Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:52

Анкарада Кыргызстандын Эгемендигинин 30 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды


Эгемендиктин 30 жылдыгына арналган көргөзмө.
Эгемендиктин 30 жылдыгына арналган көргөзмө.

Түркиянын борбору Анкара шаарында Кыргызстандын Эгемендигинин 30 жылдыгына карата фотокөргөзмө ачылды. 23-августта иш-чаранын ачылышына Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев жана Анкара шаарынын мэринин жардамчысы Сержан Чыгын катышты.

Көргөзмөнү Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги жана Анкара мэриясы уюштурду.

Көрүүчүлөрдүн назарына Кыргызстандын булуң-бурчунан тартылган жана улуттук каада-салттарды чагылдырган ондогон сүрөттөр коюлду.

Анкара шаардык Искусство музейинде өтүп жаткан маданий иш-чара 28-августта жыйынтыкталат.

Түркия Кыргызстан эгемендик алгандан кийин дипломатиялык алака түзгөн алгачкы мамлекеттердин катарына кирет. Бул өлкөдө учурда 25 миңдей кыргызстандык мигрант жашап, эмгектенет.

1991-жылдын 31-августунда өлкө парламенти мамлекеттик эгемендик жөнүндө декларация кабыл алынган. Бул дата – Кыргызстандын Эгемендик күнү. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG