Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:19

Саясатчылардын эл сынындагы рейтинги


Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев
Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев

Эл аралык республикалык институттун (IRI) соңку сурамжылоосуна ылайык, президент Садыр Жапаровго ишенгендер азайды. Андан кийинки орунда турган атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевге ишеним арткандар тескерисинче көбөйгөн. Ошондой эле, "өлкө туура эмес жолдо баратат" деп ойлонгон жарандардын саны өскөн.

Соңку сурамжылоодо Садыр Жапаровго ишенгендер 32% түздү. Уюмдун былтыр жыл аягындагы сурамжылоосунда бул көрсөткүч 51% болгон. Анда Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиевге 13% ишеним көрсөтсө, азыр сан 24% болуп жогорулаган.

Президенттин администрациясы жана басма сөз кызматы рейтингдин төмөндөй баштаганына байланыштуу комментарий бере элек.

Президентке караштуу Башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев соңку сурамжылоого байланыштуу ой-пикири менен бөлүштү.

"Теориялык жактан, практикалык жактан алганда деле жооптор эмнегедир бири-бирине карама-каршы болуп жатат. Мисалы "үй-бүлөңүздүн экономикалык абалы жакшыбы?" деген суроого 11% "абдан жакшы", калган 60тай пайызы "жакшы эле" деп жооп бериптир. Бул кызык жагдай. Экинчиден, "Кыргызстан туура багытта баратабы?" дегенге 60тай пайызы "ооба" дептир. Бул дагы кызыктуу, маанилүү жагдай. Ал эми Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин рейтингдери декабрга караганда өзгөрүп кеткени түшүнүктүү эле нерсе. Президенттик шайлоонун алдында негизги талапкерге элдин үмүтү, күтүүсү ар дайым аябай бийик болот. Жакшылап талдап көргөндө, ал жерде "же бул, же ал" деген суроо эмес. Ал жерде үч-төрт адамды тандаса болот экен. Суроонун дагы, жооптордун дагы өзгөчөлүгү ошол да. Мисалы эки адам чогулуп, бир пикирге келип, башкарууну биргелешип жасап жатат десек, экөөнүн рейтингдерин кошсок анда болжол менен 54-55% болот экен. Камчыбек Ташиевдин рейтинги өсүп жатканына байланыштуу мен мындай түшүндүрмө айта алам: репрессиялар, коррупционерлерди отургузуу, "кустуруу" деген ыкмалар биздин элге жагып жатат. Ал туурабы же жокпу, башка маселе. "Мына ушинтип отургузуш керек, кустуруш керек" деген коомдук пикир үстөмдүк кылып жатканынын белгиси".


Сурамжылоого катышкандар эң башкы көйгөй катары кымбатчылыкты атаган. Буга чейинки изилдөөлөрдө сап башында жумушсуздук турган. Коррупция тизменин үчүнчү сабына жайгашкан. Алмазбек Акматалиев бул изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык бийликке коңгуроо болгон бир катар жагдайлар бар экенине токтолду.

"Кооптуу деген эң башкы маселелер дегенде баалардын өсүшү, жумушсуздук, коррупция жана коронавирус жүрөт. Бийлик азыр ушул төрт маселеге өтө чоң маани бергени оң. Мурдатан бери, жылдап келген көйгөйлөр эл канааттангандай чечиле элек деген коңгуроо. Албетте, убакыт керек дейбиз, бирок ал маселелерди чечүү бийликтин башкы планы болушу керек. Бийлик колу жука катмарды колдошу абзел. Чоң реформаларга барышы керек. Эми бизнести колдоо, кошумча киреше булактарын табуу, көмүскө экономиканы азайтуу өңдүү чаралар көрүлүп жатат. Бирок бийликке дагы чаралар керектиги тууралуу дагы бир жолу эскертүү болду".

Саясий аналитик Азим Азимов маанилүү жагдай катары өлкө туура эмес жолдо баратат деп ойлогондордун саны көбөйө баштаганын атады.

"Революция жолу менен келген саясатчылардын рейтинги алар бийликке жеткенден кийин сөзсүз төмөндөйт. Кыргызстандагы эң белгилүү экинчи саясатчы Камчыбек Ташиев экен. Садыр Жапаров экөөнүн рейтингин чогуу алганда, аны эске алганда көп деле эч нерсе өзгөргөн жок. Жапаровдун рейтинги төмөндөдү дегени менен анын эң жакын санаалашы Ташиевдин рейтинги жогорулаптыр. Демократиялык өлкөлөрдө, КМШга мүчө мамлекеттерде атайын кызматтын башчысы ушунчалык жогорку рейтингге ээ болгон эмес. Бирок биз рейтингден дагы маанилүү жагдайга көңүл бурушубуз керек. Иликтөөдөгү эң башкы суроолордун бири "өлкө туура жолдо баратабы?" деген суроо. Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетердин алдында "өлкө туура эмес багытта баратат" деп жооп бергендер көбөйгөн. Мисалы жыл башындагы сурамжылоодо "туура багытта баратат" дегендер 70% жетиптир. Бул ошол иликтөөнүн тарыхында эң чоң көрсөткүч болгон. Азыр ошол көрсөткүч дагы 10% кыскарыптыр. Рейтингдер өзгөрө бериши мүмкүн. Бүгүн бир саясатчыны, эртең башканы жактырабыз. Бирок Кыргызстанда "өлкө туура эмес багытта бара жатат" дегендердин саны жогорулаптыр. Саясатчылардын рейтинги алардын жеке саясий карьерасына таасирин тийгизет".


Соңку күндөрү Камчыбек Ташиевге байланыштуу айрыкча социалдык тармактарда бир топ талкуу жараткан окуялар орун алды. Анын кымбат баалуу машина менен жүргөнү, резиденцияда жашап, ошол жерде уулунун үйлөнүү тоюн өткөргөнү тууралуу маалыматтар чыкты. Ташиев жана атайын кызмат буга байланыштуу комментарий бере элек.

Жарандык активист Мукай Керимбаев мындай маалыматтарды "каралоо" деп атады. Ташиевдин рейтингинин жогорулап жатканын анын жеке сапаттарына байланыштырды.

"Соңку 30 жыл ичинде система ириңдеп кеткен. Ошол жара жарылып жатат деп ойлосок болот. Азыр ызы-чуу түшүп, качканы качып, тазалануу болууда. Иштей баштаганына алты-жети ай болду. Аз болсо дагы жыйынтыгы жакшы эле. Ал кишинин (Ташиевдин-ред) рейтингинин көтөрүлүшү анын жөнөкөй, карапайым эл менен сүйлөшө алган сапаттарына байланыштуу дагы болушу мүмкүн. Ал резиденцияда жашап жатат, той өткөрдү деген сөздөр каралоонун гана бир ыкмасы. Мен ал кишини жакшы билген адам катары айтып жатам.

Саясат талдоочу Эмил Жороев азыркы кырдаалда бийлик башындагы адамдын рейтингинин төмөндөшүн кадыресе көрүнүш катары сыпаттады.

Эмил Жороев.
Эмил Жороев.

"Экономикалык, социалдык, саясий маселелерди, коопсуздук жаатында кырдаалды эске алганда эл арасында бийликтин ишине ыраазычылыкты, колдоону күтүүгө болбойт. Акыркы кездери эл арасында, социалдык тармактарда суроо жараткан, таң калтырган жүрүм-турумдарын эске алганда, айрыкча элдин кыйналып турганын эске алганда бул күтүлгөн эле нерсе. Колдоонун бара-бара ылдыйлап баратканы бийликти сөзсүз түрдө ойлондурушу керек. Пиар өңдүү айткандары менен жасагандары эки башка чыгып жатканда элди ынандыруу өтө кыйын. Ар бир тармакта убада кылган реформаларды ырааттуу ишке ашыруу башынан эле суроо жараткан. Бир жылга жетпеген убакыт ичинде бийликтин кандай өзгөргөнүн, бийликтин кандай жол менен келгенин эске алганда ырааттуу стратегия жок экенин билебиз. Анын жоктугуна карабастан өтө чоң убадаларды берип келет. Мындай кырдаалда команданын чабалдыгынан улам эбегейсиз чоң убадаларды аткарууга мүмкүнчүлүгү жоктугу таң калтырган нерсе эмес".

Октябрь окуяларынан кийин бийликке келген Садыр Жапаров шайлоодо 79% добуш алган.

Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев бейшембиде "Биринчи радиого" курган маегинде коомчулукту азыркы бийликке эки жыл ишеним артып турууга чакырды. Анда келерки 10 жылда өлкө өнүккөн алдыңкы 50 мамлекеттин катарына кошулат деп ишендиргенге аракет да кылды.

“Элибиз бизден өтө тездикти талап кылып жатат. "Бүгүн эле өнүгө калсак" деп жатат. Тилекке каршы, баары жомоктогудай болбойт экен. Беш жыл ичинде Кудай буюрса, экономикалык жактан күчтүү өнүгүүгө жол ачылат. Эки жылдан кийин үчүнчү жылы туура жолго түшкөнүбүз көрүнөт. Эки жыл кыйналабыз. Муну ачык элге айтышыбыз керек. Ошондуктан элибизден эки жыл чыдап бергиле деп суранып жатам. 10 жылдан кийин өнүккөн алдыңкы 50 мамлекеттин катарына кошулабыз. 15-20 жылдан кийин алдыңкы 10-15 мамлекеттин катарына жете алабыз”.

Абыкеев президент Садыр Жапаров “жеке кызыкчылыгын ойлобой турганын, кандай жол менен болсо да Кыргызстанды гүлдөгөн өлкөгө айландыруу үстүндө күнү-түнү иштеп жатканын” кошумчалады.


IRI жүргүзгөн сурамжылоодо ишеним арткан он саясатчынын, коомдук ишмердин катарында Нуржигит Кадырбеков, Адахан Мадумаров, Улукбек Марипов, Артем Новиков, Өмүрбек Бабанов, Дастан Бекешев, Алмазбек Атамбаев жана Өмүрбек Текебаев бар. Анда буга чейинки сурамжылоолорго салыштырмалуу Бабановдун рейтинги беш сапка төмөндөгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG