, баракчанын, провайдердин ээлерине кайрылууга укуктуу. Эгер ал маалыматты албаса, анда даттануучу тиешелүү мамлекеттик органга кайрыла алат. Ал мекеме сайтты же социалдык түйүндөгү баракчаны эки айга чейин жаап коё алат. Муну үчүн соттун чечиминин деле кереги жок.

Юрист Таттуубүбү Эргешбаева бул процесс үчүн оңбогондой каражат жана ресурс керек деп эсептейт:

Таттуубүбү Эргешбаева
Таттуубүбү Эргешбаева

“Биринчи кезекте, бул иш үчүн административдик жоопкерчилик каралбаганын айтып коюш керек. Ал боюнча норма жок. Экинчиден, муну ишке ашыруу милдети Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине берилип жатат, бирок ал үчүн каржылоо каралган эмес. Ал каралганда деле ага өкмөттүн, бюджеттин мүмкүнчүлүгү жетпейт. Үчүнчүдөн, интернет провайдерлер бул өңүттөгү жумушту буга чейин деле жүргүзүп келишкен. УКМК же башка органдар коопсуздукка байланыштуу маалыматтарды сураса, алар ансыз деле беришчү. Эми болсо алар кошумча реестр түзүп, "мамлекеттик органдар чечим чыгарса интернет сайттарды же колдонуучу блок кыласыңар" деп жатат. Бул интернет тармактагы бизнеске кошумча жоопкерчилик, ашыкча чыгашаларга алып келет. Төртүнчү маселе, сайт бөгөттөлсө анын ээси сотко кайрылса болот деп жатышат. Эгерде ондогон фактылар болуп кетсе, бул демек сотко да чоң жүк жаратат. Мына ушул жагдайларды эске алуу менен бул мыйзам оппозицияга, укук коргоочуларга жана активисттерге каршы деп бааланып жатат. Ошондуктан мен мыйзамга позитивдүү караган жокмун”.

Албетте, бул иштерди кайсы орган аткарарын жана кандай тартипте ишке ашырарын Министрлер кабинети кошумча аныктап чыкмакчы.

Бирок мыйзамда учкай жазылып тургандай, даттануучудан арыз түшкөндө тиешелүү мамлекеттик орган алгач сайттарга кайрылат. Алар талапты аткарбаса мекеме анда интернет провайдерге көрсөтмө берет. Провайдерлер өзү интернетти берип жаткан мекеме катары сайтка же баракчага бөгөт коюп, ишин токтотуп сала алат.

Кыргызстанда кабелдик интернетти жеткирүү ишин мамлекеттик “Кыргызтелеком” компаниясын кошкондо жалпы 75 компания ишке ашырат. Ал эми өлкөдөгү мобилдик интернетти төрт оператор - “Альфа Телеком” (“Мегаком”), “СкайМобайл” (“Билайн”), “НУР Телеком” (“О”) жана “КТ Мобайл” (“Салам”) тейлейт.

Кыргызстандагы көбүрөөк таанымал жана негизги интернет-провайдерлер.
Кыргызстандагы көбүрөөк таанымал жана негизги интернет-провайдерлер.

Демек, даттануучу менен интернет сайттын же баракчанын ээсинин ортосундагы талашты, мамлекеттик органдын тапшырмасын так ушул компаниялар аткарат. Муну үчүн эми алар кошумча штаттарды ачып, жабдууларын дагы кеңейтиши керек болот.

Ошол себептүү Байланыш операторлор ассоциациясынын аткаруучу директору Айбек Күрөңкеев мурдараак “Азаттыкка” мындай деген эле:

Айбек Күрөңкеев
Айбек Күрөңкеев

“Бул мыйзамды аткарууда интернеттин баасы өсөт. Абоненттерди идентификациядан өткөрүү, бөгөт коюу иштери үчүн аппарат, программалык камсыздоо болуш керек. Бир канча адам иштөөгө тийиш. Ага каражат пландалган эмес. Мыйзамда каралган иштер бизнестин функциясына кирбейт. Ошондуктан каршы чыгып жатабыз. Интернетти чектөө - пайдасыз жол. Бөгөт коюуну айланып өтүүнүн толгон-токой амалы бар”, - деген ал 29-июнда берген комментарийинде.

Кайрылууда сөз болуп жаткан документ Баш мыйзамга каршы келери, адамдын сөз эркиндиги, эркин оюн билдирүү сыяктуу укуктарын чектери жазылган. Эксперттердин айтуусунда, мыйзам долбоорун ишке ашыруунун механизми, каржы булагы көрсөтүлгөн эмес.

Буга чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги мыйзам долбоорун ишке ашыруу үчүн каражат жок экенин билдирген.

Министрдин орун басары Ильязбек Балташев мыйзам долбоору кабыл алынып калса, аны аткаруу үчүн ресурс жетишсиз экенин 2-июнда айткан эле:

Ильязбек Балташев
Ильязбек Балташев

“Министрликтин алдында Маалымат жана коммуникациялар департаменти бар болчу. Азыр ал жоюлуп, башкармалык иштеп жатат. Ал жерде 11 адам эмгектенет. Алар аккредитациядан өткөн, лицензия алган маалымат каражаттары менен жана борбордук аппарат болгондуктан, башка да кагаз иштери менен алектенет. Департаменттин күчү жетпей турганын билдиргенбиз. Министрлик аткаруучу орган болгондуктан, мыйзам чыгаруу органы кандай мыйзам чыгарса, кандай болбосун аткарууга туура келет”.

Президент кол койгон мыйзамдын өзүндө жазылгандай, ал жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. Бирок ошол эле документте Министрлер кабинети чечимдерин үч айлык мөөнөттө ушул мыйзамга ылайык келтирүүгө милдеттендирилген. Тиешелүү министрликке кошумча кызмат орундарын түзүп, бюджетти кайра карап, каражаттарды бөлүштүрүү чаралары менен мыйзамдын иштеп башташы андан да узарышы мүмкүн.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG