Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:22

Ош: шайлоодон кийин "оюндан" ыргыган айымдар


Ош шаарынын жалпы көрүнүшү.

Борбордук шайлоо комиссиясы партиялардын Ош шаардык кеңешке сунуштаган тизмесинен аялдардын жапырт чыгып кетиши боюнча териштирүү баштады. “Биздин Кыргызстан” менен “Ата-Журт Кыргызстан” партияларындагы ордун 77 киши таштап кетип жатса, алардын 69 айым талапкерлер. Бул жагдай аялдардын квотасы жана гендердик баланс боюнча талаштарды туудурду.

Дүңүнөн кеткен талапкерлер

Ош шаардык шайлоо комиссиясынын талапкерлердин жоон тобун партиялардын тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечими Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) билдирүүсүнөн кийин белгилүү болду.

Демек, ага ылайык “Биздин Кыргызстан” партиясы аталган шаардык кеңешке көрсөткөн талапкерлердин ичинен 38и тизмеден чыгып жатат. Алардын баары аялдар.

“Ата-Журт Кыргызстан” партиясы тиешелүү тизмесинен 39 кишини чыгарса, алардын 31и айымдар.

Ордун бошоткондордун көбү аялдар болуп жатканына байланыштуу Боршайком бул факт боюнча териштирүү жүргүзүүнү чечти. БШКнын мүчөсү Кайрат Маматов “Азаттыкка” буларды билдирди:

Кайрат Маматов
Кайрат Маматов

“Мыйзамга ылайык, талапкерлердин 30% сөзсүз аялдар болушу керек эле. Булар ошол талапка жооп берген тизмени берип, бирок шайлоо өткөндөн кийин “өз каалоосу” менен деп туруп аялдарды кетирип салып атышпайбы. Мейли эми, алар өз ыктыяры менен чыгып жатат, бирок ушундай массалык арыз берүү болуп жаткандан кийин аймактык шайлоо комиссиясы бизге эртерек айтыш керек болчу. Азыр биз кандай болгонун билбейбиз. Балким күчкө салыштыбы, моралдык басым болдубу деген күмөн ойлор жаралды. Партиялар арыздарын шайлоонун эртеси эле берсе, аймактык шайлоо комиссиясы биринчиси боюнча 14-июлда, экинчиси боюнча 12-августта чечим кабыл алыптыр. Бирок бизге 23-августта келип жатат. Эми аялдар чыгып кетип жалаң эркектер эле депутат болуп калабы? Бул атайын жасалгандай сезилип жатат, ошол себептүү БШК муну тыкыр текшерип, анан чечим кабыл алабыз”.

11-июлда өткөн шайлоодо “Биздин Кыргызстан” партиясы Ош шаардык кеңешине жалпы 128 талапкер сунуштаган. Мунун 41и аялдар болчу. БШКнын маалыматына ишенсек, мунун үчөөнөн башкасы тизмеден чыгууга арыз беришкен.

Ал эми 111 талапкер сунуштаган “Ата-Журт Кыргызстандын” 38и аялдар болчу. Башкы комиссия келтирген санды кемитсек, бул айымдардын жетөөсү гана тизмеде калууда.

Ош шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Урмат Аттокуров алар мыйзам чегинде чечим кабыл алганын айтты:

Урмат Аттокуров
Урмат Аттокуров

“Бизге партиялардан арыздар келди, биз чечим кабыл алдык. Мыйзамга ылайык, алар берген арыздарды биз үч күндүн ичинде карап, өз чечимибизди чыгарып, БШКга беришибиз керек. Акыркы чекитти БШК коёт. Ал эми талапкерлер эмне себептен чыгып кетип жатканын, эмнеге аялдар көп экенин ошол эки партиядан сурашыңыздар керек”.

Партиялар өздөрү окуяга саясий түс берүүдөн карманышып, муну жөн гана “талапкерлердин жеке чечими” деп түшүндүргөнгө аракет кылышууда.

Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары, кеңештеги “Биздин Кыргызстан” фракциясынын лидери Шайырбек Нуранов жагдайга мындай жүйө келтирди:

Шайырбек Нуранов
Шайырбек Нуранов

“Азыр бизде жарандар туулгандан баштап эле саясатчы болуп атпайбы. Ар бир киши укугун билет, бул заманда эч ким эч кимди басынта албайт. Аларды эч ким зордогон жок. Үй-бүлөлүк шартына байланыштуу ушундай чечимге келишиптир. Айрымдары күйөөлөрү “саясатка аралашпай шүк олтур” деп койду деп жатышат, айрымдары турмуш-тиричиликтин айынан “Орусияга кетишим керек” дешиптир. Ошондуктан "аялдарды пайдаланып туруп кетирип жиберди" деген айыптоо бул жерде таптакыр орунсуз. Бул биздин талапкерлердин өздөрүнүн ыктыярдуу чечими болду”.

“Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын жетекчилиги да соңку көрүнүшкө байланыштуу түшүндүрмө бере элек. Бирок алардын депутаттары бул боюнча өз позицияларын журналисттерге бөлүшүп жатышат.

Аталган партиядан шаардык кеңешке эл өкүлү болуп келген Бекмурза Эргешов мындай деди:

Бекмурза Эргешов
Бекмурза Эргешов

“Кимдер тизмеден чыгып жатканы жөнүндө так кабарым жок. Мен деле бул жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарынан окудум. Бирок биз команда болуп чыккандан кийин, талапкерлер шайлоочулардын колдогонуна, өз эмгегине, добуш алганына жараша бааланышы керек. Ар бир талапкер ар кайсы участоктордо жоопкерчилик алышкан, ошол жерде убада беришкен, эгер алардын колдоосун алса ошол киши депутат болуп келиши керек. Добуш албаган киши убада берген эмес, демек добуш алган адамдар келиши керек”.

Ош шаардык кеңеши үчүн болгон соңку жарышка алгач тогуз партия катышкан. Шайлоонун алдында “Ынтымак” (67 талапкер) партиясы таймаштан четтетилген.

Алар “Улуу Журт” (53 талапкер), “Биздин Кыргызстан” (128 талапкер), “Улуттар Биримдиги” (91 талапкер), “Келечек-Будущее” (34 талапкер), “Бүтүн Кыргызстан” (65 талапкер), “Ата-Журт Кыргызстан” (111 талапкер), “Бир Бол” (72 талапкер) жана “Нур” (68 талапкер) партиялары. Сегиз партия жалпы 600дөн ашык талапкер сунуштаса, алардын 200дөйү аялдар болчу.

“Партиялар мыйзамдагы жылчыктарды пайдаланып кетишти”

Шайлоо жыйынтыгында аталган сегиз партиядан төртөө утуп чыккан. “Ата-Журт Кыргызстан” 19 мандат, “Биздин Кыргызстан” 15 мандат, “Улуттар Биримдиги” 7 мандат жана “Бир Бол” партиясы 4 мандат алган. Ошондо азыр жалпы 45 депутаттын 14ү аял кишилер болуп турат.

“Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын депутаты Гүлсара Кулдышева аял талапкерлердин атынан мындайча үн кошту:

“Бул ушундай боло жүргөн процесс. Ага объективдүү, субъективдүү себептер болот экен. Өз каалоосу менен, үй-бүлөлүк шарттарынан жана башка жагдайларга байланыштуу болушу мүмкүн. Бирок мен муну табигый көрүнүш катары баалайм, мындан чочулабайм. Ошентсе да азыр ал ишке аша элек. Аялдардын көбү арыз жазганы менен мандаттарын тапшыра элек, тизмеден чыгышкан жок. Себеби БШКнын чечими чыга элек. Маселен, азыр биздин партияда бардык эле аялдар өз ордуларында отурушат”.

Арийне, мандат бөлүштүрүүдөгү келишпестиктер алгачкы эсептөөлөр жүрүп баштаганда эле ачыкка чыккан.

Жогоруда белгиленген “Биздин Кыргызстан” партиясынан Ош шаардык кеңешине 9-тизмеде барган Жамал Ормонова шайлоодон кийин артка жылдырылып калганын 21-июлда даттанып чыккан. Бирок өзү журналисттерге маек берүүдөн чочулап, укук коргоочу Гүлгаакы Мамасалиева аркылуу позициясын тараткан. Анда партия муну ички рейтинг менен түшүндүргөн.

БШКнын мурдагы мүчөсү Атыр Абдрахматова бул көрүнүштөрдү мыйзамдардын алешемдиги деп атады:

Атыр Абдрахматова
Атыр Абдрахматова

“Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоодо баштапкы этапта, тагыраагы талапкерлерди сунуштаганда 30% квота талабы бар. Бирок шайлоо жыйынтыкталып, мандаттар бөлүштүрүлүп жаткан кезде бул талап мыйзамда каралбай калган. Партиялар мыйзамдын ушундай чийки жерин мурда да пайдаланып келишкен эле, азыр да пайдаланып жатканы соңку фактылардан улам белгилүү болуп жатат. Бирок муну аймактык шайлоо комиссиясы ар кайсы колдонмолор менен же, жеке сүйлөшүүлөр менен бул жагдайды жөндөп турса болмок. Анүстүнө аймактык шайлоо комиссияларында БШКнын атайын өкүлү олтуруп, иш алып барат. Ошондуктан БШКнын жетекчилиги "муну кеч билип калдык" дегени чындыкка коошпойт. Дагы бир жагдай, шайлоого катышкан айым талапкерлер "өз эрки менен мандаттан баш тартып жатат" дегени таптакыр туура эмес. Бул жерде болгону партиялардын “кожоюндары” өзүнүн ишканаларында иштеген кыз-келиндерди, же дагы башка өзүнө түрдүү багытта көз каранды болгон аялдарды тизмеге киргизип коюшат. Кийин каалаганын арыз жаздыртып, кайра оюндан чыгара берет. Буга айымдар өздөрү да жол берип коюп жатканы өкүнүчтүү”.

Парламент депутаттары “Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамынын негизинде, шаардык жана айылдык кеңештердин депутаттары “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамынын негизинде шайланат.

Бул мыйзамдарда мурда гендердик квота жок болсо, кийин бир катар шайлоолордун тажрыйбасынан кийин 30% деген квота киргизилген. Бирок соңку шайлоолор көрсөткөндөй дагы деле алешемдиктер жоюлбаган бойдон калууда:

"Мурдагы Чүйдө, Орловка шаардык кеңешинде болгон шайлоодо да КСДП партиясы аялдардын баарын ушинтип чыгарып жиберген учур болгон эле. Тилекке каршы, ошол нерсе дагы кайталанды. Мына ушундай окуялардан улам Жогорку Кеңештин шайлоосуна азыр мандат бөлүштүрүүдө да квота сакталсын дегенди киргизишти. Бирок шаардык кеңештердин шайлоосунда ал каралбай калды. Квотаны, гендердик балансты сактоо боюнча нормаларды киргизүүнү депутаттар эмне үчүн толук киргизбейт? Анткени партиялардын лидерлери, “кожоюндары” өздөрү парламентте, бул алардын кызыкчылыгына туура келбейт. Ошондуктан муну үчүн шайлоо мыйзамдары менен иш жүзүндө иштеп жаткан БШК күрөшүш керек эле. Мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү сунуштап, парламент аркылуу коргоп, алып чыгышы керек эле", - деди шайлоо боюнча адис Атыр Абдрахматова.

Быйыл 11-апрелде Кыргызстанда 428 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өткөн. Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында мыйзам бузуулардан улам добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылып, 11-июлда кайра шайлоо болду.

Эмне үчүн аялдардын депутат болгону маанилүү?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:15 0:00

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG