Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:43

Бекешев: Бийлик сынды мыйзам менен токтото албайт


Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

Парламент депутаты Дастан Бекешев президент Садыр Жапаров кол койгон “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам тууралуу пикирин Фейсбуктагы баракчасына жазды. Бекешев бул мыйзам "фейк- аккаунттарга" эмес, бийликти ачык сындагандарга колдонулат деп эсептейт.

“Бирок, бул мыйзам бийликке жардам бербейт. Интернет баракчаларды жаап, бөгөт коюу менен өзүңдү сүйдүрө албайсың. Коркутасың, бирок сыйга татый албайсың. Эгерде адамга жей турганга эч нерсе жок болсо, бийликке жек көрүүсү күчөй берет. Аны эч кандай бөгөт токтото албайт”, - деп жазды.

Президент Садыр Жапаров “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга кол койду. Маалыматта Конституцияга ылайык, ар бир жаран өз ар намысын коргоого укуктуу экенин, кол коюлган мыйзамда анын аткарылышына шарт түзүлөрү жазылган.

Аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 28-июлда кабыл алган. Ага ылайык, өкмөт "жалган же анык эмес маалымат" тууралуу жеке адам, уюм тарабынан жазылган арыздын негизинде ал маалыматты тараткан интернет сайтты жаап кое алат. Маалымат бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирип, көлөкө түшүргөн учурда бул мыйзам колдонулат.

Кабыл алынып жаткан учурда бир нече эл аралык уюмдар президентти ага кол койбоого чакырган билдирүү таратышкан. Укук коргоочулар мыйзам сөз эркиндигин чектөөгө алып келет деп эсептешет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG