Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:21

Кабул аэропортундагы атышуудан бир күзөтчү окко учту


Ооганстан. Кабул эл аралык аэропортун кайтарып жаткан британиялык жана канадалык аскерлер.
Ооганстан. Кабул эл аралык аэропортун кайтарып жаткан британиялык жана канадалык аскерлер.

Кабул аэропортунун айланасында ооган коопсуздук күчтөрү менен сырттан келген белгисиз адамдардын ок атышуусунан бир күзөтчү окко учуп, үчөө жарадар болгону кабарланды.

Ооган коопсуздук күчтөрүнө аэропорттун түндүк дарбазасы жагынан кирип келген белгисиз адамдар ок чыгарган. Алар аэропортту сыртынан күзөтүп жаткан талибдер жана башка согушкерлер экени белгисиз.

16-августтан бери Кабул аэропортун сыртынан күзөтүп турган талиб жоочулары ооган коопсуздук күчтөрүнө же чет элдик аскерлерге карата бир дагы ок чыгарган эмес.

Бул тууралуу Германиянын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы "Твиттер" аркылуу маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, бул жарым сааттан ашуун убакытка созулган ок атышуу 23-август күнү жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат төрттөр чамасында болду.

Бул күтүүсүз кол салуунун мизин кайтаруу үчүн ооган коопсуздук күчтөрүнө америкалык жана немис аскерлери дагы көмөк көрсөткөн. Алардын арасынан жабыркагандар жок.

Азыркы учурда атышуунун себептери такталып жатат.

“Талибан” кыймылынын жоочулары 15-августта Ооганстандын борбору Кабулду ээлеп, президенттик сарайды согушсуз бошотуп алган. Президент Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткени жарыяланган соң, талибдер өлкө боюнча көзөмөл колго алынганын билдирген.

XS
SM
MD
LG