Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:21

Ооганстандагы абал ЖККУнун ишин күчөттү


Баткендеги аскердик машыгуу
Баткендеги аскердик машыгуу

Ооганстандагы абал курчуганы Жамааттык коопсуздук келишими уюму (ЖККУ) иш-аракеттерин күчөтүүдө. Орусия уюмга мүчө мамлекеттер менен абадан коргонуунун аймактык бирдиктүү системасын түзүүнү сунуштап жатат. Тажикстанга ар тараптуу аскердик колдоо көрсөтүлүп, тынымсыз аскердик машыгуулар өтүүдө. ЖККУ ишин трансформация кылып жаткан чакта, Кыргызстан кандай жагдайларга көңүл бурушу керек?

1-сентябрда президент Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Станислав Засты кабыл алды. Жолугушууда аймактык коопсуздукту жана Дүйшөмбү шаарында өтө турган ЖККУнун саммити талкууланган.

"Тараптар уюм алкагында өз ара аракеттенүүнүн, регионалдык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоонун актуалдуу маселелерин ошондой эле, Дүйшөмбү шаарында өтө турган ЖККУ саммитин талкуулашты. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан ЖККУ алкагында ага мүчө мамлекеттер менен кызматташтыкка чөлкөмдөгү коопсуздуктун гаранты катары өзгөчө маани берерин белгиледи, - деп айтылат президенттик администрация тараткан маалыматта.

15-16-сентябрда Дүйшөмбү шаарында уюмдун жогорку деңгээлдеги саммити болот. Бул Ооганстанда бийликке талибдер келип, коопсуздук маселеси курч турган мезгилде өткөнү турат.

ЖККУга мүчө мамлекет башчылары Ооганстандагы абалды, аймактагы коопсуздукту 23-августта видео конференция аркылуу чукул жыйында да талкуулаган. Ага Өзбекстандын президенти да конок катары катышкан. Ооганстандагы саясий - аскердик абал курчуган шартта Орусия башында турган Жамааттык коопсуздук келишими уюму (ЖККУ) ишин күчөтүп, тажик-ооган чек арасына өзгөчө көңүл бурууда.

Кыргызстандын коргоо министринин мурдагы биринчи орун басары Мурат Бейшенов кыргыз бийлиги Ооганстандагы абалдан улам ЖККУ активдешкен учурда, туура багыттарды коюп, өз кызыкчылыгын сүрөш керек деген пикирде.

Бейшенов Ооганстандагы абал, ЖККУнун трансформация болуп жатышы кыргыз-тажик чек арасын чечип алуудагы эң ыңгайлуу учур деп баалады.

“Тажикстан Ооганстан менен чектеш мамлекет катары коркунучтуу аймакта турат. Ошондуктан ага көңүл бөлүнүп жатат. Биздин жетекчилик азыркы кырдаалды абалыбызды бекемдеп алууга пайдаланса туура болот. ЖККУ активдүү иш аракет жүргүзүп жатканда Тажикстан менен чек араны чечип, бекемдөөгө көңүл бурушубуз керек. Президент абалды колдон чыгарбашы керек деп ойлойм. Анткени мындай учур башка болбойт. Ооганстан көңүл чордонунан кеткенден кийин кайра эле мурдагы абалга келебиз. Кыргызстан ЖККУнун мүчөсү катары аскердик күчүн сунуштай албаса дагы кандайдыр бир программаларды сунуштап, сүйлөп туруш керек. Мен Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыковду көрбөй жатам”.

Ооганстан менен чектеш Тажикстанда ЖККУнун аскердик машыгуулары өтүп, ар тараптуу аскердик колдоо көрсөтүлүүдө.

Буга чейин Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Ооганстандагы кырдаал Тажикстанга коркунуч туудурса Орусия аскерий жардам көрсөтүүгө, тажик армиясын курал-жарак жана аскер техникасы менен акысыз жабдыганга даяр экенин айткан.

Августтун аягында Тажикстандын тоолу Самбули аймагындагы аскер полигонунда беш жүздөй Орусиянын аскеринин катышуусу менен аскердик машыгуулар өттү. 7-9-сентябрь күндөрү аскердик машыгуулар Кыргызстанда өтөт.

Мындан сырткары тажик-ооган чек арасына жакын тилкелерде дагы үч аскердик машыгуу уюштурулары, төртүнчүсү ноябрь айына пландаштырылып жатканы айтылган.

Кыргызстандын мурдагы коргоо министри Абибилла Кудайбердиев 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясы Ооганстан Кыргызстанга жакын экенин көрсөткөнүн белгилеп, Кыргызстан аскердик-техникалык базасын чыңдаш үчүн мүчө уюмдардан жардам алышы керек экенин айтты.

Абибилла Кудайбердиев
Абибилла Кудайбердиев

“ЖККУ Кыргызстанга жардам берип келет, бирок өтө аз. Кыргызстанда каражат тартыштыгы курал-жаракты жаңылаганга, аскердик техникаларды алганга жетпей жатпайбы. Ошондуктан ЖККУдан аскердик жардам сураш керек, анын эч уяты жок. Бирок ЖККУдан гана эмес Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер менен мамилени оңдоп, ал жактан дагы жардам алсак болот. Андан сырткары Түркия, Азербайжан жана башка мамлекеттер деле жардам беребиз деп жатпайбы. Бирок баары чеги менен болсо. Башка мамлекеттер жөндөн-жөн эле жардам бере бербейт”.

Кыргыз бийлиги Ооганстандагы абал курчугандан бери абалга көз салып турганы жөнүндө билдирүү тараткан.

Президент Садыр Жапаров Эгемендиктин 30 жылдыгына карата кайрылуусунда, Кыргызстандагы дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууда жана жергиликтүү медиалардын бирине берген маегинде кыргыз армиясынын күч-кубатын жогорулатуу иши жүрүп жатканын белгилеген.

“Региондогу кырдаалдын өзгөрүшүнө байланыштуу тез арада чек ара аймактарыбызды бекемдеп, көзөмөлдөө ишин активтештирүү менен бирге кыргыз армиясынын курал-жарак жана аскердик техникасын толуктап, аскердик күчтөрүбүздүн күжүрмөндүүлүгүн жогорулатуу учурдун негизги максаты деп эсептейм”.

Ал тапта Кыргызстан өзүнүн аба мейкиндигин Орусия менен биргеликте коргоо боюнча келишим түзүүгө аракеттенип жатканын орусиялык ТАСС агенттиги КМШнын коргоо министрлеринин координациялык комитетинин төрагасы Юрий Греховго шилтеме кылып жазды.

Анда Орусия ЖККУга мүчө мамлекеттер менен абадан коргонуунун аймактык бирдиктүү системасын түзөрү айтылат.

Греховдун айтуусунда Тажикстан менен ушул жылдын жазында түзүлгөн келишим ратификациядан өтүү алдында турат. Кыргызстан менен келишим түзүү иши жүрүүдө, Армения жана Казакстан менен сүйлөшүү деңгээлинде.

Орусиялык сайттар 1-сентябрда Астрахань облусунда өтүп жаткан аскердик окууда кыргызстандык аскерлер биринчи жолу С-300 зениттик-ракеталык системасынан атып, практикалык окуу өткөрөрүн жазышты.

Эске салсак президент Садыр Жапаровдун ушул жылдын февраль айында Орусияга жасаган сапары учурунда Орусия Кыргызстанга учкучсуз учактарды жана С-300 үлгүсүндөгү зениттик ракеталык комплексти берери белгилүү болгон.

Атайын кызматтын отставкадагы полковниги Таалай Жумадылов Ооганстан коркунучу тууралуу буларга токтолду:

“Геосаясатта айныгыс эки эреже бар. Биринчиси - ар бир мамлекет өзүнүн улуттук кызыкчылыгын көздөйт. Экинчиси - чоң оюнчулар кичине өлкөлөрдү колдонот. Орусия Ооганстандагы абал коркунуч туудуруп жатканын сезип жатат. ЖККУга мүчө мамлекеттер Орусиянын колтугундагы, буфердик аймак. Кыргызстан Ооганстандагы коркунучка жалгыз туруштук бере алабы? Элестетсеңиз, коалиция күчтөрү 300 миң аскер дайындаган, Талибан кыймылынын 70 миң аскери бар болчу. Биз 400 миңге жакын тишине чейин куралданган, 20-30 жылдан бери согуш тажрыйбасы бар коркунуч менен кеп келүүдөбүз. АКШ жана коалциялык күчтөр 850 млрд. доллардык аскердик техниканы таштап кетишти. Биз бул коркунучка каршы тура алабызбы? Жооп белгилүү. Ошондуктан бизге ЖККУ деген коопсуздук кол чатыры камсыздап берет.

ЖККУ уюму 1992-жылы "тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту, туруктуулукту бекемдөө, жамааттык негизде коргонуу" максатында түзүлгөн. Ага Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчө.

Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов Ооганстандагы абалдан улам ЖККУга мүчө мамлекеттерге Орусиянын таасири эбегейсиз өсөрүн билдирди.

Аскар Бешимов
Аскар Бешимов

"Орусиянын таасири эбегейсиз өсөт. Орусия Борбор Азия мамлекеттерине жооптуу мамлекет катары кабыл алынып калды. Андыктан алардын өз талабы болот. Ал эми Тажикстанга жардам берилип жатканы түшүнүктүү. Анткени биринчи коркунучта турат. Бирок Орусия берип жаткан жардамын кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга колдонбойт деген кепилдик берет деп ойлойм".

Кыргызстанда Орусиянын бир нече аскердик объектиси бар. Алардын эң чоңу - Канттагы аскердик аба базасы. Москванын карамагында Канттагы аскер аба майданы, Ысык-Көлдөгү Кой-Сары жана Кара-Булуң торпеда сыноо полигону, Чалдыбардагы байланыш түйүнү жана Майлуу-Суудагы сейсмикалык борбор турат.

Ал арада 1-сентябрда Кошмо Штаттардын Дүйшөмбүдөгү элчилиги тажик-ооган-өзбек чек арасында чек ара бекети куруларын билдирди. Элчинин айтымында, 2002-жылдан бери АКШ Тажикстанга коопсуздук жаатында 300 миллион долларлык жардам көрсөткөнү белгиленет.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG