Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:28

ЖККУ: Жапаров чек ара маселесин козгоду


Тажикстан. Дүйшөмбү. ЖККУнун саммити. 16.09.2021
Тажикстан. Дүйшөмбү. ЖККУнун саммити. 16.09.2021

16-сентябрда Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн лидерлери (ЖККУ) саммитке чогулду. Бул саммит Ооганстанда бийликке талибдер ("Талибан" - Кыргызстанда тыюу салынган уюм) келип, Борбор Азияда коопсуздук маселеси курчуган мезгилде өтүүдө. Ага жараша уюмга мүчө өлкөлөрдүн президенттери негизги маселе катары Ооганстандагы соңку абалды талкуулашты.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров саммит учурунда ооган проблемасынан тышкары кыргыз-тажик чек арасы боюнча да маселе көтөрдү.

Башкы маселе - Ооганстан

2020-жылы пандемиядан улам онлайн форматта өткөн ЖККУнун саммити, бул жолу Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында кадимки шартта өттү. Орусиянын президенти Владимир Путин айланасындагы адамдардан коронавирус чыккандан кийин саммитке видео байланыш аркылуу катышты.

Уюмга мүчө мамлекеттердин президенттеринин жабык эшик артында өткөн жолугушуусунан кийин ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась маалымат жыйын курду. Анда ал жолугушууда Ооганстандагы соңку абал негизги маселе болгонун билдирди.

“Тилекке каршы, биз глобалдык жана регионалдык коопсуздук жаатында оң өзгөрүүлөрдү көрө албай жатабыз. ЖККУга мүчө мамлекеттердин чек араларынын бардык тарабында абал курч бойдон калууда. Мамлекет башчылары бүгүн талкуулаган негизги маселелердин бири – Ооганстандагы кырдаал болду”.

Саммит учурунда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Ооганстандагы кырдаал боюнча Кыргызстандын позициясын билдирди.

Жапаров региондо башкаруусу динге негизделген мамлекеттин калыптанышы, уюмга мүчө өлкөлөргө терс таасир этерин айтты. Ошондой эле, Кыргызстан Ооганстан менен достук мамилени сактай турганын, алардын ички иштерине кийлигишпөөнү жактаарын белгиледи.

“Биз Ооганстандагы кырдаалдын тез арада турукташуусуна жана бул өлкөнүн эли кабыл ала турган мамлекеттик түзүлүштүн варианты менен жаңы инклюзивдүү өкмөттүн калыптанарына ишеним артабыз”.

Жапаров ошону менен бирге эле ЖККУнун аймактык коопсуздукта сактоодогу ордуна токтолду:

"Биз ЖККУ алкагында мүчө-мамлекеттердин кызматташтыгына чөлкөмдөгү коопсуздуктун кепилдиги катары өзгөчө маани беребиз. Учурда чөлкөмдөгү болжонгус аскердик-саясий кырдаал чоң тынчсызданууну жаратууда жана ал тыгыз өз ара аракеттенүүнү талап кылат. Өз тарабыбыздан, биз биргелешкен ишти өз ара колдоо духунда улантууга даярбыз жана уюмдун бардык мүчө-мамлекеттерин буга чакырабыз".

Ооганстандагы саясий-аскердик абал курчуган шартта Орусия башында турган Жамааттык коопсуздук келишими уюму (ЖККУ) ишин күчөтүп, тажик-ооган чек арасына өзгөчө көңүл бурууда.

ЖККУга мүчө мамлекет башчылары Ооганстандагы абалды, аймактагы коопсуздукту "Талибан" кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) Кабулду алгандан кийин 23-августта видео конференция аркылуу чукул жыйында да талкуулаган.

Бул видео конференциядан кийин Тажикстанда жана Кыргызстанда уюмга мүчө мамлекеттердин аскердик машыгуусу өттү.

ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась маалымат жыйынында бир айдан кийин тажик-ооган чек арасында уюмдун дагы төрт аскердик машыгуусу болорун билдирди.

Саммитке видео байланыш аркылуу катышкан Орусиянын президенти Владимир Путин уюмга мүчө өлкөлөрдүн чек арасында чыныгы коркунуч пайда болгонун билдирди.

“Уюмга мүчө өлкөлөрдүн карамагына кирген аймакта жана тышкы чек араларында абал туруксуз гана эмес, коопсуздукка жаңы чакырыктар менен катар чыныгы коркунучтар пайда болду. АКШ жана коалициялык күчтөр жумшак айтканда аскерлерин чыгарып кетип, талибдер бийликке келгенден кийин ЖККУнун кезексиз жыйынында коркунучтар тууралуу пикир алышканбыз. Бардыгы азыркы абалда ЖККУга мүчө өлкөлөргө мурдагыдан дагы тыгыз байланыш жана биримдик керек экенин белгилешкен. Биз ошондой эле коопсуздукту камсыз кылуу үчүн ЖККУнун коргонуу жана саясий потенциалын каалаган убакта толугу менен колдонууга даяр турууну макулдашканбыз”.

Уюмдун ичиндеги карама-каршылык

Тажикстанда өткөн ЖККУнун жыйынында президент Садыр Жапаров уюмдаштарды кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалууга көңүл бурууга чакырды.

Садыр Жапаров аймактагы абалды эске алуу менен ЖККУга мүчө мамлекетке уюмдагы өлкө куралдуу кол салса, ЖККУнун алкагында ыкчам чара көрүү жана чечим кабыл алуу механизмдерин иштеп чыгууну сунуштады.

"Кыргызстан тынчтыкты сүйгөн, ачык жана демократиялуу мамлекет. Өзүнүн көз карандысыздыгынын алгачкы күндөрүнөн тартып коңшу өлкөлөр жана дүйнөдөгү башка мамлекеттер менен жалпы ырааттуу, достук, ынак коңшулук жана тең салмактуу саясатты жүргүзүп келет. Өлкөлөр ортосундагы талаштуу маселелерди тынчтык жолу, саясий жана дипломатиялык ыкмалар менен гана сүйлөшүү столунда чечүү зарылдыгы боюнча Кыргызстандын көз карашы өзгөрүүсүз калат".

Быйыл 28-апрелден 1-майга чейин кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжал чыккан. Анда Кыргызстан тараптан 36 киши (арасында эки бала бар) курман болуп, 180ден ашуун адам жараат алган. Жалпы 136 үй, бир нече мектеп, бала бакча жана башка социалдык объектилер өрттөлүп, талкаланган.

Тажикстандан 19 киши өлүп, 87 адам жарадар болгону расмий кабарланган. Согд облусунда 14 турак-жай бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалган.

Эки өлкө бул окуядан кийин бири-бирин айыптап, кылмыш ишин козгошкон.

Уюмга мүчө эки өлкөнүн ортосундагы куралдуу чек ара жаңжалы болгон маалда ЖККУ "абалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу керек" деген билдирүү таратуу менен чектелген.

Коргоо министринин мурдагы биринчи орун басары Мурат Бейшенов президент Садыр Жапаров саммит учурунда абдан туура маселе көтөрдү деп эсептейт.

“ЖККУ реформа болуш керек. Мисалы НАТОнун уставын кабыл алып, мындай маселелерди чечүү зарыл. ЖККУнун кагаз жүзүндөгү ишинен улам Бириккен Улуттар Уюму сыяктуу эл аралык уюмдар тоготпой жатпайбы. "Эгер уюмга мүчө мамлекеттер бири-бирине кол салса, башка мүчө мамлекеттер сөзсүз кийлигишүүсү зарыл" деп жазыш керек. Бул айрыкча кыргыз-тажик мамилесинде абдан зарыл. Бирок реформага акча керек, Орусия башка өлкөлөрдү дагы акча салгыла деп жатат. Алар акча кошпогондуктан Орусия өз талаптарын коюп жатпайбы”.

ЖККУнун саммити башталардан бир күн мурун уюмга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин, коргоо министрлеринин жана коопсуздук кеңешинин катчыларынын бирдиктүү кеңеши өткөн.

Анда ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась тажик-ооган чек арасындагы абал оор бойдон экенин, абал курчуп кетсе ЖККУга мүчө өлкөлөр Тажикстанга зарыл болгон аскердик-техникалык жардамды көрсөтүүгө даяр экенин билдирген.

Негизги маселе катары Ооганстандагы кырдаалды талкуулаган жыйындын соңунда ЖККУнун коопсуздук кеңешинин декларациясы кабыл алынып, 14 документке кол коюлду.

Дүйшөмбүдө ШКУнун да жыйыны өтөт

17-сентябрда Дүйшөмбүдө Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин президенттери да жыйын курат. 20 жылдык юбилейлик бул саммитте да Ооганстандагы соңку кырдаал негизги маселелердин бири болору айтылды.

2001-жылы түптөлгөн уюмга адегенде Кытай, Орусия, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан кирип, 2017-жылы Индия менен Пакистан кошулган.

ШКУ мүчөлөрүнүн “Талибанга” (Кыргызстанда тыюу салынган террордук уюм) карата көз караштары ар башка. Ошондуктан кантип жалпы мунасага келери белгисиз.

Ооганстан дагы уюмга байкоочу катары кирген, бирок Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 15-сентябрда “Талибан” кыймылы саммитке чакырылбаганын билдирген.

ШКУ 2001-жылы негизделгенден тарта эле өзүн жикчилдикке, экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүүгө багытталган көп тараптуу уюм катары көрсөтүп келүүдө.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG