Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 21:03

Ооганстандагы абал Борбор Азияга мамилени өзгөртөбү?


Ооганстандын картасы.

Ооганстандагы бийлик алмашуу Борбор Азия өлкөлөрүнүн ири державалар менен мамилесине таасирин тийгизет. Айрымдардын пикиринде, чөлкөмдө Орусиянын аракети күчөп, Кытай менен АКШнын таасири басаңдашы мүмкүн.

"Талибандын" Ооганстандагы жеңиши Борбор Азиянын ири державалар менен мамилесине кандай таасирин тийгизет? Айрым эксперттер АКШнын Ооганстандан аскерлерин чыгарып кетиши Вашингтондун Борбор Азиядагы репутациясына чоң сокку урат жана Кошмо Штаттардын чөлкөмдөгү беш постсоветтик республика менен мамилесинин сууп кетишине алып келет деп эсептейт.

Анткен менен Борбор Азия өкмөттөрү АКШ баштаган өнөктөштөрдүн Ооганстандагы 20 жылдык операциясы канчалык маанилүү болгонун жадынан чыгара койбос. Өзгөчө Ооганстанда кайрадан "Талибан" бийликти колго алып жаткан опуртал учурда АКШ Ооганстандан кетпей турса болмок. Анын чөлкөмдөгү барк-баасы дагы билинет, мындан бир да өлкө Борбор Азиядагыдай утушка ээ болгон жок.

1990-жылдын аягында "Талибан" күчтөрү Борбор Азиянын чек арасына чейин келгенде Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан өкмөттөрүнүн айласы кетип, эмне кыларын билбей алдастап калышкан. Жалгыз Түркмөнстан расмий бейтарап саясаты менен оогандык жанкечти топтордун ыгын таап мунасага жетишкен.

"Талибан" жоочулары "Жашыл зонага" кирип бараткан автоунааларды текшерүүдө, бул жерде көпчүлүк элчиликтер жайгашкан. Кабул, 2021-жылдын 22-августу.
"Талибан" жоочулары "Жашыл зонага" кирип бараткан автоунааларды текшерүүдө, бул жерде көпчүлүк элчиликтер жайгашкан. Кабул, 2021-жылдын 22-августу.

2001-жылы Кошмо Штаттар өнөктөштөрү менен Ооганстанда аскердик операцияларын баштаганда Борбор Азиянын чек арасындагы коркунучтар жоюлуп, Ооганстандын түндүк аймагы 2013-жылга чейин салыштырмалуу коопсуз аймак болуп турган.

Бул жылдары Борбор Азия Кошмо Штаттар менен өнөктөштөрдүн, Ооганстандын өкмөттүк күчтөрүнүн аракетинин натыйжасында оогандык коркунучтан кутулуп, тынч өнүгүү мүмкүнчүлүгүн алган.

Ошол кезде АКШнын Ооганстандан аскерлерин чыгарып кетиши күтүүсүз болмок. Мындан 10 жыл илгери Барак Обама президент кезинде куралдуу күчтөрдү ооган жеринен чыгарып кетерин жарыя кылган. Борбор Азия башчылары америкалык аскерлер чыгарылып кетерин 10 жыл мурун угушкан. Андыктан аларда бул нерсеге даярданууга убактысы болгон.

2001-жылдан 2021-жылга чейин Кошмо Штаттар Борбор Азияга Ооганстандан келчү коркунучтарды убагында аныктап, аны күчөтпөй жок кылуу үчүн колунан келген жардамын көрсөттү. Чек ара коопсуздугун камсыз кылыш үчүн аскердик жабдууларды берип, каржылык колдоону күчөттү, биргелешкен машыгууларды өткөрдү, (Өзбекстанга) квадроциклдер менен жүк машинелерди, буйткадан чыгып кол салуудан, коюлган миналардан сактоочу кабелтең бронетранспортерлор менен камсыз кылды.

Кошмо Штаттар буга чейин Борбор Азияга жардамды жакшы эле берди, эми деле ал ишин уланта берет, жакындан бери COVID-19 апаатына каршы вакцинадан жөнөтүп жатат. АКШ чөлкөмдөгү мүмкүн болгон өлкөлөр менен соода мамилелерин өнүктүрүүгө кызыкдар, алардын эл аралык уюмдарга, мисалы Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) кирүү аракетин колдоп келатат.

Кошмо Штаттар — белгилүү деңгээлде Борбор Азияга Москва менен Бээжиндин таасири ашып кетпеши үчүн тең салмакты кармап турган өлкө.

Орусия

Айрымдар АКШ менен өнөктөштөрү Ооганстандан аскерлерин чыгарып кеткенден кийин Орусиянын Борбор Азиядагы таасири күчөйт деп эсептешет.

Орусия Борбор Азиянын коопсуздугун камсыз кылуу планын ишке ашырыш үчүн ал жерди узак мезгил ээлеп турууга мүмкүндүк алган. Бул иштер АКШ менен өнөктөштөрү Ооганстандагы аскердик операцияларына колдоо көрсөтүү үчүн Кыргызстанда, Тажикстанда, Өзбекстанда аскердик базаларын жайгаштырганга чейин эле башталган.

Орусиялык 201-дивизия Тажикстанда 1940-жылдардан бери турат, 2012-жылы кол коюлган келишимге ылайык база бери дегенде 2042-жылга чейин ал жерден чыгып кетпейт.

Тажикстандагы орусиялык 201-аскер базасынын танктарын Ооганстанга жакын "Харб-Майдон" полигонуна алып барган учуру.
Тажикстандагы орусиялык 201-аскер базасынын танктарын Ооганстанга жакын "Харб-Майдон" полигонуна алып барган учуру.

2003-жылы АКШ аскердик базасы жайгашкандан кийин Орусия Кыргызстандын Кант шаарында аскер базасын жайгаштырган. 2012-жылы кол коюлган келишимге ылайык орусиялык аскерлер бери дегенде 2027-жылга чейин тура алат, ага кошумча келишимде дагы ашыкча беш жыл каралган.

Кантка орусиялык базаны жайгаштырууга Орусия башында турган Жамааттык коопсуздук келишими уюму шылтоо болуп берди. Ага Орусия баш болуп, Армения, Белорусия, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан кирет. Анткен менен ушу кезде базада турган аскерлер, согуштук техника толугу менен Орусиядан гана келет.

Азырынча Орусия Кыргызстан менен Тажикстанда турган аскердик күчтөрүн кеңейтүү аракетине киришкени тууралуу шек-белги жок, анан да Орусия Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө аскердик базаларын жайгаштыруу же ал жердеги базаларды пайдалануу ниетин билдире элек.

Жакында Орусия Тажикстан менен Өзбекстан үчөөлөп ооган чек арасынын жанында биргелешкен аскердик машыгууларын өткөрдү, 24-августтан тарта ЖККУнун Кыргызстанда аскердик машыгуулары башталды.

Орусия 1990-жылдардын аягынан бери Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан менен биргелешкен аскердик машыгууларын өткөрүп келатат. АКШ Ооганстанда аскерин кармап турган кезде да андай машыгуулар токтолгон эмес. Ал эми 2016-жылы Шавкат Мирзиёев Өзбекстан президенти болгондон бери Москва Өзбекстан менен биргелешкен аскердик машыгууларын өткөрүүнү жандантты.

Албетте, Борбор Азиянын Ооганстандан чочулоосун Москва колунан келишинче өзүнө пайдаланат, ооган коркунучун Кремл 25 жылдан бери бул жердегилердин кулагына куюп, Борбор Азия өлкөлөрүн Батыш таасиринен алыс болууга, Кытай менен жакындашып кетишине жол бербөө максатында жасайт, чөлкөмдү кысмакка алуусун дагы күчөтөт.

Орусия ошондой эле, Өзбекстанды ЖККУга кайрылып келишке үндөшү мүмкүн, Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна Ташкент эки жолу кирип, эки ирет чыгып кеткен (1992-жылдан 1999-жылга, 2006-жылдан 2012-жылга чейин), баарынан четте калган Түркмөнстанды катарга кошуп, аны жакын өнөктөшү кылууга аракеттениши ыктымал, соңку кездери ошондой аракет башталып калды окшойт.

Бирок кийинки кездери Москва Ооганстандан келчү коркунучтар тууралуу эки ачакей кабарларды жайылтууга өттү.

Орусиянын расмийлери "Талибан" коркунучун жаап-жайкоого киришти. Алардын айрымдары Улуттар Уюму колдогон Ооганстандын четте качып жүргөн өкмөтүнө караганда талибдердин өкмөтү менен иштешүү жеңил экенин айта башташты. Бул Борбор Азия өлкөлөрү соңку чейрек кылымдан бери алыскы Москвадан угуп жаткандардын чет-бучкагы гана.

Орусиянын расмий адамдары ушу тапта Ооганстандагы коркунучтуу күчтөр ооган эмес ислам экстремисттери, алардын кыйласы Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары, алар эми Ооганстанга жакын жерлерге кирип коңшуларга калайман салышы мүмкүн экендигин ырастай башташты.

Борбор Азия өкмөттөрү мындай бааны туура көрүшү мүмкүн.

Эгер жагдай ошондойго оосо, Орусия жакын делген өлкөлөрүнө чындап жардам бере алабы?

Өлкөсүндөгү иштерге нааразы жанкечтилер жабылып чек араны бузуп өтүп, чогуусу менен чабуул коё алышабы? Эгер ошондой болуп кетсе орусиялык аскер күчүнүн Борбор Азия өлкөлөрүнө жакындан жардам көрсөтүшү кыйын.

Жанкечтилер топтошуп же жалгыз-жарымдап кирип, Борбор Азия өлкөлөрүнө террордук чабуул жасашса туруштук бериш кыйын. Чын-чынына келгенде, мына ушулар кеп болуп жаткан өлкөлөр үчүн ички чоң коркунуч го.

Коргоо жаатындагы кош тараптуу жана көп тараптуу келишимдер четтен кирген сырткы коркунучтарга каршы турууга негизделген, ал эми ички душмандардын чабуулуна кабылган өлкөгө келишим боюнча жардамга келчү өнөктөш андайда көмөк көрсөтүүгө милдеттүү эмес. Буга чейин Борбор Азияда мындай иш боло элек.

Кытай

АКШ Ооганстандан аскерлерин алып чыгып кеткенден кийин Бээжин Борбор Азияга таасирин күчөтүү мүмкүнчүлүгүн пайдаланары тууралуу божомол-жоромолдор көп айтылды.

Кытайдын бул чөлкөмгө негизинен экономикалык таасир көрсөтө алат, ошол эле кезде ал Борбор Азия өлкөлөрүнө коркунуч жаратчу күчтөргө каршы турууга жардам берди (андай коркунуч Кытайга тарап кетпеши үчүн).

Сибирдеги кытай-монгол чек арасынын жанындагы "Цугол" полигонунда өткөн "Чыгыш-2018" биргелешкен машыгуулардын соңундагы орус, кытай, монгол аскерлери менен согуштук техникасынын парады, 13-сентябрь, 2018-жыл.
Сибирдеги кытай-монгол чек арасынын жанындагы "Цугол" полигонунда өткөн "Чыгыш-2018" биргелешкен машыгуулардын соңундагы орус, кытай, монгол аскерлери менен согуштук техникасынын парады, 13-сентябрь, 2018-жыл.

Кытай Борбор Азияга курал-жарактарын сатат, биргелешкен аскердик машыгууларын өткөрөт, кош тараптуу, ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) туусу алдында көнүгүү окууларын өткөрөт. ШКУга Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, ошондой эле Орусия, Пакистан жана Индия кирет.

Бээжин Тажикстандын четки чыгыш аймагына чакан аскердик базасын жайгаштырган. База Кытайдын бийик тоо аймактарына кирчү жерлерди кайтарат.

Айрымдар Ооганстандан келген коркунуч Борбор Азия чөлкөмүнө калайман салып ийсе Кытай жардам көрсөтүш үчүн аскерлерин жөнөтүшү мүмкүн деп ойлошот. Бирок андай болушу кыйын.

Мусулмандар көпчүлүктү түзгөн өлкөгө жардам бериш үчүн делинип кытай аскерлери кирсе ал жерде коопсуздук маселеси кайра күчөйт. Непадам андай иш борборазиялык өлкөлөрдүн бирөөндө болсо, ал жерге дүйнөнүн ар кайсы жеринен жихадчылар агылып келе бериши ыктымал.

Бээжиндин Кытайда жашаган мусулмандарга – уйгур, казак, кыргыз, ошондой эле хуэйлерге каршы катаал чарасы Кытайдын эл аралык кадыр-баркын түшүрүп, сырттан байкоо салып тургандардын нааразылыгын жаратты.

Анын үстүнө кийинки 25 жыл ичинде Кытай аскерлеринин санын аябай көбөйттү, коммунисттер бийликке келгенден берки бул жердеги сырттан басып кирген аскердик шойкомдор катары калың кытай армиясынын кубат-күчү анчалык ишенимди жаратпастыгын далилдейт.

1950-жылдардын башында кытай аскерлери Кореяда опсуз чоң кыргынга учураган. 1969-жылы Уссури дарыясында советтик аскерлер менен болгон кыска урушта чоң жоготууну башынан кечирген. Бээжиндин 1979-жылкы Вьетнамга басып кириши да ири жоготуулар менен коштолгон. 40 жылдан ашуун убактан бери Бээжин аскерлерин башка жерлерге урушка жөнөтө элек.

2016-жылы Түштүк Суданда Кытайдын тынчтык күчтөргө кирген эки аскери набыт болду – бул жаңылык кытай коомчулугун чоң дүрбөлөңгө салды. Ушундай дагы бир чет элдик шойкомдорго катышып калган ондогон кытайлык жоокерлердин эмнеге набыт болушун түшүндүрүү Бээжин үчүн оголе оор жумушка айланышы ыктымал.

Анткен менен Бээжин жыйырма жылга жетпеген убакыт ичинде Борбор Азияга оңбогондой көп акча сарптап, ополтоо чийки зат алууга жетишти, карамай, жаратылыш газы, уран, темир, дагы башка байлыктарды ташып жатат. Чөлкөмдөгү өкмөттөр кытайлар курган ишканалардан кыйла пайда көрүштү окшойт. Айрым жергиликтүү жарандар кытайлык ишканаларда иштешет, кытайлык долбоорлордон киреше тапкандар деле бир топ.

Бирок Борбордук Азиядагы кытайлык ири долбоорлордун – мунай жана газ куурлары, жаңы темир жана автожолдор, карамайды кайра иштетчү заводдор, башка инфратүзүмдөр – да иши бүтүп жатат, саналуу убакыттардан кийин алар токтошу мүмкүн.

Кытай Борбордук Азияга инвестиция сарптоосун улантууда, баалуу ресурстарды ташып кетүүдө. Мындан ары Бээжин 10 же 20 жыл мурдагы кездей ири өлчөмдөгү ополтоо акчаларын бул жакка жумшабайт. Байгерчилик учурда Борбор Азия өкмөттөрү тарабынан алынган карыз акчаларды кайтаруу маалы келип калды, көп өлкөлөр үчүн өлчөөсүз карызды убагында кайтаруу кыйынга турууда.

Борбор Азиядагы Кытайга каршы маанай дагы көтөрүлө бериши ыктымал, кийин күчөп кетиши деле ыктымал. Себеп дегенде, карапайым калктын көбү өкмөттөрү Бээжинге сатылып кетти деген пикирди карманат.

Борбор Азияга көмөк керекпи?

Ооганстан коркунучунан чочулаган Борбор Азия өкмөттөрү жакынкы айларда ойлонбой чет өлкөлөр менен өнөктөштүк мамилелер түзгөн чечим кабыл алып коюшу ыктымал.

Чынын айтканда, бул өлкөлөргө эч кандай чет өлкөлүк жардамдын деле кереги жок.

Ооган-тажик чек арасынан Төмөнкү Пянж көпүрөсү аркылуу өтүп жаткан кишилер. 26-август 2007-жыл.
Ооган-тажик чек арасынан Төмөнкү Пянж көпүрөсү аркылуу өтүп жаткан кишилер. 26-август 2007-жыл.

"Талибан" биринчи ирет чек арага кирип келишкен чакта борборазиялык беш өлкө эгемендиктин бешинчи жылын тосуп жаткан, Тажикстанда болсо жарандык согуш өртү алоолоп турган.

Ал мезгилде чөлкөмдөгү туруксуздуктан улам өлкө башчыларынын күңүрт келечек тууралуу камтама болушуна негиз бар болчу.

Бул кезде көз карандысыз өлкөлөр эркиндиктин 30 жылдыгын белгилешүүдө, Тажикстандагы жарандык согуш мындан 25 жыл илгери токтогон. Жалпысынан Борбор Азия туруктуу чөлкөм катары сыпатталат, өлкөлөрдүн өз ара карым-катышы эгемендиктин алгачкы жылдарына караганда мыкты.

Аскердик кубаты да кабелтең, курал-жарактары мыкты. Алардын Ооганстан менен чек арасы мурдагысынан бекем кайтарылат.

Мындан тышкары алар "Талибан" кыймылынын чоо-жайын мурдагыдан мыкты билишет. 1990-жылдардын ортосунда согушкерлердин тобу Ооганстанда жаңыдан жайыла баштаганда ал тууралуу кабары аз эле.

Алардын коргонуусунун эң мыктысы ичара биримдиги болушу мүмкүн.

Англис тилинен Алиса Вальсамаки которду.

Макалада айтылган пикирлер "Азаттык" редакциясынын көз карашын билдирбейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG