Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:35

Pegasus: тымызын тыңчылыктын жаңы деңгээли


Pegasus программасын иштеп чыккан NSO Group компаниясынын Тель-Авивдин четиндеги кеңсеси, 28-август 2016-жыл.
Pegasus программасын иштеп чыккан NSO Group компаниясынын Тель-Авивдин четиндеги кеңсеси, 28-август 2016-жыл.

Pegasus тыңчылык программасы тууралуу маалыматтын ачыкка чыгышы дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө чоң талкууга жем таштады. Израилдик компанияга таандык бул программа миңдеген адамдарды, анын ичинде жүздөгөн саясатчылар менен журналисттерди бутага алганы белгилүү болду.

Тыңшоого дуушар болду деген ондон ашуун дүйнөлүк лидердин арасында Казакстандын жана Франциянын президенттери да бар. Дүйнөдө телефон тыңшоо же жарандардын жүрүм-турумун тымызын көзөмөлдөө аракети жаңы технологиянын өнүгүшү менен ого бетер күчөдүбү? Мындай шартта катардагы адамдар купуялуулугун кантип коргой алышат? Бул жана башка суроолорго “Арай көз чарай” талкуусунда жооп издедик. Талкууга Бишкектен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков, Алматыдан Factcheck.kz сайтынын башкы редактору, журналист Думан Смаков жана Берлиндеги кыргызстандык программист, IT инженер Нурсултан Турдалиев катышты.

- Равшан мырза, Pegasus тыңчылык программасы кыргызстандыктарды бутага алганы азырынча толук белгисиз. Эл аралык иликтөөчү журналисттердин колуна тийген тизмеде бул программанын тыңшоосуна дуушар болушу мүмкүн деген 50 миңдей адамдын аттары жана телефондору бар. Журналисттер аларды четинен жарыялап жатышат. Сиздин оюңузга, бул тыңчылык программа тууралуу ачыкка чыккан маалыматтар дүйнө үчүн, анын ичинде чөлкөм үчүн эмнеси менен маанилүү болуп турат?

Равшан Жээнбеков: Саясатчыларды, өзгөчө жарандык коомдун активисттерин, бийликке жакпаган журналисттерди атайын кызматтар, бийликтер же укук коргоо органдары аңдып, жазып, керек болгон учурда ошол маалыматтарды кандайдыр башка бир булактар аркылуу сыртка чыгарып келгенин бардыгыбыз эле жакшы билебиз. Биз Кыргызстанда деле мындай нерселерге көп дуушар болобуз.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков.

Бирок дүйнөлүк аренада, деңгээлде көрүнүктүү компаниялардын авторитардык мамлекеттерге атайын программаны сатып, аларга кандайдыр бир деңгээлде башка көз караштагы адамдарды, керек болсо мамлекеттин башында турган президенттерди, маанилүү мамлекеттик кызматчыларды, оппозицияны тыңшоого шарт түзүп бергени биринчи жолу ачыкка чыгып, абдан чоң резонанс жаратып жатканы – бул бир жагынан жакшы көрүнүш. Экинчи жагынан албетте өкүнүчтүү нерсе.

Бирок биз Кыргызстанды айтып коюшубуз керек. Биз бул нерсени дайыма эле көрүп, билип келебиз. Өзгөчө акыркы 10-15 жылдын ичинде бул абдан күчөдү. Pegasus программасын айтпаганда деле Кыргызстандын өзүнүн техникалары, өзүнүн мүмкүнчүлүктөрү, жабдыктары аркылуу атайын кызматтар биздин баарыбызды эле аңдып, жазып, сыртка маалымат таратып келе жатканын баарыбыз жакшы билебиз.

Талкуунун толук аудио версиясын бул жерден уга аласыз:

Pegasus: тыңчылык жана тынчсыздануу (Аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:31 0:00
Түз линк

- Pegasus программасын израилдик NSO Group компаниясы иштеп чыккан. Бул компания айыптоолорду четке кагып, программаны текшерүүдөн өткөн, адам укуктарын бузбай турган мамлекеттерге гана берерин билдирип жатат. Ушул программаны колдонгон өлкөлөрдүн арасында Казакстан да бар. Ачыкка чыккан тизмеде казакстандык 2 миңдей адамдын номери бар экен. Думан мырза, Казакстанда негизинен кимдер тыңшоого дуушар болгону сизге белгилүү?

Думан Смаков: Азыр сегиз адамдан башка кимдер бар экени белгисиз. Factcheck.kz “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбооруна” (OCCRP) өтүнүч жолдоп, эгерде кандайдыр маалымат чыкса, биз менен бөлүшүүнү сурандык. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты алдыда жакшы айтып кетти.

Казакстандагы Factcheck.kz сайтынын башкы редактору Думан Смаков.
Казакстандагы Factcheck.kz сайтынын башкы редактору Думан Смаков.

Өкүнүчтүүсү, мыйзам үстөмдүгү сакталбаган авторитардык мамлекеттер көбүнчө бийликке жакпаган, ага каршы жүргөн же бейтарап маалымат таратып, чындыкты айткан, иликтөөчү журналисттерди, коомдук ишмерлерди, активисттерди жана саясатчыларды бутага алып жатат.

Мисалы, менин кесиптешим, курч темаларда материал жазып жүргөн Informburo.kz сайтынын журналисти Серикжан Маулетбайдын тизмеде болушу Казакстанда бутага алынган башка да журналисттер бар дегенди туюнтат. Ал тизмеде мен да, “Азаттыктын” казак кызматынын да, телеканалдарда иштеген башка кесиптештерим да болушу мүмкүн. Башкача айтканда, тыңшоого дуушар болгон адамдардын тизмесинде Казакстандагы көз карандысыз, бейтарап маалымат тараткан журналисттер болушу ыктымал.

Экинчи бир маселе. Казакстанда Назарбаев президенттигин тапшыргандан кийин коом ойгоно баштады. Ага чейин коом уйкуда болчу. Митингдер же жарандык коомдун иш-чаралары абдан сейрек өтчү. Укук коргоочу Бахытжан Торегожинанын бул тизмеде болушу да ушуга байланыштуу. Торегожина айым Казакстанда жарандык коомдун өкүлдөрүнүн укугун коргоо менен алек болуп келет.

- Казакстанда тыңшалышы мүмкүн деген адамдардын арасында казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин, премьер-министри Аскар Маминдин аттары чыкты. Казакстандын бийлиги мындай кабарларга расмий реакция кылдыбы? Кимдер тыңшаганы айтылдыбы?

Думан Смаков: “Азаттыктын” казак кызматындагы кесиптештерим бийлик өкүлдөрүнөн, анын ичинде Улуттук коопсуздук комитетинен, Санариптешүү министрлигинен, Ички иштер министрлигинен ушул суроону сураган экен. Бардыгы жакшы жооп беришкен жок. Кээ бирөө “билбейбиз” десе, айрымдары “биздин буга тиешебиз жок” деп жооп беришти. Андан башка расмий маалымат таратышкан жок.

- Нурсултан, сиз IT тармагында иштегениңиз үчүн жаңы технологиялардын мүмкүнчүлүгүн дагы жакшы билсеңиз керек. Pegasus программасы колдонуучуга билдирбестен анын телефонундагы маалыматтарды көчүрүп алып турары кабарланды. Бул тыңчылык программа кандай иштерин түшүндүрүп бересизби?

Нурсултан Турдалиев: Бул программа өтө татаал. Өтө кыйын жасалган программа деп айтсак болот. Дүйнөдө телефондорго ыңгайлашкан эки эле операциондук система бар. Бул Android жана IOS. Демек, бул программа Google компаниясынын да, Apple компаниясынын операциондук системасын бузуп кирет.

Германияда иштеген кыргызстандык программист Нурсултан Турдукулов.
Германияда иштеген кыргызстандык программист Нурсултан Турдукулов.

Телефондун үч катмары бар. Биринчиси, темир-тезек же телефондун өзү. Экинчи катмары – бул Android же IOS деген операциондук системалар. Анын үстүнө WhatsApp, Telegram же Signal сыяктуу программалар, тиркемелер жазылат.

Бул жерде операциондук системанын деңгээлиндеги бузуп кирүү болуп жатат. Бул IOS же Android телефону бар дүйнөдөгү бардык адамдар коопсуз эмес дегенди билдирет. Бардык адамдарды тыңшап, видеого тартып, микрофонун же камерасын иштетип, кайда жүргөнүн билип турса болот экен.

Булар кандай кылышкан? Операциондук системанын да каталары болот. Туура эмес жазып койгон учурлар болот. Анткени кынтыксыз иштеген программа жок. Pegasus программасы ошол катаны колдонот.

Кантип тарашы мүмкүн? Сенин телефонуңду эле билсе, телефон номериңе бир чалуу келсе, ага жооп бербесең деле, телефонуңду бузуп кирип кетет жана Pegasus программасы орноп калат. Аны эч ким билбейт.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG