Линктер

жума, 20-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:43

Укук коргоочулар Кыргызстанда тыңшоолордун жана жазылып алынган тасмаларды жайылтуунун мыйзамдуулугу боюнча маселе бар экенин айтышууда.

Бирок алардын айтымында, үнү же бейнеси интернет аркылуу жайылтылган жарандардын бири дагы тыңшоонун мыйзамдуулугу боюнча сотко кайрылган эмес.

Ошол эле кезде буга чейин айрым саясатчылар жана коомдук активисттер ал материалдардын негизинде оор кылмышка айыпталып, соттолуп жаткан учурлары бар.

Улуттук коопсуздук органдары кылмышка шектелгендер гана мыйзамда каралган тартипте тыңшала турганын жүйө келтирип, оор кылмыштарды даярдоонун алдын алууда андай далилдердин мааниси чоң экенин белгилеп келишет.

Алдын ала жарыялоого адистешүү

Соңку жылдары массалык башаламандык жана бийликти күч менен басып алууну даярдоого айыпталгандардын дээрлик көпчүлүгү мына ошондой тыңшоолордун негизинде кармалган.

Алардын айрымдары соттолуп, учурда жаза мөөнөттөрүн өтөп жатат. Бирок мына ошол оор кылмышка айыпталгандардын жазылып алынган аудио жана видео далилдер канчалык мыйзамдуу жолдор менен алынганы адатта ачык айтылбайт.

Мыйзам боюнча мыйзамсыз жолдор менен табылган же бурмаланган аудио-видео тасмалар сотто далил заты катары каралбайт.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова соттун айыптоо өкүмү чыга электе ал оперативдик материалдардын жарыяланышы мыйзамсыз экенин айтты:

- Бул жерде тыңшоолор канчалык мыйзамдуу жүргүзүлүп жатканын билбейбиз. Бирок мыйзамдуу тыңшап, материалдарды жаздырып алгандан кийин деле ал адамдын кылмышка чынында эле катышы барбы же жокпу? Анын кылмышы далилдендиби же жокпу? Аны карабай туруп эле тергөө жүрүп, соттук териштирүү аяктаганга чейин эле интернетке же маалымат каражаттарына чыгып кетпеши керек болчу. Материалдардын коомчулукка дароо жарыяланышы алдын ала эле коомдук пикирди түзүп, ал адамды соттун өкүмүсүз эле күнөөлүү кылып коюу - бул мыйзамга сыйбайт.

Ошол эле кезде Кыргызстанда оор мамлекеттик кылмышка айыпталгандар же алар менен телефондо сүйлөшкөнү жазылып алынган башка бир жарандар мына ошол тыңшоолордун мыйзамдуулугу боюнча прокуратура жана сот органдарына кайрылганы каттала элек.

Адатта алардын айрымдары тыңшалып, жазылып алынган үндөр алардыкы эместиги же кескиленип алардын мазмуну бурмаланганы тууралуу гана билдирүүлөр менен чыккан учурлар бар.

Азиза Абдирасулова тыңшалган адамдар тыңшоонун мыйзамсыздыгын териштирүү боюнча сотко кайрылбай жаткан жагдайга токтолду:

- Ошол үндөрү жазылып алынып, анысы интернетке чыгып кеткен саясатчылар өздөрү прокуратурага жана сотко кайрылып, кылмыш ишин козгоо боюнча арыз жазып, мына ошол тыңшоолордун мыйзамдуулугун аныктоонун артынан түшкөн эч ким болбой жатат. Бекназаровдун жазылып алынган аудио тасмасы канча жолу чыкты? Бектур Асановдун жана башка бир саясатчылардын тыңшалып, жазылып алынган үндөрү интернетке чыкты. Мына ошол чыккан материалдар кылмыш ишине тиркелиши керек. Анда мына ошол тыңшоого эмненин негизинде сот уруксат бергени көргөзүлөт. Ошону эми "мыйзамсыз тыңшалдым" деген жабырлануучу тарап аны териштирүүнү талап кылып, тыңшоонун мыйзамдуулугун далилдеп берүү боюнча прокуратура жана сот органдарына кайрылганын уга элекмин. Мына ошол иштер туура эмес жол менен жасалып жатканын көрүп эле турабыз. Бирок аны укуктук жактан баасын алуу үчүн мына ошол саясатчылар өздөрүнүн укугун коргоп чыгышы керек болчу. Бирок алар эмнегедир унчукпайт. Алардын унчукпаганы мына ошол телефондук тыңшоолор аркылуу жазылып алынган иштин мазмуну боюнча күнөөнү мойнуна алганга барабар.

Укуктук кайдыгерлик

Анткен менен телефон байланыштары тыңшалып, жазылып алынган сүйлөшүүлөрү алдын ала интернет аркылуу жайылтылган айрым саясатчылар анын мыйзамсыздыгын далилдөө бир топ татаал иш деп эсептешет.

Бекназаров өз айыбын өзү ачтыбы?

16-августта интернетке жарыяланган жарым сааттык видеотасмадан саясатчы Азимбек Бекназаровдун журналисттерге берген маегинен кийинки ээн-эркин сүйлөшүүсүн көрүүгө болот.

Телефондук сүйлөшүүлөрү бир нече жолу интернетке жарыяланган саясатчы Азимбек Бекназаровдун айтымында, ал үчүн бул маселе боюнча арызданып, анын аягына чейин соттук териштирүүгө баруунун мааниси деле жок:

- Жыйынтыгы кандай болоруна көзүң жетип туруп, анан ага карата арыздануунун кандай пайдасы бар? Мен негизи эле журналисттерге жана мени дайыма тыңшап, үнүмдү интернетке жайылтканды өнөкөткө айланткан адамдарга карата арызданбайм. Негизи менин арызым жок эле прокуратура өзү "Бекназаровду же Бектур Асановду эмне үчүн уктуң деп териштириши керек". Андай кылышпайт. Анан ошол эле иш боюнча Бектур Асанов, Дастан Сарыгулов дегендер арызданышпадыбы. Жыйынтыгы эмне болду? Жыйынтык жок. Аларды угуп дагы коюшпады. Канчалык убаракерчиликтен башка эч нерсе болгон жок. Анткени мына ошол райондук соттон баштап баары тыңшоолорду жүргүзгөн уюмдун, "үч тамганын" көзөмөлүндө турушат.

Мыйзамдуу тыңшоонун тартиби

Кыргызстанда мыйзамдуу тыңшоолорду жүргүзүү "Ыкчам иликтөө ишмердүүлүгү жөнүндө" жана "Электрондук жана почта байланыштары жөнүндө" мыйзамдардын негизинде жүргүзүлөт. Анда кабыл алынган "Ыкчам иликтөө иш-чараларын техникалык камсыздоо системасында" (СОРМ) кылмыш иши козголгон же кылмышка шектелген жарандардын кат алышуу жана телефондук сүйлөшүүлөрүнө байкоо салуу тартиби камтылган.

Токон Мамытов
Токон Мамытов

Улуттук коопсуздук органдарынын ардагери, өкмөт башчысынын кеңешчиси Токон Мамытов атайын кызмат ар бир эле саясий активдүү жаранды аңдуу менен алектенбестигин айтып, оор мамлекеттик кылмыштардын алдын алуу үчүн тыңшоо мыйзамдуу экенин белгиледи:

- Парламент бул багытта кандай иш алып баруунун тартибин караган мыйзамдарды кабыл алып берген. "Ыкчам иликтөө иш-чараларын техникалык камсыздоо системасын" колдонуу боюнча жана мобилдик операторлор менен сүйлөшүлүп, бул багытта парламенттин жана өкмөттүн токтомдору дагы чыккан. Анда бул системаны колдонуунун так тартиби аныкталып, бекитилген. Уюшкан кылмыш топторуна, террордук-экстремисттик уюмдарга жана башаламандык же бийликти күч менен басып алууну көздөгөн күчтөргө каршы чараларды көрүү жагы атайын каралган. Бул жерде башында кандайдыр бир оперативдик маалыматтар болсо, ошонун негизинде иликтөө жүрүп, материалдар топтолуп, анын негизинде тыңшоого соттон уруксат алган бир топ эрежелер бар. Анан эле атайын кызмат баса калып эле жөн эле жүргөн жаранды аңдып, тыңшап, анан ага жөн эле турган жеринен айып коюп, камай бермек беле? Атайын кызматты жөнү жок эле жерден айыптай берген буга окшогон "мифтер" көптөн бери айтылып жүрөт. Бирок ага эч кандай негиз жок. Кылмыштардын алдын алуу, айрыкча массалык башаламандыктарга алып келчү оор мамлекеттик кылмыштардын алдын алуу үчүн тыңшоолор мыйзамдын негизинде гана жүргүзүлөт. Анан эле күнөөсүз эле адамдарга айып коюп, алардын сүйлөгөн сөздөрүн бурмалап, айып коюу мүмкүн эмес.

Баш мыйзамда жарандын кат алышууларынын, электрондук байланыштарынын жана телефондук сүйлөшүүлөрүнүн купуялуулугу мамлекет тарабынан корголо турганы көрсөтүлгөн.

Буга чейин айрым укук коргоочулар 2015-жылы "Ыкчам иликтөө иш-чараларын техникалык камсыздоо системасын" колдонуу Баш мыйзамга каршы келерин айтып, Конституциялык палатага кайрылган болчу. Бирок Конституциялык палата арызды четке кагып, аны Баш мыйзамга шайкеш келет деп тапкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG