Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:41

ЖККУ: Жапаров коопсуздук аракеттеринде биргелешип иш-алып барууну белгиледи


ЖККУнун жыйыны.
ЖККУнун жыйыны.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) видеоконференция форматында өткөн кезексиз отурумуна катышты. Ал Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу коопсуздук коркунучтарына даяр болуу үчүн кызматташуу жана жамааттык чараларды бирге аткаруу зарылдыгын белгиледи. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Ал эми орус президентинин сайты Владимир Путин ЖККУ өлкөлөрүндө диний радикализмдин жайылышын ооздуктоо, наркотрафикке каршы күрөшүүнү күчөтүү керектигин, Ооганстанда “Ислам мамлекети” радикал уюму бар экенин белгилеп, коркунучтарды эскерткенин жазды.

ЖККУга мүчө мамлекет башчылары Ооганстандагы абалды, аймактагы коопсуздукту талкуулады. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев конок катары катышты.

ЖККУ уюму 1992-жылы "тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту, туруктуулукту бекемдөө, жамааттык негизде коргонуу" максатында түзүлгөн. Ага Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчө. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG