Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:49

"Ийгиликке кадам" медиафорумуна даярдык көрүлүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Журналисттер” коомдук бирикмеси кезектеги медиафорум уюштурууда. “Ийгиликке кадам” деген темадагы форум 8-9-сентябрда Нарын шаарында өтөт.

Анда аймактык медиалардын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу сөз болот. Медиафорумга бардык аймактардан жалпысынан 70ге жакын кыргыз тилдүү журналист жана медиа адис катышат.

Кыргызча жазган журналисттердин маселелерин талкуулаган жана алардын кесиптик деңгээлин жогорулатууну көздөгөн «Ийгиликке кадам» медиафоруму ар эки жылда бир жолу облустардын биринде өткөрүлүп турат. Алгачкы жыйын 2019-жылы Ош шаарында өткөн.

Экинчи медиафорумду өткөрүүгө IFEX, USAID, IFES, Kyrgyz Concept уюмдары, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси көмөк көрсөтүүдө.

Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаттарын реформалоо алкагында облустардагы мамлекеттик телерадиокомпаниялар жана гезиттер өз алдынча медиа-борбор болуп бириктирилен. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG