Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:56

Байден менен Зеленский жолугушту


Владимир Зеленский (оңдо) жана Жо Байден (солдо). Вашингтон. 1-сентябрь. 2021-жыл.
Владимир Зеленский (оңдо) жана Жо Байден (солдо). Вашингтон. 1-сентябрь. 2021-жыл.

1-сентябрда Вашингтондо Ак үйдө АКШ президенти Жо Байден менен Украинанын мамлекет башчысы Владимир Зеленский жолугушту. Бул Зеленскийдин украин президенти катары Америкага биринчи сапары.

Көзмө-көз жолугушууда Зеленский АКШга Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Кабул аэропортундагы жарылууда курман болгон 13 америкалык аскер үчүн көңүл айтты.

Ал ошондой эле, коопсуздук жаатында эки тараптуу кызматташууну бекемдөөгө, НАТОго мүчөлүктү талкуулоого жана Украинанын чыгышындагы кырдаалды тескөөдө АКШнын ролу тууралуу сүйлөшүүгө үмүттөнөрүн билдирди.

Жо Байден АКШ Украинанын көз карандысыздыгы жана аймактык бүтүндүгү үчүн Киевди "орус агрессиясынын" алдында мурункудай эле туруктуу колдоого аларын билдирди. Ошол эле учурда ал Вашингтон Киевден демократияны бекемдөөчү реформаларды күтүп жатканын кошумчалады.

Тараптар чогуу маалымат жыйынын өткөргөн жок.

Алардын биргелешкен билдирүүсү кийинчерээк Владимир Зеленскийдин "Твиттердеги" баракчасына жарыяланды. Анда эки өлкөнүн кызматташтыгы мурдагыдан да бекем экени тууралуу жазылган. Мындан тышкары АКШ Украинага 60 млн. долларлык аскердик жардам берүүгө даяр экени да айтылат.

Жалпысынан 2014-жылдан бери АКШ Украинага 2,5 млрд. долларлык аскердик жардам берген. Анын ичинен 400 млн доллары 2021-жылы берилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG