Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:58

CNN: Кабулдун аэропортуна АКШ менен НАТОго мүчө мамлекеттердин жарандары гана кирет


Кабул аэропортунда америкалык аскер оогандык бөбөктү сооротууда. 21-август, 2021-жыл.
Кабул аэропортунда америкалык аскер оогандык бөбөктү сооротууда. 21-август, 2021-жыл.

Вашингтон “Талибан” басып алган Ооганстандан чыгып кетүүнүн жалгыз жолу болуп жаткан Кабулдун аэропортуна кирүү эрежесин өзгөрттү.

Эми аэропорттун аймагына АКШ менен НАТОго мүчө өлкөлөрдүн жарандарын жана грин-карттын ээлерин гана киргизүү боюнча чечим кабыл алынганы белгилүү болду. Бул тууралуу CNN кабарлады.

Телеканалдын маалыматына караганда, АКШнын атайын иммиграциялык программасына документ тапшырган өкмөттө иштеген же эл аралык күчтөр менен кызматташкан оогандыктар дагы Кабулдун аэропортуна киргизилбейт. Каналдын маалымат булагы кире бериштеги документтерди текшерүүгө талибдер жардамдашып жатканын айткан. Анын ырасташынча, АКШ менен НАТОго кирген мамлекеттердин жарандары өздөрү менен бирге үй-бүлөлөрүн гана алып өтө алат.

Азыр аэропорттун ичинде Ооганстандан чыгып кетүүнү көздөгөн 20 миңдей адам калган. Алардын арасында аскердик курактагы ооган эркектери көп экени байкалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG