Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:56

Байланыш оператору тыңшоо тартибине нааразы


2014-жылы 30-июнда Жогорку Кеңеш “Электрондук жана почта байланышы тууралуу” мыйзамды бекиткен.
2014-жылы 30-июнда Жогорку Кеңеш “Электрондук жана почта байланышы тууралуу” мыйзамды бекиткен.

Кыргызстандагы ири байланыш операторлорунун бири Winline (Sapatcom) компаниясы телефон жана интернет байланыштарды көзөмөлдөөчү СОРМду колдонууга каршы.

Компания мына ушуга байланыштуу өзүнүн жана ага караштуу кардарлардын коопсуздугу менен укугун коргоо үчүн Конституциялык палатага арызданды. Жакында өкмөт “Электрондук жана почта байланышы” мыйзамына ылайык, байланыш операторлорун тыңшоочу жабдууну орнотууга милдеттендирген болчу.

Пассивдүү көзөмөл Баш мыйзамды бузабы?

Кыргызстанда зымы жок телефондук байланышты камсыздаган Winline (Sapatcom) компаниясы байланыш операторлорунун эсебинен тыңшоочу жабдууну орнотуп, тыңшоо жана көзөмөлдөөнүн Баш мыйзамга шайкештиги боюнча маселени көтөрүп чыкты. Ошондуктан бул компания өзүнүн жана абоненттеринин кызыкчылыгын коргоо үчүн Конституциялык палатага кайрылды. Winline компаниясынын башкы директору Акан Макаев бул мыйзамды жана нускаманы караган өкмөттүн токтомун Баш мыйзамга каршы келет деп табуу өтүнүчү келтирилгенин белгиледи:

- Өкмөттүн токтому менен мына ошол инструкция бекитилген эле. Ошого ылайык бүт байланыш операторлору жабдууну орнотууга тийиш экен. Биз муну карап чыгып, каршы болгонбуз. Анткени тыңшоону 24 саат бою пассивдүү көзөмөлгө алуу менен мыйзамдын укуктук ченемдерин бузууга шарт түзүлөт экен. Биз ошондуктан аны Баш мыйзамга туура келбейт деген жыйынтыкка келдик.

Марага жеткен макулдук

2014-жылы 30-июнда Жогорку Кеңеш “Электрондук жана почта байланышы тууралуу” мыйзамды бекиткен. Ошону менен бирге эле СОРМду колдонуу шарттарын караган өкмөттүн токтому чыккан. Ага ылайык электрондук жана мобилдик байланыш операторлорун ыкчам-иликтөө ишмердигин жүргүзгөн органдар менен кызматташуунун тартиби иштелип чыккан. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин расмий өкүлү Рахат Сулайманов бул тууралуу мына буларга токтолду:

- Бул мыйзамдын шарттары менен талаптары буга чейин коомдук талкуудан өтүп, анан бекитилген. Тиешелүү тараптардын бардыгы ага макулдук берген. Байланыш операторлорунун бирлигинин сунуштары дагы мына ошол мыйзамга киргизилген болчу. Кылмыштын алкагында бирөөнүн сөзүн тыңшоо соттун чечими менен гана болот. Анан эми ар кимди эле угуу мүмкүнчүлүгү болуп калат деп шек санаган туура эмес.

Ошол эле кезде мамлекет байланыш операторлорун тыңшоочу жабдууну өзүнүн эсебинен алууну милдеттендирет. Мындай кымбат баалуу жабдуу үчүн мамлекет операторлорго салыктан жеңилдик караган эмес. Ошондой эле маалымат базасына тиешелүү органдардын кирүүсүнө күнү-түнү мүмкүнчүлүк берүүгө байланыш операторлору милдеттенме алган. Акан Макаев бул ишкер чөйрөнүн укугун тебелейт деген пикирде:

- Муну ар бир компания өз эсебинен сатып алуу үчүн ал аябай эле кымбат. Анан эми мамлекет ушул маселени зарыл деп жүктөгөндө, жок дегенде салыктан жеңилдик берип же башка бир жагы менен кызыктырганда жакшы болот эле. Азыр мамлекет жөн эле бизден өктөм талап кылууда. Албетте, террорчул уюмдарды кармоо үчүн мына ушундай система керек. Бирок биз мына ошонун мыйзамдуу жагы гана калса деген ойдобуз.

Буга чейин укук коргоочу Нурбек Токтакунов да ыкчам издөө ыкмаларынын тартибин Баш мыйзамга каршы келет деп табуу боюнча Конституциялык палатага кайрылган болчу. Анда Баш мыйзам кепилдик берген телефондук сүйлөшүүлөрдүн жана кат алышуулардын купуялуулугуна коркунуч туулган жагдай көрсөтүлгөн эле.

XS
SM
MD
LG