Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:45

Байден: бир жумада 28 миң киши Ооганстандан чыгарылды


Жо Байден. АКШ президенти. 22-август,2021-жыл.
Жо Байден. АКШ президенти. 22-август,2021-жыл.

АКШ президенти Жо Байден 14-августтан бери Кабул эл аралык аэропорту аркылуу 28 миң киши Ооганстандан чыгарылганын билдирди. Анын ичинен 11 миң киши өткөн дем алыш күндөрү чыгарылган.

Жарандарды ташууга АКШнын аскер аба күчтөрүнүн эле учактары эмес, чартердик каттамдар менен өнөктөштөрдүн аскер учактары дагы көмөктөшкөн.

Пентагон аскер учактары жетишпей жаткандыктан америкалык алты жеке авиакомпанияга жардам сурап кайрылган. Коммерциялык учактар адамдарды убактылуу жайлардан ары ташып кетүүгө макулдашып, маселе чечилгенин билдирди.

Ошондой эле, Байден улуттук коопсуздук боюнча команда америкалык аскерлерди 31-августка чейин Ооганстандан толук чыгаруу мөөнөтүн узартуу маселесин талкуулап жатканын айтты.

Бул маселе айрыкча чыгарыла турган тобокелчилик топторунун коопсуздугун камсыздоодо маанилүү экени белгиленди.

НАТОнун өкүлү өткөн бир жумада аэропорттун айланасында жалпысынан 20 чакты адам өлгөнүн билдирди. Алардын көпчүлүгү топтошкон элдин арасында кысылып, тепсендиде калгандар. Айрымдарына болсо тартип сакчыларынын эскертүүчү же болбосо сырттагы белгисиз бирөөлөр аткан октор жаңылган болушу мүмкүн.

Азыркы учурда Кабул аэропортун АКШ менен Улуу Британиянын жана алардын союздаштарынын аскерлери кайтарууда. Алар аба майдандын учуу тилкесине чейин кирип барган сүрмө топторду улам артка кайтарып, коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылышууда.

Баштапкы күндөрү учуу тилкесине кирип барган оогандыктар абага көтөрүлгөнү жаткан америкалык аскер учактарына жармашып, айрымдары жабыркап, кээ бирөөлөрү каза тапканы белгилүү.

XS
SM
MD
LG