Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 00:33

ИИМ ондогон адамды тыңшаганын моюнга алды


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын милициясы октябрь окуяларын тергеп-иликтөөнүн алкагында ондогон адамдын телефону бир ай бою тыңшалганын ырастады.

Бир катар жарандык активисттер бул мыйзамсыз жүргүзүлгөнүн айтып, ички иштер министри, башкы прокурор өңдүү кызмат адамдарынын жоопко тартылышын талап кылып жатышат.

Тыңшоо ушул жылдын башында, президенттик шайлоо маалында жүргөнү, тизмеде Садыр Жапаровдон башка мамлекет башчылыкка талапкерлер бар экени дагы суроо жаратты.

Милиция октябрь окуяларын териштирип-тергөөнүн жүрүшүндө ондогон саясатчылардын жана алардын жакындарынын, жарандык активисттердин, укук коргоочулардын телефондору тыңшалганын бышыктады. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Адинай Шаршеева тыңшоо бир айга созулганын маалымдады.

"Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында айрым шектүү адамдар менен байланышын текшерүү максатында, Тергөө кызматы Биринчи май райондук сотуна айрым адамдардын телефон сүйлөшүүсүн 2021-жылдын 6-январынан 2021-жылдын 10-февралына чейинки аралыкта угууга уруксат берүү өтүнүчү менен кайрылган. Өтүнүчтү Биринчи май райондук соту канааттандырган. Көрсөтүлгөн убакыт өткөндөн кийин атайын тергөө аракеттери уланган жок жана сот анын убактысын узарткан эмес".

Телефону тыңшалгандардын арасында Жогорку Кеңештин азыркы жана мурдагы депутаттары, саясатчылар, жарандык активисттер, укук коргоочулар жана быйыл 10-январда өткөн президенттик шайлоодо ат салышкан Абдил Сегизбаев, Адахан Мадумаров, Клара Сооронкулова, Курсан Асанов өңдүү саясатчылар бар.

Сооронкулова тизмеде октябрь окуяларына тиешеси жок адамдар бар экенин белгиледи. Ошондой эле соттун токтомунда тыңшоо мөөнөтү так көрсөтүлбөгөнүн айтты.

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

"Тыңшагандан башка дагы аңдуу деген бар да. Бул өзгөчө шайлоо убагында күчөйт. Колубузга бир эле токтом тийип калды да. Болбосо бул "мамлекеттик сыр" деп ачыкташпайт. Бирок кандай учурда тыңшоо болушу мүмкүн экени мыйзамда так көрсөтүлгөн. Эгер оор же өтө оор кылмышка шектелип жатса, кандайдыр бир далилдерди чогултуу керек болсо, ошонун баарын текшерүү керек болсо, ошону жүйө кылып тергөөчү сотко алып барат. Сот анын баарын изилдейт, жөн эле тыңшата берген болбойт. Алар 5-октябрда "Ак үйгө кирип, мүлкүн талкалаган адамдарды тергеп-текшерип атабыз" деп жатышат. Ал жерде ошол окуяга эч кандай тиешеси жок адамдар жүрөт. Биз го мейли, ошол тегеректе жүрдүк. Сания Токтогазиева, Таттыбүбү Эргешбаева, Нурбек Токтакунов дегендердин дегеле тишеси жок да. Бул бир эле факт болуп жатат, негизи толтура. Укук коргоо органдары жашыруун тергөө амалдарын өз билгениндей өткөрүп жатканын билдирет. Анан көзөмөл жок. Булардыкы белгилүү да, жеңил жагын издейт. Аларды көзөмөлдөгөн прокурор иштеши керек да. "Эмне үчүн кылмышка тиешеси жок адамдардын жеке жашоосуна киришип жатасыңар", деп сурашы керек эле да. Баары бир тарапта болуп жатат.

Прокурордун, соттун үстүнөн дагы бир көзөмөл -парламенттик көзөмөл болушу керек эле. Биз аны дагы айтып келе жатабыз. Жашыруун ыкмаларды кандай колдонуп жатышат, адам укуктарын бузган жокпу деп көзөмөлдөп турушу керек болчу. Парламенттик комиссия түзүлүп, мунун баары тергелиши керек. Өнүккөн, адам укуктары сакталган өлкөдө бул сенсация болмок. Импичент жарыяланып, кызматтан кетмек. Бир ай гана тыңшаган болсо, ошол токтомдо көрсөтүлүшү керек эле. Негизи уруксат, санкция кыска убакытка гана берилет. Мен ошондой мөөнөт чектелгенин көргөн жокмун. Ошон үчүн бир ай гана тыңшаганын тастыктаган эч нерсе жок", - деди Клара Сооронкулова.

Айрым жарандык активисттер, саясатчылар тыңшоо чуусунан улам ички иштер министринин, башкы прокурордун иштен алынышын, дагы башка кызмат адамдарынын жоопко тартылышын талап кылып жатышат. Бул тизмеде журналист, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун өкүл баласы Турсунбек Бейшенбеков да бар.

"Атамбаевдин тушунан тартып эле мени тыңшап жатышат деп ойлочумун. Кечээги тизмеге кошулуп калганым күтүүсүз болгон жок. Сезчүмүн, билчүмүн. Тизмени карасам анда президенттикке талапкер болгондордун жана алардын жакындары жүрөт. Курсан Асанов дагы талапкерлигин койгон. Ошондуктан талапкерлердин эң жакын эки-үч адамын кошо уккканбы деп ойлоп койдум. Октябрь окуяларына келе турган болсок, анда ал жакта болгондордун баарын угуш керек да. Ошол жактагы 13 партиянын өкүлдөрүн, депутаттардын көбүн угуш керек болуп калат", - деди Бейшенбеков.


Башкы прокуратура октябрь окуяларынын тергелишине байкоо жүргүзүп жатканын айтуу менен гана чектелди. Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 31-августта тыңшоого байланыштуу журналисттердин суроосуна жооп берүүдөн баш тарткан.

Тыңшалган адамдардын арасында Жогорку Кеңештин кеминде үч депутаты бар. Алардын бири Дастан Бекешев бул жагдайды парламенттин жыйынында көтөрүп чыгарын маалымдады.

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

"Биздин мамлекетте саясатчыларды дайыма эле тыңшап жүрүшкөн. Соттун чечими барбы же жокпу, угуп эле жүрүшөт. УКМК мурда эле "СОРМ" деген жабдууну коюп, уюлдук операторлорду, интернет-провайдерлерди милдеттендирип, угуп келишкени тууралуу айтылган. Бул жерде судья өзү мыйзамсыз чечим чыгарды. Себеби "Прокуратуранын ыйгарым укуктары тууралуу" конституциялык мыйзам бар. Ошол жерде так жазылган. Жогорку Кеңештин депутаттарына башкы прокурор иш козгойт. Атайын тергөө амалдары, телефон тыңшоолор кылмыш иши козголгондо гана башталат. Депутаттарга байланыштуу сотко башкы прокурор өзү кайрылышы керек болчу. Алар болсо фактыга байланыштуу иш козголгонун айтып жатышат. Бирок депутаттын кол тийбеситиги сакталышы керек эле. Судья Чыңгыз Бердимуратов мыйзамсыз чечим чыгарды, кийин ал буга жооп берет".

Биринчи май райондук соту судья мыйзамга ылайык чечим чыгарганын билдирип, дооматтарды четке какты.

"2020-жылдын октябрындагы башаламандыкка байланыштуу соттук өндүрүштүн алкагында мекемелер аралык тергөө тобунун башчысы атайын тергөө амалдарын жүргүзүү тууралуу өтүнүч менен кайрылган. Тергөө иштериндеги судья өз ыйгарым укуктарынын алкагында бул өтүнүчтү канааттандырган", -деп айтылат билдирүүдө.

Деген менен телефону тыңшалган депутаттардын бири Каныбек Иманалиев тыңшоону адам укугу одоно бузулган учур катары сыпаттады.

Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

"Бул Бакиевдин, Атамбаевдин учурунда деле болгон. Кийин деле болуп жатат. Бул мыйзамсыздык. Кыргызстанда болуп жаткан укук жана тартип жаатындагы башаламандыктын бир көрүнүшү. Мен октябрь окуяларына дегеле катышкан эмесмин. Кой-Таш окуясына катышкан эмесмин. Укуктук жактан тыңшоого эч негиз жок. Мамлекеттик төңкөрүшкө же мыйзамсыз аракетке барган эмесмин. Оппозициячыл көз караштагы саясатчыларды дайыма угуп келишкен, мындан ары дагы угушат. Ошонун айынан Кыргызстанда толкундоолор, нааразычылык болуп жатпайбы. Былтыр эле менин жанымдан эки диктофон табылган, бирөөндө жанымда Равшан Жээнбеков бар болчу, экинчисинде дагы бир саясатчы бар эле. Бул өкүнүчтүү. Бул мен үчүн эмес, мамлекет үчүн өкүнүчтүү. Кылмышкерлерди, террорчуларды кармагандын ордуна мамлекеттик кызматтагы адамдарды душман көрүшөт. Мен кайсы бир саясатчыга оппозициямын, бирок мен мамлекетке оппозиция эмесмин. Мен го мен, бирок жанагы жөнөкөй жарандарды угуп эмне кылышат, ага кандай акысы бар? Алардын мамлекеттик төңкөрүш кылгыдай курал-жарактары жок. Биздин ушундай коомдо жашап жатканыбыз өкүнүчтүү. Тескерисинче алар адамдын укугун коргошу керек эле".

Кыргызстанда телефон тыңшоого байланыштуу бир катар чуулуу окуялар катталган.

Былтыр февраль айында "Садыр Жапаровго боштондук" кыймылы Бишкектеги башкы кеңсесинде тыңшоочу аппараттар коюлганын айтып чыккан жана буга байланыштуу атайын кызматты айыптаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG