Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:49

Тоң айылында музыкалык мектеп ачылды


Музыкалык мектептин ачылыш салтанатында күү черткен кыз.
Музыкалык мектептин ачылыш салтанатында күү черткен кыз.

Ысык-Көл облусунун Тоң айылында музыкалык мектеп ачылды. Ал - Кажы-Сайдагы Жумамүдүн Шералиев атындагы музыкалык мектептин филиалы болот.

2020-жылы айылдын демилге тобу тургундардын арасында сурамжылоо өткөрүп, балдар үчүн мектептен тышкаркы билим алуу борборлорунун жоктугу маанилүү көйгөйлөрдүн бири экенин аныктаган. Айыл тургундары 22 миң сомго жакын каражат топтоп, андан мурун COVID-19га каршы күрөшүү үчүн топтолгон каражаттан 50 миң сом бөлүп, балдар үчүн 12 комплект улуттук кийим сатып алышкан жана мектеп имаратын оңдошкон.

Музыкалык мектептин ачылыш салтанаты.
Музыкалык мектептин ачылыш салтанаты.

Тоң айыл өкмөтү күзөтчүлөрдүн маянасын жана коммуналдык кызматтардын акысын үзгүлтүксүз төлөө максатында жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүүнү чечкен. Тоң районунун маданий борбору бюджеттен үч мугалимдин жана бир техникалык кызматкердин эмгек акысын төлөйт.

Андан тышкары, музыкалык аспаптар жана керектүү жабдуулар берилди. Музыкалык аспаптар жана эмерек жалпысынан 616 миң сомго USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоорунун колдоосу менен алынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган эл аралык уюмдан кабарлашты.

Мектептин ачылышы 26-августта өтүп, ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борборунун балдарга билим берүү жана статистика бөлүмүнүн башчысы Нарынкүл Шералиева жана Тоң районунун жергиликтүү бийлик башчылары, депутаттар жана тургундар катышты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG