Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 11:30

Пакистандыктарга "түшүндүрүү иши" талкууга түштү


Милиция Кыргызстанда жүргөн пакистандыктардын арасында түшүндүрүү иштерин баштады.

Жарандык активисттер муну өлкөнүн беделин түшүрүү катары да бааласа, Мамлекеттик органдар коопсуздук максатындагы чара экенин билдирүүдө.

Профилактика өткөрүү милдети Ички иштер министрлигинин Экстремизге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматына жүктөлдү. Соңку күндөрү Кыргызстанда обсервациядан өтүп жатканы айтылган пакистандыктар көбөйгөн.

Милициянын "сыпайы" профилактикасы

Пакистандан келип, Бишкекте убактылуу жашап жаткан Эжаз Гохар 31-августта Ала-Тоо аянтына чыгып Эгемендик майрамына арналган концертти көргүсү келген. Бирок ал күнү үйдөн чыкпай отурду. Себебин минтип түшүндүрдү:

"Алгач баары жакшы болчу. Көчөгө чыгып, шаар кездик. Ысык-Көлгө да барып келдик. Анан эле милиция бизди көп текшере баштады. Кечээ дагы жолдон токтотуп, “үйдөн чыкпай отургула” деп буйрук беришти. Азыр досторум менен 15 күнгө ижарага алган үйдө жашайбыз. Сыртка дүкөнгө азык-түлүк алганы эле чыгабыз. Концертке баралы деген элек, бирок корктук. Милицияга кармалып, маселе жаратпайлы деп жатабыз. Жакында кетем".


37 жаштагы Эжаз Жал кичирайонундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде ижарада турат. Мурда Орусиянын Томск шаарында жашап, коомдук тамактануучу жайда иштептир. Англис, орус тилдеринде жакшы сүйлөйт. Эми Сауд Арабияга иштегени кетип жатат. Бул өлкөгө мекенинен түз каттам болбогондуктан, Кыргызстан аркылуу транзиттик багыт менен учат. Коронавирус пандемиясына байланыштуу ал Бишкекте 14 күн туруп, кайрадан ПЧР-анализ тапшыргандан соң кетиши керек.

Кыргызстандагы индиялык, пакистандык студенттер. Архивдик сүрөт.
Кыргызстандагы индиялык, пакистандык студенттер. Архивдик сүрөт.

Августтун этегинде Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматы чет өлкөлүк жарандарга, алардын ичинде сырттан келип Кыргызстандагы окуу жайларда билим алган студенттерге түшүндүрүү иштерин жүргүзө баштады.

Министрликтин басма сөз кызматынын инспектору Адинай Шаршеева мындай профилактика жылына өткөрүлөрүн айтты:

"Кыргызстан аркылуу Перс булуңундагы өлкөлөргө бара жатышкан Пакистандын жарандарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Аларга Кыргызстанда жүрүү тартиби, мыйзамдарды сактоо, санитардык-эпидемиологиялык эрежелер тууралуу маалымат берилди. Транзит аркылуу үчүнчү өлкөлөргө кете турган жарандарга мейманкана жана үйлөрдөн зарылчылыгы жок чыкпоо эскертилди".

Шаршеева билдиргендей, милиционерлер чет элдиктер жашаган конок үйлөрүнө, ижарада турган батирлерге барып жана коомдук жайларда жүргөн жерлерде токтотуп түшүндүрүүчү маалыматтарды берип жатышат.

"Азаттык" кепке тарткан милиция өкүлдөрү түшүндүрүү иштери "сыпайы" жүргүзүлүп жатканын белгилешти, бирок профилактикалык программанын форматын так айтып бере алышкан жок.

Бишкек. 1-сентябрь, 2021-жыл. Сүрөт пакистандык жарандардын өздөрүнүн уруксаты менен жарыяланды.
Бишкек. 1-сентябрь, 2021-жыл. Сүрөт пакистандык жарандардын өздөрүнүн уруксаты менен жарыяланды.

Тынчсызданган коом

Пакистандыктардын Кыргызстанда көбөйүшү Ооганстанда абал курчуган учурга туш келди. "Талибандын" бийликке келиши менен ооган жергесиндеги чет элдик өкүлчүлүктөр жабылып, кызматкерлери эвакуацияланды. Алар менен катар өлкөдөн чыгып кетүүнү каалаган миңдеген кишилердин аэропортто топтолгон сүрөттөрү жарыяланган.

Ооган жарандарына окшоп кийингендер соңку күндөрү Бишкектин көчөлөрүндө көбөйгөнү коомчулукта кызуу талкууланып, айрымдар аларды уруксатсыз сүрөт-видеого тартып, кооптонуу маанайындагы сөздөр менен социалдык түйүндөргө жарыялашкан.

Тышкы иштер министрлиги июль, август айында Кыргызстан пакистандык жарандарга 7 500 туристтик виза берилгенин маалымдаган. Кыргызстан аркылуу Бириккен Араб Эмираттарына жана Сауд Арабиясына жумушка бара жаткан пакистандыктар да бар экени тууралуу маалымат берилген. Пакистандан бул өлкөлөргө түз каттам болбогондуктан, Кыргызстан аркылуу транзиттик жол менен учушат.

Саясатчы Жылдызкан Жолдошева муну "түшүнүксүз жагдай" деди:

Жылдызкан Жолдошева
Жылдызкан Жолдошева

"Пакистандыктар өздөрү да "обсервациядабыз" деп айтып жатышат. Бишкекти кой, Ысык-Көлдө дө аябай көбөйүптүр. Обсервацияда болсо, анда эмнеге эл аралап жүрүшөт? Беткап тагынышпайт, антисептик колдонушпайт. Обсервациянын эрежеси ушулбу? Деги аларды Кыргызстанда обсервациядан өткөрүп, анан үчүнчү өлкөгө жөнөтүп жиберүүгө кайсы жерде, кандай келишим түзүлгөн? Эгер андай келишим түзүлгөн болсо, Жогорку Кеңеш качан ратификациядан өткөргөн? Мен бул жаатта элдин суроолорун тизип, "Фейсбук" аркылуу бийликке жолдодум. Азырынча жооп жок".

Укук коргоочу Эржан Кайыпов чет элдиктерге карата мындай мамилени сынга алды. Айрыкча, аларга жургүзүлүп жаткан түшүндүрүү иштерин чекилик деп атады:

Эржан Кайыпов
Эржан Кайыпов

"Тиешелүү мамлекеттик органдар түшүндүрүү иштерин Кыргызстандын жарандарынын арасында жүргүзүшү керек эле. Өлкөдө кайсы бир мамлекеттин атуулдары эмне үчүн көбөйгөнүнүн себебин айтып, сырттан келген конокторго сабырдуу мамиле кылууга чакырса болмок. Профилактиканы чет элдиктердин арасында жүргүзүү – өлкөнүн беделени да доо кетирет".



Кыргызстандагы университеттердин бирине окутуучу болуп жакында гана Пакистандан келген Аднан Ул Хак мекендештери эмне үчүн транзиттик өлкө катары Кыргызстанды тандап атканын "Азаттыкка" минтип түшүндүргөн:

Аднан Ул Хак
Аднан Ул Хак

"Биринчи себеби - бул жер жакын. Исламабаддан Бишкекке учак каттайт. Эки саатта жетип алышат. Экинчиден, бул жерде пакистандык студенттер көп окушат. Тааныштары бири-бирине айтышып Кыргызстан аркылуу учууга болорун билишет. Биздин билишибизче, Кыргызстан арзан өлкө, жеген-ичкениңе анча көп акча кетпейт. Бул жерде тааныштары көп, ошондуктан Кыргызстанды тандап алышкан".


Ал арада жарандык активисттер өлкөгө келген чет элдиктерге, туристтерге терс мамиле кылганда башка мамлекетте окуп, иштеп жүргөн миңдеген кыргызстандыктардын жагдайын да эске алуу керектигин эскертишүүдө. Москвада иштеп жүргөн жалалабаддык Сапарбек Адхамов мындай ой бөлүштү:

"Мындан бир топ жыл мурун Орусияда жүргөн мигранттар арасында милиция ушундай түшүндүрүү иштерин көп жүргүзчү. Аты эле "профилактика" деп аталганы менен, баштан-аяк коркутуп-үркүтүү, басмырлоо болчу. Мындан улам көпчүлүктө орус милициясына жек көрүү пайда болгон. Мен мындай профилактика аркылуу кыргыз милициясына карата чет элдиктерде жек көрүү пайда болушун, анын арты менен Кыргызстандын атына көө жабылышын каалабайм. Чет элдиктерге жакшы мамиле жасалган өлкөнүн аброю артат".

Пакистандын атуулдары Кыргызстанда 30 күн визасыз жүрө алат. Учурда бул өлкөдөн келген 7 миңге чукул студент билим алат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG