Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:33

Бишкек-Торугарт жолундагы кырсык беш кишинин өмүрүн алды


ӨКМ тараткан сүрөт.
ӨКМ тараткан сүрөт.

17-августта Бишкек-Нарын-Торугарт авто жолунун 172-чакырымында жүргүнчү ташуучу "Мерседес-Бенц-Спринтер" менен жүк ташуучу машине кагылышып, беш киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.

Жүргүнчү ташып бараткан автоунаада ондон ашык адам болгон, анын бешөө каза таап, калганы жаракат алды.

Расмий маалыматка ылайык, 2020-жылы Кыргызстанда алты миңден ашуун жол кырсыгы катталып, 760 киши мерт болгон.

Быйыл алты айда 3400дөй жол кырсыгы катталып, 329 киши көз жумду. Ички иштер министрлиги кырсыктардын 80% айдоочулар күнөөлүү экенин билдирген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG