Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:31

OCCRP тыңчылык программа аркылуу тыңшалган лидерлердин тизмесин жарыялады


Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү борбору (OCCRP) Pegasus тыңчылык программасынын жардамы аркылуу тыңшоо мүмкүн болгон бир катар мамлекеттердин башчыларынын жана эл аралык уюмдардын жетекчилеринин ысымдарын атады.

Анда Франциянын, Мексиканын, ТАРдын, Ирактын президенттери, Марокконун королу, Пакистан менен Египеттин премьер-министрлери жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы 2016-жылдан бери өздөрүнүн смартфондоруна киргизилген вирус аркылуу тымызын аңдууга кабылганы айтылат.

OCCRP президенттер, премьер-министрлер жана королдор колдонгон смартфондор Израилдин NSO Group компаниясы иштеп чыккан Pegasus тыңчылык программасынын жардамы аркылуу тыңшалып келгенин ырастаган материалдарды талдап чыкты.

Жалпысынан дүйнөдөгү 34 мамлекеттеги 600дөң ашуун аткаминер жана жогорку кызмат адамы тыңшалганы белгиленди.

Буга чейин аталган тизмеде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, премьер-министр Аскар Мамин жана Алматынын акими Бакытжан Сагинтаев да бар экени аныкталган. OCCRP тараткан маалыматта Касым-Жомарт Токаев менен Аскар Маминди тыңшоону алардын өздөрүнүн өлкөсү жүргүзгөн болушу мүмкүн экени көрсөтүлгөн.

Pegasus программалык камсыздоосу телефон сүйлөшүүлөрдү, смс-билдирүүлөрдү жаздырып алып, уюлдук телефондо тартылып сакталган видео жана сүрөттөрдү көчүрүп, GPS аркылуу колдонуучунун кайда жүргөнүн жашыруун билип турганы аныкталган.

Иликтөө 2016-жылдан бери аңдуу жүргүзүлгөнү аныкталган 50 миңден ашуун телефон номурдун тизмесине негизделген.

Тизме Forbidden Stories жана Amnesty International уюмдары аркылуу алынган.

Чалгын кызматтары үчүн чыгарылган Pegasus камсыздандыруу программасын израилдик NSO Group компаниясы иштеп чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG