Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2022 жума, Бишкек убактысы 01:38

ШКУ саммитинин күн тартиби - Ооганстан


Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити 17-сентябрда Дүйшөмбүдө өтөт. Архив сүрөт.

Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити 17-сентябрда Дүйшөмбүдө өтөт. Кытай, Орусия, Иран жана бир нече Түштүк жана Борбордук Азиянын өлкөлөрү Ооганстандагы кырдаалды талкуулайт.

Августта талибдер Ооганстан бийлигин колго алгандан кийин сентябрда ШКУ Тажикстанда саммит өткөрүп, региондогу коопсуздук маселесин күн тартибине койду.

Коопсуздук боюнча Евразиялык блоктогу Кытай, Индия, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан жыйында АКШ баштаган эл аралык коалиция күчтөрүнүн Ооганстандан чыгарылышы жана талибдердин бийликке кайтып келишинин кесепеттерин талкуулайт.

ШКУ мүчөлөрүнүн “Талибанга” (Кыргызстанда тыюу салынган террордук уюм) карата көз караштары ар башка. Ошондуктан кантип жалпы консенсуска келери белгисиз.

Уюм 2001-жылы негизделгенден тарта эле өзүн жикчилдикке, экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүүгө багытталган көп тараптуу уюм катары көрсөтүп келүүдө.

Орусиялык аскер техникасы Кыргызстанда өткөн ШКУнун террорго каршы машыгуусунда, 2016-жыл.
Орусиялык аскер техникасы Кыргызстанда өткөн ШКУнун террорго каршы машыгуусунда, 2016-жыл.

Ошондой эле ШКУ Евразиянын геосаясатын өзгөртүүгө аракет кылат. Уюмда үстөмдүк кылган Бээжин менен Москва блокту региондо кызматташуунун жаңы жолдорун табуу, ошол эле маалда бири-биринин регионалдык амбицияларын оздуктоо максатында колдонот.

Ооганстандагы абал ШКУга мүчө мамлекеттердин маселелеринен маанилүүрөөк болуп турган кезде, уюмдун буга реакциясы Кытайдын Евразиядагы таасирин жана блоктун келечегин аныктайт деп эсептесе болот.

Дүйшөмбүдөгү жолугушуудагы негизги маселе – Ооганстан болуп жатат. Бээжин “Талибан” менен байланыш түзүп, анын башкаруусун тааныды. Ооганстанга жардам көрсөтүү жана коронавирус вакцинасын берүү боюнча макулдашты.

Радикалдуу топ Кытайдын “Бир алкак, бир жол” демилгесин колдой турганын айтып, Бээжин ички коркунуч атаган уйгур жикчилдерине Ооганстанда жол бербейбиз деп убада берди.

Ооганстандан чет өлкөлүк күчтөрдүн чыгарылышы Кытайдын таасирин күчөтүүсүнө мүмкүнчүлүк берди. Бирок Бээжин азыр этияттап, таасирин күчөтүүдөн карманып турат. Кытай мындай кадам Ооганстандагы коопсуздук вакуумуна тартып кетпейби деп чочулайт. Ошондуктан Кытай мунун ордуна Борбордук жана Түштүк Азияда жалпы чечимди издеп жатат жана ШКУ ушундай форумга айланат деп үмүттөнөт.

“Талибан” менен кызматташууга даяр экенин Кытайдан сырткары Орусия дагы көрсөтүүдө. Тажикстан мурдагыдай эле “Талибанга” карата катаал мамиледе жана өлкөсүнүн ички коопсуздугуна дагы тынчсызданат. Өзбекстан белгилүү чекти карманып, бир эле учурда аталган топ менен байланыш түзүүгө жана чек ара тилкесиндеги башаламандыктан оолак болууга дагы аракет кылууда.

Пакистандын “Талибан” менен мамилеси татаал, бирок Исламабад аны калкалаган негизги өлкө. Индия болсо жоочуларды Пакистандын кол алдында деп эсептеп, Делинин мурдатан эле кооптонуусу бар.

Мындай бири-бирине каршы келген позициялардын ортосунан бир чечим кабыл алуу оңой болбойт.

Ооган темасынан сырткары саммитте Ирандын толук кандуу мүчөлүгү талкууланат. Андан сырткары уюм сентябрдын соңунда Орусияда биргелешкен машыгуу өткөрмөкчү.

Кандай жыйынтык болушу мүмкүн?

ШКУ “Шанхай бешилигинин” мураскери катары 2001-жылы түзүлгөн. Бул уюм СССР ыдырагандан кийин чек ара талаштарын чечүү боюнча аянтча катары аракеттенип, кийин коопсуздук, экономикалык өнүгүү жана гуманитардык жардам боюнча кеңири багыттарды алды.

“Талибандын” куралдуу жоочулары Кабулдагы ИИМ имаратынын жанында. 16-август, 2021-жыл.
“Талибандын” куралдуу жоочулары Кабулдагы ИИМ имаратынын жанында. 16-август, 2021-жыл.

Уюм буга чейин "ишке караганда куру сөзү көп" деген сынга кабылып келген. Ооганстан маселеси узак убакыттан бери ШКУнун көңүл борборунда турду. Бирок иш жүзүндө аракеттер солгун болду. Айталы, төмөнкү деңгээлдеги жолугушуулар, Ооганстандын уюмга байкоочу катары гана тартылышы.

ШКУнун алкагындагы чектөөлөр тилекке каршы атайын жасалган. Блок Кытайдын демилгеси аркылуу болгону менен Орусия Борбор Азияны өзүнүн "таасириндеги өлкөлөр" катары карайт. Бээжин болсо региондогу таасиринин өсүшү Москва үчүн өтө сезимтал маселе экенин жакшы түшүнөт. Ал эми ШКУ - бул кайсы бир деңгээлде негизги эки оюнчу кантип кызматташат дегенге эксперимент десек болот.

2017-жылы ШКУнун кеңейип, ага Индия менен Пакистандын мүчө болушун көпчүлүк байкоочулар Кытайдын таасирин азайтуу үчүн Орусиянын амалы катары караган.

Ооганстандагы кырдаал курчугундан кийин Орусия аскердик кызматташуусун жандантып, ЖККУ алкагында Борбор Азия өлкөлөрүндө бир нече машыгууларды өткөрдү.

ШКУ жана Кытайдын таасири

Акыркы жылдары Евразияда Бээжиндин таасири өстү. Бирок ШКУнун иши натыйжалуу болуп жатабы деген чоң суроо.

Уюмдун мүчөлөрү карама-каршы пландарына чырмалып турганда Кытай “Бир алкак, бир жол" сыяктуу ири долбоорлор аркылуу таасирин күчөтүп, экономикалык кубатына таянууда.

Кытайлык саясатчылар мурдагыдай эле олуттуу көйгөйлөргө көп тараптуу мамилени баалайт жана Ооганстанда башкы ролду ойногон АКШ сыяктуу өзүн көрсөтүүгө умтулбайт. Андыктан Бээжин чакырыктарга жамааттык жооп берүүгө аракет кылып жүрөт.

Бээжиндин мындай стратегияны кармана турганын Кытайдын тышкы иштер министри Ван И июль айындагы Борбор Азия өлкөлөрүнө иш сапарында дагы кыйыткандай болду.

Рид Стэндиштин макаласы.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG