Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:57

Саясатчыларды тыңшоонун бүдөмүк жактары көп


Каныбек Иманалиев, Мелис Карыбеков жана Талантбек Исаев.
Каныбек Иманалиев, Мелис Карыбеков жана Талантбек Исаев.

Бишкектеги “Обама” кафесинде Патрулдук милициянын мурдагы башчысы Талантбек Исаев, депутат Каныбек Иманалиев, ишкер Мелис Карыбеков чогуу тамактанган жерге жашыруун коюлган диктофон табылды. Алардын биринин жазган арызынын негизинде укук коргоо органдары фактыны териштире баштады. Бул саясатчылар менен укук коргоочулардын жолугушууларынан жашыруун үн жаздыруунун биринчи аракети эмес.

“Обама” кафесинде 7-февраль күнү болгон жолугушууда Патрулдук милициянын мурдагы башчысы Талантбек Исаев, депутат Каныбек Иманалиев жана парапсихолог, ишкер Мелис Карыбеков болгон. Тамактанып бүткөндөн кийин алар отурган столдун астынан жашыруун коюлган диктофон таап алышкан.

Сүрөтттүн окуяга тиешеси жок.
Сүрөтттүн окуяга тиешеси жок.

Бул маалыматты “Азаттык” радиосуна Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев бышыктады:

- Мелис Карыбеков, Талантбек Исаев үчөөбүз чогуу тамактаналы дегенбиз. Мен Салянованын сотуна барыш үчүн эртерээк кетейин деп туруп баратканда мен отурган жердин жанынан кичинекей диктофон табылды. Мен шашып кетип калдым, ал экөө болсо аны териштирип калышкан.

Талантбек Исаев да бул кабарды ырастап, диктофонду ким, кандай максатта койгону түшүнүксүз болуп жатканын айтты:

Кафенин өзүнүн камераларында тартылган видеону көрсөк, диктофонду ошо жердин эле официанты жабыштырып коюптур.

- Столдун астына менин колум тийип кеткен учурда диктофон түшүп кетти. Болгону ошол. Кийин кафенин өзүнүн камераларында тартылган видеону көрсөк, диктофонду ошол жердин эле официанты жабыштырып коюптур. Эми ал эмнеге койгонун же аны ким койдурганын билбейм. Мен ага кызыккан деле жокмун. Андайга көнүп деле калганбыз.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, чогуу түштөнгөндөрдүн үчүнчүсү, ишкер Мелис Карыбеков диктофондун кимге тиешелүү экенин териштирип берүүнү сурап Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына кайрылды. Бул тууралуу ишкердин өзүнөн маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Ички иштер министрлигинин маалымат бөлүмүнүн башчысы Бакыт Сеитов "Обама" тамактануучу жайында табылган диктофонго байланыштуу төмөнкүдөй маалымат берди:

- Атайын иликтөө тобу окуя болгон жерге барып, кафенин администраторун, официантты жана башка тиешелүү кишилерди суракка алган. Ошо жерде бир жылдан бери иштеген официант ал үч киши отурган жерге үн жаздыруучу каражат коюп койгонун толугу менен мойнуна алды. Официант ага каражатты чала тааныш жигит бергенин, аны да жакшы тааныбай турганын айтты. Бирок ошол материалдардын баары алынды, тиешелүү кишилердин көрсөтмөлөрү алынды. Иликтөө иштери жүрүп жатат. Бирок мага азыр эле маалымат келди, бул факты боюнча материалдардын баары Бишкек шаардык прокуратурасына өткөрүлүп берилиптир. Эми иликтөөнү Башкы прокуратура улантабы же Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет улантабы - аны прокуратура органдары чечет.

Жашыруун коюлган диктофонго тиешеси бар-жогу жана ал боюнча фактыны иликтөө тууралуу УКМК да, Башкы прокуратура да маалымат бере элек.

Бишкектеги "Обама" кафеси.
Бишкектеги "Обама" кафеси.

"Обама" кафесинин башкаруучу администратору Айгерим Абакирова болсо диктофонду алардын кызматкери эмес, башка бир кардар коюп койгонун билдирди.

Кантсе да бул окуя коомчулукта “атайын кызматтар саясатчылардын үнүн ар кандай ыкмалар менен жаздырат” деген түкшүмөлдөрдү күчөттү. Саясатчы Эдил Байсалов буларга токтолду:

Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

- Акыркы жылдардагы эле практикаларды алсак, саясатчылардын сүйлөшүүлөрүн жаздырып алып, аны кылмыш ишин козгогонго пайдаланып келе жатышпайбы. Буга мисалдар көп. Ошол эле Бектур Асановдун, Бекболот Талгарбековдун камалышын деле карап көрсөк, бардыгы “ютуб-сенсациядан” башталган. Бир жактан үндөрүн жаздырып алган, ошону монтаждап, кескилеп, анан элге “душман” катары көрсөтүшкөн. Террорчулар менен күрөшпөстөн, алар оппозициячы саясатчылардын үндөрүн жаздырып алып, Атамбаевге болобу же азыркы президентке болобу, даярдап беришет. “Сизди минтип жамандап жатыптыр, тигиндей сүйлөптүр” дешет. Анан албетте, атайын кызматтар саясатчылардын же ишкерлердин ар кандай сүйлөшүүлөрүн жаздырып, сырларын билип алып кайра аны өздөрүнө шантаж катары колдонушат. Бирок мен муну “атайын кызматтар” деген атка жамынган уюшулган кылмышкерлер деп эсептейм. Жеке адамдардын үнүн жаздырууга эч кандай мыйзамдык негиз жок. Бул адамдардын эркиндигине каршы кылмыш.

Маалым болгондой, буга чейин укук коргоочу Азиза Абдирасулова аны тыңшоо жүрүп жатканын, эл аралык адистер менен отурган жерден диктофон таап алганын айтып чыккан. Ал бул боюнча Башкы прокуратурага да арыз жазган. Бул ишке УКМК тиешеси жоктугун билдирген.

Кийин "Сөз эркиндигин коргоо комитетинин" төрагасы, активист Адил Турдукулов саясатчылар жана журналисттер менен жолугушкан эки башка учурда эки диктофон таап алганын жарыялаган.

“Прецедент” укук коргоо уюмунун жетекчиси, юрист Нурбек Токтакуновдун айтымында, атайын кызматтар үн жаздырууга укугу бар, бирок ага сот уруксат бериши керек:

Нурбек Токтакунов.
Нурбек Токтакунов.

- Атайын кызматтарда кайсы бир ишти иликтөө учурунда адамдардын үнүн жаздырып алууга укугу бар. Бирок ага сот уруксат бериши керек, соттон санкция керек. Силер айтып жаткан факты учурунда андай санкция барбы же жокпу - аны айта албайбыз. Бирок бизде сотторду билесиңер. Эгер атайын кызматтар бирөөлөрдүн үнүн жаздырып алса, санкцияларды арткы дата менен деле жаздырып алышат. Негизи илгертен бери милиция, атайын кызмат, бүт баары эле ушинтип иштейт. Азыр сотко да, башка укук коргоо органдарына да ишенич жок. Биз алардан корголгон эмеспиз. Алар каалаган адамдын сүйлөшүүсүн тыңшашы мүмкүн, мисалы, менин артымдан деле ошентип тыңшап жүрүшөт дайыма. Ошон үчүн адамдар жашыра турган нерсеси болсо өздөрү ойлонсун, болбосо жашыра турган нерселерди кылбай коюш керек. Жашыра турган эч нерсең жок болсо, сени эч ким деле аңдыбайт. Ал эми үндү жаздырып алып Интернетке жарыялап жиберишсе, анын мыйзамдуулугун эч ким деле карабайт. Үнүн жарыяланган адам маскара болот, болду, ошону менен кала берет.

Генерал-майор Талантбек Исаев былтыр иниси, Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев “төңкөрүш жасоого аракет кылган” деген шек менен кармалгандан кийин ИИМдеги кызматын өз эрки менен тапшырып берген. Канатбек Исаевге байланыштуу жарыяланган тасмалардагы сүйлөшүүлөрдө Каныбек Иманалиевдин да аты аталган эле.

Ошол аудиотасмалардын негизинде Канатбек Исаевге Кылмыш-жаза кодексинин 27-беренеси ("Кылмышка даярдануу"), 233-беренеси ("Калайман башаламандык") жана 295-беренеси ("Бийликти күч менен басып алуу же кармап турууга аракеттенүү") боюнча президенттик шайлоо алдында кылмыш иш козголгон. Депутат 30-сентябрдан бери камакта отурат.

Ага чейин козголгон дагы бир кылмыш ишинин негизинде "Токмок шаарынын мэри болуп турганда жемкорлукка барган" деген айып менен Канатбек Исаевге Бишкектин Биринчи май райондук соту быйыл 4-январда 12 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG