Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 17:56

“Кыргыз коомунда кодулоону сезебиз”


Пакистандын жараны Аднан Ул Хак

Пакистандын жараны Аднан Ул Хак эки жумадан бери ижарага батир таба албай убара. Себеби, тургундар Пакистандан келгендерге батирин берүүдөн баш тартышууда.

Аднан Ул Хак 2008-2013-жылдары Кыргызстанда билим алган. Андан кийин мекенине кайтып, окуусун кийин Жапониядан уланткан. Быйыл аны Кыргызстандагы университеттердин бири окутуучу катары чакырган. Бул ирет Кыргызстанга келгенде жергиликтүү элдин мамилеси өзгөргөнүн байкаган. "Азаттыкка" курган маегинде ал Кыргызстанга келген пакистандыктар кабылган көйгөйлөр, эмне үчүн Бишкекти тандаганы тууралуу айтып берди.

- Ооганстандагы окуялардан кийин кыргызстандыктар социалдык тармактарда кабатырланып, Пакистан жарандарынын сүрөтүн, видеолөрун жарыялай башташты. Бишкекте пакистандыктар көбөйүп жатканынан кабарыңыз бардыр, бул эмнеге байланыштуу болду?

- Туура, ошондой. Бишкекте пакистандыктар көбөйүп кетти. Бирок анын Ооганстандагы окуяларга эч кандай тиешеси жок. Бул жакка пакистандыктар ооган окуяларынан эмес, коронавируска байланышкан чектөөлөрдөн улам келишти. Ковидден улам Сауд Арабиясы, Бириккен Араб эмирлиги Пакистандан Сауд Арабияга түз учууга тыюу салып коюшту. Ошондуктан пакистандык жарандар бул жакка учуп келишүүдө. Бишкекте 14 күн карантинде болуп, андан кийин учуп кетишет.

- Алар эмгек мигранттарыбы?

- Ооба.

- Эмне үчүн Бишкекти тандап алышкан?

- Бул жакка келишинин биринчи себеби - бул жер жакын. Анан Исламабаддан Бишкекке учак каттайт. Учак менен эки саатта жетип алышат. Экинчиден, бул жерде пакистандык студенттер көп окушат. Тааныштары бири-бирине айтышып Кыргызстан аркылуу учууга болорун билишет. Биздин билишибизче, Кыргызстан арзан өлкө, жеген-ичкениңе анча көп акча кетпейт. Бул жерде тааныштары көп, ошондуктан Кыргызстанды тандап алышкан.

- Пакистандык жарандар бул жактан жергиликтүү жашоочуларга байланышкан кандайдыр бир көйгөйлөргө туш болобу?

- Ооба, акыркы убактарда көйгөйлөр болуп жатат. Кийинки кездери өзүм күбө болгон жагдайларды айтып берейин. Күчтүү басмырлоону өзүм деле байкап жүрөм. Мисалы, кийинки кездери ижарага батирге чыгуу кыйын болуп калды. Мен бул жерде беш жыл окудум, окууну 2013-жылы бүткөм. Ал кезде жагдай азыркыдай жаман эмес эле. Жакында Жапониядан келгенде жагдай аябай эле начарлап кеткенин байкадым. Өзүңүз деле Lalafoдон көрсөңүз болот, үйүн ижарага берчүлөрдүн 50% “пакистандыктарга бербейбиз” деп жазып жатышат. ХХI кылымда Кыргызстандын борбору Бишкекте, көп улуттуу өлкөнүн баш калаасында, заманбап деген өлкөдө ушундай болуп жатат!

- Үйдү ижарага алуудан башка дагы кандай көйгөйлөр бар? Маселен, көчөдө сейилдеп, же ишке бара жатканда.

- Болот эми андайлар. Мен кыргызстандыктарга сый-урмат менен мамиле кылам, бул алардын жери, биз болгону мейманбыз. Проблемалар болбой койбойт. Биз бул жерде жашап иштейбиз, досторубуз, кесиптештерибиз бар дегендей. Чогуу иштеген кыз-келиндер менен бир жерге барып чай ичкени кирип калсак, же болбосо жөн эле сүйлөшүп баратсак, бизди жактырбай карагандарды байкайбыз, андайда коркобуз. Жактырбагандар эмне кыларын билбейбиз, ошондон чочулайбыз. Чыдамсыздыкты көп байкайм.

- Пакистандык студенттер тууралуу кеп кылсак. Алар Кыргызстандын медициналык окуу жайларынан билим алууга келишет. Биздин жергиликтүү окуу жайлардын пакистандыктарга жагып калышынын сыры эмнеде?

- Ушу тапта Кыргызстан билим экспорту боюнча биринчи орунду ээлейт. Анын себеби мындай, бул жерде арзанчылык. Башка өлкөлөргө салыштырмалуу окуу акысы азыраак. Украина, Казакстанга салыштырмалуу Кыргызстанда кыйла арзан. Бул жерде жашоо да кыйла арзан, жеңил. Андан сырткары Пакистанга жакын.

- Абалдын экономикалык жагына келсек, бир пакистандык айына Бишкекте жашоо үчүн канча акча коротот? Окуу, жашоо, тамак-ашы, дагы башкаларын кошкондо.

- Бир жылдыгын эсептеп чыктым. Ошондо бир студент болжол менен Кыргызстанга 10 миң доллар алып келет экен.

- Сиздин эсеп боюнча Кыргызстанда пакистандык канча студент окуйт?

- 15 миңдей студентке барат го. Так санын айта албайм. Кийинки жылдары бул жерде көп университеттер ачылды. Караңыз, канча акча Кыргызстанга киргизип жатабыз, канча салык, канча киши иш менен камсыз болуп жатат. Жергиликтүү канча киши кыргыздар, орустар иштеп жатышат. Алар бала-чакасын багып, мамлекетке салык төлөп жатышат.

- Окууну бүткөндөн кийин пакистандыктардын кыйласы бул жерде иштеп калышабы?

- Калбайт деле. Окууну бүткөндөрдүн 1-2% жетпегени эле калышат. Баарыбыз мусулманбыз го, айрымдары ушул жерде үйлөнүп, үй-бүлө күтүп калышат. Аялы, балдары ушул жердик болуп Кыргызстанда калгандар бар. Көбүнчөсү окууну бүткөндөн кийин кетип калышат. Анткени Пакистанда мүмкүнчүлүктөр чоң. Айлык акы да Кыргызстанга салыштырмалуу жогору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG