Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:39

Садыр Жапаров: Күчтүү өлкө куруу кыялым ишке аша баштады, быйыл киреше чыгашадан көп болот


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Кыргызстан күчтүү мамлекет болуу үчүн азыр экономикасын жана армиясын күчтөндүрүп жатат. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров Коомдук телерадио корпорациясынын Кыргызстандын көз каранды эместигинин 30 жылдыгына карата "Эгемендик баасы" көрсөтүүсүндө сүйлөп жатып билдирди.

Өз сөзүндө Жапаров күчтүү мамлекет куруу кыялы ишке аша баштаганын, бийликке келген бир жылга жете элек убакта “кандай кемчиликтер бар экенин көрүп-билгенин”, коргонуу үчүн бүт жаңыланып жатканын, келерки жылга чейин “толук болбосо да, кол салып келген душмандын бутун сындырып, белин омуруп кое турган армия түзүүгө баратканын” айтты.

Ошону менен катар президент экономикада жакшы көрсөткүчтөр болорун белгиледи:

“Жаңы техника алып келип жатабыз. Акча бөлүп жатабыз. Былтыр мен келген убакта 20 миллиарддын тегерегинде дефицит болчу бюджетте. Жылдын аягында пенсия, жөлөкпул төлөй албай калабызбы деген коркунуч болгон. Аны да бердик. Кытайга карызыбыздын былтыркы жыл үчүн 35 миллион доллары бар эле, аны да жаап кутулдук. А быйыл жылдын аягында, Кудай буюрса, профицитке чыгабыз деп күтүлүүдө. Экономикабызды жана армиябызды күчтөндүрүп жатабыз”.

Расмий маалыматка караганда Кыргызстандын экономикасы быйыл жарым жылдын жыйынтыгында 1,7% төмөндөдү. Мамлекеттик карыз (ички жана тышкы карыз) 416 миллиард сомдон ашып турат.

Профицит – өлкөнүн кирешеси чыгашасынан көп болгондогу көрсөткүч. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG