Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:02

Тымызын тыңшоо демилгеси тынчсыздануу жаратты


Кыргызстандагы укук коргоо кеңеши жарандардын телефондорун тыңшоо, интернет байланыштарын аңдуу тууралуу Транспорт жана байланыш министрлигинин демилгесине каршы билдирүү менен чыгышты.

Укук коргоочулар бул жарандардын укугуна жана эркиндигине шек келтирет деп эсептешет.

Телефон тыңшалып, интернет байланыш көзөмөлдөнөт

Билдирүүдө айтылгандай, Транспорт жана байланыш министрлиги демилге көтөрүп жаткан токтом долбоорунда бардык байланыш провайдерлери өз абоненттеринин телефон аркылуу сүйлөшүү, СМС билдирүү, интернет байланыштарын чогултуп, УКМКга берүүгө тийиш. Ошондой эле бул соттун уруксатысыз жүргүзүлөт, тыңшоо-аңдууларга кеткен бардык чыгымдар байланыш провайдерлеринин мойнуна жүктөлөт. Мунун баары өлкөнүн Баш мыйзамына каршы келерин “Азаттыкка” Укук коргоо кеңешинин мүчөсү Дмитрий Кабак айтты:

- Маалымат чогултуунун купуялуулугуна арналган бардык кадамдар, анын ичинде жарандардын телефон сүйлөшүүлөрүнө, интернет байланыштарына ар кандай кийлигишүүлөр сот чечими менен гана жүргүзүлүүгө тийиш. Бул демилгенин ээлери өздөрүнүн долбоорун мыйзамдан да өйдө коюуга аракеттенип жатышат. Ошондуктан, биз бул маселеге Жогорку Кеңеш көңүл буруусун каалайт элек.

Укук коргоочулар кеңеши Кыргызстанда мындай аракеттер адатта терс максатта колдонулуп, саясий шантаждын куралына айлануусу ыктымалдыгы, муну менен адам укугу жана эркиндиги бузуларын айтып, ошондой эле жаңыдан түптөлүп келе жаткан парламенттик башкаруу системасына олуттуу коркунуч келтирерин баса белгилешүүдө.

СОРМ

Жарандардын телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоо, интернет байланыштарын аңдууга байланышкан карама-каршы пикирлер мурда да айтылып келген. Телефон сүйлөшүүлөрдү тыңшап, интернеттеги каттарды окуп, андагы түз сүйлөшүүлөрүнө чейин аңдууга мүмкүнчүлүк берүүчү атайын жабдыктар Чукул иликтөө иш-чаралар системасы деп аталат. Айрым маалыматтар боюнча бул жабдыктарды мурдагы президент Курманбек Бакиевдин Күзөт кызматын башкарып турган бир тууган иниси Жаныш Бакиев 2008-2009-жылдары алдыртып келип, бардык интернет провайдерлерге, уюлдук компанияларга, “Кыргызтелекомго” орноткон.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тыңшоо-аңдуу жүргүзүү ар кандай террордук актылардын жана башка жаман иштердин алдын алууга мүмкүнчүлүк берерин, бул мамлекеттин жана элдин коопсуздугу үчүн жүргүзүлөрүн бекемдөөдө.

Ал эми Коопсуздук кеңешинин мурунку төрагасы Марат Иманкулов атайын кызмат тыңшоо-аңдууларды соттун чечиминин негизинде гана жүргүзүүгө тийиш деп эсептейт:

- Мамлекеттик коопсуздукту сактоо, Кыргызстанды тышкы агрессорлордон коргоо максатында жана башка өлкөнүн кызыкчылыктары үчүн мындай тыңшоо-аңдууларды жүргүзүүгө бир катар мамлекеттик органдарга уруксат берилет. Алар: ИИМ, УКМК. Бирок анын баары сот чечими менен гана ишке ашырылат. Ал үчүн убактысы так көрсөтүлүп, конкреттүү адамдарга атайын сот чечими чыгарылып, анын негизинде гана тыңшоо жүргүзүлүүсү керек.

Кимдин кызыкчылыгы үчүн?

Мурдагы бийликтин тушунда алып келинген тыңшоо-аңдуу каражаттары бүгүн да кадимкидей бийликтин атаандаштарына каршы колдонулуп жатат деген пикирлер да жок эмес. Бул маселе бир нече жолу парламент депутаттары тарабынан да көтөрүлгөн. Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков бул демилгени депутаттар көпчүлүк добуш менен колдоп берсе, Кыргызстанда жарандардын эркиндиги тууралуу сөз болууга да мүмкүн эмес деди:

- Анткени андай коркунуч бар, себеби бизде азыр Улуттук коопсуздук кызматы бир гана кишиге иштейт. Биздин учурда ал президент. Коопсуздук кызматы өкмөт башчыга да, парламентке да баш ийбейт. Ошондуктан, тыңшоо-аңдуулар менен чогулган маалыматтардын баары президенттин колуна түшөрү турган иш. Ал маалыматтардын баары жүз пайыз болбосо да, бир адамдын кызыкчылыгына иштөө коркунучу аябай жогору.

Жарандардын телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоо, интернеттеги байланыштарын аңдууну байланыш провайдерлеринин өздөрүнө жүктөп, алынган маалыматтарды УКМКга берип туруу демилгесинин автору –Транспорт жана байланыш министрлиги азырынча демилгесин негиздеп бере элек. Ал эми Кыргызстандагы элди интернет, телефон менен камсыздап турган байланыш провайдерлери бул тууралуу ооз ачпоону туура көрүшөт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG