Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Мирзиёевге "улут көсөмү" макамын берүү сунушталды


Шавкат Мирзиёев. Өзбекстандын президенти. 31-август, 2021-жыл.

Өзбекстандын эгемендик майрамына карата шайлоонун алдында президент Шавкат Мирзиёевге “улут көсөмү” макамын ыйгаруу демилгеси көтөрүлдү.

Президенттик шайлоонун алдындагы бул демилге ишке ашса, анда Шавкат Мирзиёев Борбор Азиядагы өзгөчө титулга ээ болгон төртүнчү президент болуп калат. Мирзиёев өзү эгемендик күнкү кайрылуусунда Өзбекстанда демократиялык реформаларды тереңдетүү тууралуу сүйлөдү.

Парламенттен көтөрүлгөн демилге

Өзбекстандын эгемендик майрамынын алдында парламенттин эки палатасында тең президент Шавкат Мирзиёевге “улут көсөмү” макамын ыйгаруу сунушу айтылды.

Жогорку Мажилис Сенатынын мүчөсү Кудратилла Рафиков палатада демилге көтөрсө, андан көп өтпөй эле төмөнкү мыйзам чыгаруу палатасынын спикеринин орун басары Акмал Саидов президентти түздөн-түз “улут көсөмү” деп атады.

Бул эки чоң саясатчынын демилгесин Өзбекстандагы мамлекеттик жана жеке менчик жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

Рафиков президентке өзгөчө титул ыйгарууга негиз боло турган мисал катары Ташкентке түшкөн имараттардын курулушун салыштырып өттү:

“1966-жылы Ташкентте жер титиреди. Анан ошол кездеги бүткүл 15 союздук республикадан келип, Ташкентти кайрадан курушкан. Анан мен бул жерде отурган Козим Насировичтен сурадым. Мына ошол доордо тургузулган имараттар менен Шавкат Миромоновичтин учурунда эки жарым жылда курулган имараттардын аянттарынын көлөмүндө айырма канчалык десем, ал киши 3-4 күндөн кийин эсептеп чыгып, “ал мезгилге караганда дагы 7-8 эсе көп курулуптур” деп айтты. Мына караңыздар, Ташкент жаңы Ташкентке айланды”, – деди депутат Рафиков.

Өзбекстан. 1966-жылы Ташкенттеги жер титирөөдөн кийинки бүткүл союздук курулуш иштери.
Өзбекстан. 1966-жылы Ташкенттеги жер титирөөдөн кийинки бүткүл союздук курулуш иштери.

Шайлоо алдындагы "марттык"

Бул демилгенин көтөрүлүшү Өзбекстанда президенттик шайлоого кызуу даярдыктар көрүлүп жаткан маалга туура келди. Шайлоо күнү быйыл 24-октябрга дайындалган. Мыйзам боюнча президенттикке талапкерлерди саясий партиялар гана көрсөтөт. Бирок оппозициялык партиялар талапкерлерин көрсөтүүгө бийликтен тоскоолдук болгонуна даттанып, көз карандысыз саясатчылар шайлоодон четтетилип калганы сынга алынууда. Бирок мындай сын-пикирге карабастан, Мирзиёев шайлоо демократиялык нукта өтөрүн айтып, адам укугу менен эркиндиги деген сөздөрдү эгемендик майрамына карата калкка кайрылуусунда көп колдонду:

Өзбекстан. Президент Шавкат Мирзиёев "Ташкент-Сити" комплексинде.
Өзбекстан. Президент Шавкат Мирзиёев "Ташкент-Сити" комплексинде.

“Көп жылдардан бери олуттуу көйгөй болуп келген мажбурлоо жолу менен балдардын эмгегин пайдалануу толук токтотулду. Маалым болгондой, көз карандысыз жана күчтүү сот бийлигин, адам укуктарын, демократияны жана мыйзамдын үстөмдүгүн камсыздоого байланыштуу 40тан ашуун мыйзамдар жана укуктук ченемдер кабыл алынды. Мен эгемендик майрамынын алдындагы жарлыгыма ылайык, жазасын өтөп жаткандардын ичинен, жасаган кылмышына чын ниеттен өкүнүп, түзөлүү жолуна түшкөн 215 адам эркиндикке чыгып, үй-бүлөсүнө кайтуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду”, - деди Шавкат Мирзиёев.

Көп партиялуулук жана парламенттик демократия

Экинчи президенттик мөөнөткө бараткан Шавкат Мирзиёевге “улут көсөмүн” ыйгаруу демилгесин көтөргөн саясатчылар өлкөдөгү бир катар басылмаларга маек куруп, анын “Жаңы Өзбекстан - үчүнчү Ренессанс” деген саясий саясий программасын талкуулап, өзбек президентин түрк тилдүү мамлекеттердин арасындагы эң таасирдүү лидер катары сыпаттаган.

Шавкат Мирзиёев ошол программасында жазылган мамлекетти жаңылоодогу көп партиялуулук менен парламенттин ролуна басым жасады:

“Мамлекет менен коомдун саясий-укуктук пайдубалын түптөп, мамлекетти модернизациялоо максаты турат. Бул жараянды ишке ашырууда парламенттин жана көп партиялуулуктун ролун күчөтүү зарыл. Ошондой эле, коомдук көзөмөлдү орнотууга багытталган кеңири шарттагы демократиялык реформалар ишке ашырылууда”.

Демилгечилердин бири, депутат Кудратилла Рафиков “Ишонч” гезитине курган маегинде Борбор Азия чөлкөмүнүн лидерлери Шавкат Мирзиёевдин таасири алдында бириккенин мисал келтирген.

Ыйыкташтыруунун учуру

Кудратилла Рафиков соңунда парламентте сүйлөп жатып, президенттин Жизак облусун жетектеп тургандагы анын өзүнө жасаган айкөлдүгүн эстеди:

“Кайсы мамлекеттин башчысы ушундай жашоого кадам таштап, өзүнө каршылык кылган же болбосо саясий себептер менен камалып кетүүнүн алдында турган адамды аяктан алып чыгып, ага кызмат берип, машине берип, иш бөлмөсүн даярдап, кала берсе, мамлекеттик орден тагып коёт? Эч качан эч бир мамлекетте мындай болушу мүмкүн эмес. Бул деген Шавкат Миромоновичтин Ташкент калкына жасаган урматы”.

Кудратилла Рафиков бир учурда Шавкат Мирзиёев менен бирге Ташкенттин райондорун жетектеген. Кийин Рафиков мурдагы президент Ислам Каримовдун каарына калып, жазалана турган болуп калганда ага Шавкат Мирзиёев ортого түшүп, сактап калган таржымалды ал өзү парламентте баяндап берди.

Саясат талдоочулар арасында мунун бардыгы шайлоо алдындагы саясий өнөктүк катары каралууда.

Демилге ишке ашса, анда Шавкат Мирзиёев Борбор Азия чөлкөмүндө Түркмөнстандын Аркадагынан, Казакстандын Эл басысынан, Тажикстандын Улут көсөмүнөн кийинки өзгөчө макам ыйгарылган төртүнчү президент болуп калат.

Казакстандын мурдагы президенти, Эл басы Нурсултан Назарбаев, Түркмөнстандын президенти, Аркадаг Гурбангулы Бердымухаммедов жана Тажикстандын президенти, Улут Пешвои Эмомали Рахмон жана азыр эми Улут көсөмүнө көрсөтүлүп жаткан Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев.
Казакстандын мурдагы президенти, Эл басы Нурсултан Назарбаев, Түркмөнстандын президенти, Аркадаг Гурбангулы Бердымухаммедов жана Тажикстандын президенти, Улут Пешвои Эмомали Рахмон жана азыр эми Улут көсөмүнө көрсөтүлүп жаткан Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев.

Саясий серепчилер мындай өнөкөт адатта бийлик кумарынан башы тегеренген лидерлерге мүнөздүү экенин айтышып, көтөрүлгөн демилгени мамлекеттик деңгээлдеги көшөөкөрлүк катары айыпташты.

Ошондой эле, канчалык катаал башкаруучу болгону менен мурдагы маркум президент Ислам Каримов ага өзгөчө наамдарды ыйгарып, анын атын көкөлөтүүгө тыюу салган жарлык чыгарганы белгиленди.

Президент Ислам Каримовдун учурунда 13 жыл өкмөттү жетектеген Шавкат Мирзиёев ал каза болгондон кийин президенттин милдетин аткаруучу болуп дайындалып, анан 2016-жылы президент болуп шайланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG