Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:41

Бишкек - Ош жолундагы кырсыктан 9 киши каза болду


ӨКМ тараткан сүрөт.
ӨКМ тараткан сүрөт.

Бишкек - Ош авто жолунун 201-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) Honda Stepwgn менен Volvo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кагышып, тогуз киши каза болду - бир бала, алты аял, эки эркек. Бир адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Кыргызстанда акыркы айларда жол кырсыгынан каза болгондор көп катталып жатат. Кыргызстанда быйыл жети айда 3982 жол кырсыгы катталып, 394 адам каза болду.

Расмий маалыматта айтылгандай, 2020-жылы Кыргызстанда 6126 жол кырсыгы, анын 2925и жети айда катталган. 754 адам каза болгон (анын 93ү бала), алардын 324ү (анын 34ү балдар) жети айда катталган. 2019-жылы 6663 жол кырсыгы катталып, 760 адам (91и бала) көз жумган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG