Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:06

ЖККУ: Кыргызстан менен Тажикстанда аскердик машыгуулар өтөт


Тажик президенти Эмомали Рахмон ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлери менен. Тажикстан.
Тажик президенти Эмомали Рахмон ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлери менен. Тажикстан.

Орусия баш болгон Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттер Ооганстанда курчуган кырдаалга байланыштуу Кыргызстанда жана Тажикстанда биргелешкен аскердик машыгуу өткөрөт. Бул тууралуу ЖККУнун өкүлү Владимир Зайнетдинов 27-августта "Интерфакс" агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандагы биргелешкен аскердик машыгуу 7-9-сентябрда өтөт.

Мындан сырткары Владимир Зайнетдинов тажик-ооган чек арасына жакын тилкелерде дагы үч аскердик машыгуу уюштуруларын, төртүнчүсү быйыл ноюбрь айына пландаштырылып жатканын айтты.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет.

Ооганстандын Борбор Азиядагы кошуналары бул өлкөдөгү коопсуздукка бушайман болуп, ал жактагы кырдаал дагы курчуса качкындардын агымы чөлкөмдү каптайбы деген тынчсыздануусун айтып чыгышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG