Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:41

Ысык-Көлдө сабалган эс алуучулар боюнча териштирүү башталды


Ысык-Көл.
Ысык-Көл.

Ысык-Көлдө сабалган эс алуучулар боюнча сотко чейинки териштирүү Жазык кодексинин 226-беренесинин (“Ээнбаштык”) негизинде жүрүп жатат. Бул тууралуу 23-августтаоблустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов “Азаттык” радиосуна билдирди.

Анын айтымында, окуя 22-августта болгон. Милицияга Чүйдүн Ысык-Ата районунан барган 19 жаштагы эс алуучу кайрылган. Ал Бостери айылындагы “Алтын кум” пансионатынын аймагындагы кафелердин биринен чыкканда бир топ бала аны жана жолдошторун сабап кеткенин айтып берген.

“Ыкчам тергөө иштеринин жыйынтыгында кылмышка шектүү катары алты адам аныкталган. Алар Бостери айылынын тургундары болуп чыкты. Алгачкы сурак учурунда күнөөсүн моюнга алышты”.

Жабыркаган жигиттин жараатын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлмөй болду.

Жайкысын Ысык-Көл турист эң көп каттаган аймакка айланат. Кыргызстандан гана эмес, чет өлкөлөрдөн да эс алуучулар көп барат. 2020-жылы пандемиядан улам көлгө каттагандар өтө аз болгон. Быйыл туристтик сезон кадимкидей уланууда. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG