Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:51

Токмокто Кыргызстан аялдарынын алгачкы курултайы башталды


Аялдардын курултайы. Токмок шаары. 2021-жылдын 25-августу.
Аялдардын курултайы. Токмок шаары. 2021-жылдын 25-августу.

Кыргызстандык лидер аялдардын алгачкы курултайы бүгүн 25-августта Чүй облусунан башталды. “Аялдар тилектештиги” аттуу курултайды активист кыз-келиндер парламенттеги Аялдар укугу жана гендердик зомбулукту алдын алуу боюнча кеңеш жана Депутат аялдар форуму менен бирге уюштурушту.

Иш-чаранын максаты тууралуу “Азаттык” радиосуна Москва районунун Садовое айылынын жергиликтүү депутаты Анара Асадова айтып берди:

“Аялдар ортосунда тилектештик орнотолу, активдүү бололу, өз позициябызды айта билели деп жатабыз. Жогорку Кеңешке аялдар көбүрөөк келишине шарт түзүүнү талап кылабыз. Форумду Чүйдөгү катардагы аялдар, активисттер, ишкер кыз-келиндер уюштурдук. Жыйынтыгында резолюция кабыл алып, сунуш-пикирлерибизди жазабыз”.

Ош жана Нарын облустарында уланып, сентябрда жыйынтыктала турган иш-чара өлкөдө жүрүп жаткан социалдык-экономикалык жана саясий өзгөрүүлөр, пандемия шартында аялдар кыймылынын коомдогу ордун жана ролун анализдөө зарылчылыгына байланыштуу өткөрүлүп жатканы белгиленди.

Анда көйгөйлөрдү талкуулоо менен катар ийгиликке жетишкен кыз-келиндердин тажрыйбасын жайылтууга шарт түзүлөрү айтылды. Жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, өлкө жетекчилигине гендердик теңчиликке жетишүү, аялдар лидерлигин өнүктүрүү үчүн татыктуу шарт түзүү боюнча реалдуу кадамдарды жасоого чакырык жасалат.

Расмий статистика боюнча, Кыргызстанда аялдар 6,5 миллион калктын 50,4% түзөт. Аялдардын 64% айыл жергесинде жашайт.

Жакында 180ден ашуун уюмдан турган «Зомбулукка каршы БИРГЕ» кыймылынын активисттери президент Садыр Жапаровго кайрылып, шайлоо боюнча сунушталып жаткан мыйзам долбооруна кол койбоону өтүнүп, эгер ал кабыл алынып калса парламентте аялдар эң көп дегенде 18% болоруна кооптонуусун билдиришти.

Быйыл Кыргызстанда айыл кеңештерине шайлоо алгачкы жолу аялдарга 30 пайыздык квота берүү менен өткөрүлдү. Натыйжада айыл кеңештеринде аялдардын саны 9 пайыздан 38 пайызга өстү. (RK)

XS
SM
MD
LG