24-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад, Чүй, Ош облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Чүй, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын жок. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 16...21, күндүз 27…32;
Талас жергесинде түнкүсүн 10...15, күндүз 25…30;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 17…22, күндүз 30…35;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 21…26;
Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;
Бийик тоолордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 6…11;
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21, күндүз 30…32 градус болот.
Чолпон-Ата шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 21…23 градуска чейин жогорулайт.