Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:29

ТИМ: Кыргызстан июлдан бери 7,5 миң пакистандыкка туристтик виза берди


ТИМ имараты.
ТИМ имараты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) өлкө аймагында жүргөн пакистандык жарандар боюнча расмий маалымат берди. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, 23-августта министрликте Пакистандын элчисинин орун басары Тарик Али менен жолугушуу өткөрүлдү.

Дипломат Кыргызстанга келген пакистандыктардын көбү Бириккен Араб Эмирликтерине жана Сауд Арабиясына жөнөп жаткан эмгек мигранттары экенин, бул өлкөлөргө түз аба каттамы жок болгондуктан алар Кыргызстан жана Өзбекстан аркылуу кетип жатышканын, коронавируска байланыштуу жабылган чек аралар кайра ачыла баштагандыктан Кыргызстанга каттагандардын агымы азаярын билдирди.

Кыргыз тараптын маалыматына караганда, адатта пакистандыктар жергиликтүү жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн келишет. Бирок быйыл июль айынан бери «Электрондук виза» порталы аркылуу туристтик виза сурап кайрылган пакистандыктар көбөйдү жана аларга 30 күнгө чейинки виза берилип жатат.

Министрлик “Электрондук виза” аркылуу кайрылгандарга виза улуттук коопсуздук органдарынын макулдугу менен берилерин, алар кооптуу адамдардын өлкө аймагына кирүүсүнө жол бербей турганын белгилөөдө.

Быйыл июль-август айларында 7,5 миң пакистандыкка Кыргызстанга туристтик виза берилгени маалым болду.

Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматында Пакистан жарандары мыйзамсыз иштерге барганы тууралуу маалымат катталбаганы да айтылды.

Мындан тышкары, ТИМдин маалыматына караганда, жөнөкөйлөтүлгөн виза режимине уруксат бүгүнкү күндө расмий түрдө 220 пакистандыкка берилген.

Ооганстанда абал курчугандан бери бул өлкөдөгү чет элдик өкүлчүлүктөр жабылып, кызматкерлери эвакуацияланууда. Алар менен катар өлкөдөн чыгып кетүүнү каалаган миңдеген ооган жарандары аэропортто топтолгон сүрөттөр жарыяланган.

Ооган жарандарына окшоп кийингендер соңку күндөрү Бишкектин көчөлөрүндө көбөйгөнү коомчулукта кызуу талкууланууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG