Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 16:09

Өмүрбек Текебаев: Биздин замандын каармандары


Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин алты чакырылышынын депутаты, "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгынын алдындагы ой толгоосу.

Тарыхы болбой эл болбойт. Жөн эле тарых эмес, эл сыймыктана алгандай тарых болуш керек.

Ар бир элдин өз тарыхы, алар сыймыктана ала турган тарыхый окуялары жана тарыхый инсандары бар. Өз тарыхы менен сыймыктанбаган, тарыхын жериген элдин келечеги жок. Алар башка элдин бир бөлүгүнө айланып кетет. Ошондуктан, биз өзүбүздүн тарыхыбызды, тарыхый окуяларыбызды, тарыхый инсан, каармандарыбызды жакшы билишибиз керек. Билип кана тим болбой, барктап, даңктап жүрүшүбүз керек.

Тилекке каршы, биз жаңы тарыхыбызды барктаганды үйрөнө элекпиз. Жаңы тарыхыбыздын каармандарын даңктаганга көнө элекпиз. Баарын “жаман” деп четке кагабыз. Баарын сындайбыз. Жакшыны аныктоодо Дэн Сяопин айткандай "жаманынан жакшыса көп" деген формула чен бирдиги болуш керек.

Мен бүгүн Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын тосуп жатып, үзөңгүлөш жүргөн, сөзүн уккан, жасаган иштерин көргөн замандаш каармандар жөнүндө айткым келет. Алар Шеримкулов Медеткан Шеримкулович, Эркебаев Абдыганы Эркебаевич жана Отунбаева Роза Исаковна.

Медеткан Шеримкулов

1980-жылдардын аягы, 1990-жылдардын башында Кыргызстанда улуттук кайра жаралуу толкуну күчөдү. Биринчи кезекте кыргыз элинин алдында улуттун өзүн-өзү аныктоо маселеси турду. “Биз кимбиз? Кайданбыз? Ким мененбиз? Кайда барабыз?” деген суроолор турду. Ошол жылдары эң негизги маселелердин сап башында – кыргыз тилин мамлекеттик тил деп таанып, ага “Мамлекеттик тил” статусун берүү болгон. Кыргыз тили мамлекеттүүлүктүн негизи, мамлекеттүүлүктүн символдорунун бири.

Медеткан Шеримкулов.
Медеткан Шеримкулов.

Шеримкулов 1989-жылы Мамлекеттик тил боюнча мыйзамды жазуу үчүн түзүлгөн атайын комиссияны жетектеп, Жогорку Кеңештин сессиясында өзү доклад жасап, кыргыз тилине Мамлекеттик тил статусун берүүдө негизги ролду ойногон (23.09.1989-ж.)

Медеткан Шеримкулович СССРде, Кыргызстанда болуп жаткан татаал тарыхый процесстердин себебин, багытын аңдай билген, аларга туура баа берген сейрек саясатчылардан болгон. Ал прогрессивдүү-демократиялык маанайдагы жаңы саясий күчтөр, коомдук уюмдар менен тил табышып, түздөн-түз байланыш, мамиле түзүп, ошол учурдун реалдуу лидерлеринин бирине айланды. Ошон үчүн ал 1990-жылкы саясий кризис убагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

Шеримкулов жетектеген жумушчу топ 1990-жылы Кыргызстандын көз каранды эместигинин декларациясын иштеп чыгып, парламент ошол эле жылы 15-декабрда Кыргызстан Республикасынын көз каранды эместиги жөнүндө Декларацияны биринчи жолу кабыл алган.

1991-жылы 31-августта Жогорку Кеңеш Кыргызстанды көз каранды эмес, суверендүү мамлекет катары жарыялады. 1993-жылы 5-майда Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынды. М.Шеримкулов парламенттин төрагасы катары Кыргызстандын мамлекеттик атрибуттарынын: желектин, гербдин, гимндин, валютасынын кабыл алынышына түздөн-түз салым кошкон адам.

Ал жылдары Кыргызстан советтик типтеги парламенттик өлкө болгон. Президенттик пост киргенине карабастан, Жогорку Кеңеш авторитеттүү жана күчтүү орган эле. Ошол кездеги Жогорку Кеңеш Кыргызстанда гана эмес, эл аралык аренада да аброю абдан чоң болду. Ошон үчүн ал парламент “легендарлуу парламент” аталган.

1992-жылы 15-16-сентябрда Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн парламенттер аралык Ассамблеясынын биринчи жыйыны М.Шеримкуловдун жетекчилигинде өткөн. Ушул ассамблеянын алкагында Тоолуу Карабактагы абалды турукташтыруу боюнча КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) миссиясынын жетекчиси болуп, 1994-жылы майда Бишкекте жаатташкан тараптардын “Бишкек протоколуна” кол коюшуна жетишкен. Бул Тоолуу Карабактагы кан төгүүнү көп жылга токтоткон.

Шеримкуловдун КМШ ПААнын, Жогорку Кеңештин өкүлү катары Тажикстандагы жарандык согуш күчөп турганда “Бишкек меморандумунун” (1997-ж.) кол коюлушуна, Тажикстанда тынчтык орношуна салымы абдан чоң болгон.

Тарыхта адамдын кел-кели келген учур келип, ага атайын миссиялар жүктөлөт. Шеримкуловдун маңдайына Советтер Союзу урап, жаңы Кыргызстанды куруу туш келген экен. (1990-1995-жж.) Ал өзүнө жүктөлгөн тарыхый тапшырманы ийгиликтүү жүзөгө ашырды.

Шеримкулов Кыргызстандын өкүлү, аксакалы катары бир нече өлкөлөрдө элчи болуп жүрдү. Азыр да саясий-коомдук процесстердин активдүү катышуучусу.

Мен жогоруда айткан барктай билели, баалай билели деген каармандардын бири – Медеткан Шеримкулов. Ал биз сыймыктана турган, кийинки муунга үлгү болчу, биздин элдин, мамлекеттин тарыхын аныктаган окуялардын катышуучусу жана каарманы.

Абдыганы Эркебаев

Абдыганы Эркебаевдин Советтер Союзунун убагындагы өмүр баяны эле өзүнчө эрдиктин тарыхы. Бул адамдын баскан жолу жаштарга үлгү болуп, аларды алдыга көздөй ийгиликтерге шыктандыра турган тарых.

Абдыганы Эркебаев.
Абдыганы Эркебаев.

Абдыганы Эркебаев бала кезинде томолой жетим калып, балдар үйүндө чоңойгон. Университеттен билим алып, Москвадан аспирантураны бүткөн. Москвада аспирантурада окуп жүргөндө “Кыргыз жазма адабияты 1924-жылдын 7-ноябрында “Эркин Тоо” гезитинин биринчи саны чыккан күндөн башталат” деген официалдуу, коммунисттик тарыхтын версиясына каршы чыккан. Ал “Кыргыз жазма адабияты Октябрь революциясына чейин эле болгон” деген далилдүү иликтөө материалдарын байма-бай чыгарып турган.

Эркебаевдин көз карашы, ой жүгүртүүсүнүн кайратын мен бир эле сөз менен белгилегим келет. Ошол учурда 1979-жылы Москвада анын уулу төрөлөт. Уулуна ал өзү үчүн ыйык, бийик, маанилүү болгон ой-толгоолорун, ниет-тилектерин камтыган ысымды – Азат деп коет. Кайра куруу убагында 1988-жылы Кыргыз ССРинин Илимдер Академиясынын Тил жана адабият институтунун директорлугуна Компартиянын (бийликтин) официалдуу талапкерлерине альтернатива чыгып, шайлоодон утуп алат. Альтернативалык шайлоолорго катышып, 1990-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болот. Ошол жылдары Кыргызстанда улуттук кайра жаралуу толкуну күч ала баштаган кез. Эркебаев өмүр таржымалы, дүйнөгө болгон көз карашы, принциптери боюнча бул процесстерден четте калышы мүмкүн эмес эле.

Демократиялык өнүгүүлөрдү, Кыргызстандын суверендүүлүгүн кеңейтүүнү максат кылган Жогорку Кеңештин 350 депутатынын ичинен 114ү “Кыргызстандын демократиялык жаңылануусу” деген депутаттык топ түзүп, Эркебаев ошол топтун мүчөсү, анын тең төрагасы болгон. Бул депутаттык топ Кыргызстандагы демократиялык прогресcивдүү күчтөрдүн авангарды, Кыргызстандын көз каранды эместигин жарыялоо, мамлекетти түзүүдөгү алгачкы иш-аракет, демилгелерде локомотив болду.

Кыргыз мамлекетин курууда Эркебаевдин салымы абдан чоң. 1991-жылкы реформаларда сөз эркиндигин камсыз кылуу, анын негизинде саясий конкуренцияны, ой-пикирдин эркиндигин камсыз кылуу ошол кездеги демократиялык күчтөрдүн негизги багыттарынын бири эле. Эркебаев Кыргызстанын басма сөз жана маалымат министри болду. 1992-жылы вице-премьер-министр, 1993-жылы Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын кызматын аркалады.

1995-жылы жаңы Конституциянын негизинде Кыргызстанда биринчи жолу туруктуу профессионалдык парламент пайда болду. Эркебаев Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы, 2000-жылдан кийин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төргасы болуп, Кыргызстанда парламент институтунун калыптанышына чоң салым кошту.

Ушул жогорудагы кызматтарды ээлеп жүргөндө дагы Абдыганы Эркебаев өзүнүн көз караштарын президенткеби, өкмөткөбү, эл алдындабы, ачык айтып, “калыс адам” деген репутацияга ээ болгонго жетишти. Бакиевдик бийликтин үй-бүлөлүк режимине дагы каршы өз ой-пикирлерин тайманбай айтып жүрдү. 2010-жылы апрель революциясында түзүлгөн Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү болду.

2010-жылы Түштүктө улут аралык кагылышуу болуп, ошол конфликттин келип чыгуу себептерин, кесепеттерин жана кандай жыйынтык чыгарыш керек экендигин аныктоого Улуттук комиссия түзүлүп, анын төрагалыгына Абдыганы Эркебаев дайындалды.

2012-жылдан баштап Улуттук илимдер академиясынын президенти болду. 2017-жылы андан өз ыктыяры менен кетип, 2019-жылдын май айынан тарта Кыргызстан элинин Ассамблеясынын төрагасы болуп азырга чейин иштеп келе жатат.

Эркебаевдин өмүр жолуна саресеп салсак, бул инсан соңку тарыхта 1990-1995-жылдары Кыргыз мамлекетинин калыптанышында эбегейсиз роль ойногон. 1995-2005-жылдары туруктуу парламент институтунун калыптанышына чоң салым кошкон инсан. Бүгүнкү күнгө чейин коомдук-саясий процесстердин активдүү катышуучусу.

Абдыганы Эркебаевди жаштарга үлгү болчу, эл сыймыктана ала турган биздин замандын каарманы деп ишенимдүү айта алам.

Роза Отунбаева

Кыргызстандын соңку тарыхында акыркы 30 жылдагы эң негизги каарман ким деген суроого ойлонбой туруп эле Роза Отунбаева деп айта алам. Отунбаеванын өмүрү, басып өткөн жолу да жаштарга үлгү, сыймыктанчу жол.

Роза Отунбаева.
Роза Отунбаева.

Роза Исаковна Отунбаева 1972-жылы Москва мамлекеттик университетин философия адистиги боюнча бүтүргөн. Кайра куруу учурунда 1986-1989-жылдары Кыргыз ССРнин Министрлер Кеңешинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри болгон. 1989-1991-жылдары СССРдин тышкы иштер министринин коллегиясынын мүчөсү, СССРдин ЮНЕСКО иши боюнча комиссиясынын төрайымы болуп иштеген.

СССР тарап, жаңы Кыргыз мамлекети жарыялангандан кийин ал Кыргызстанга кайтып келген. Көз каранды эмес Кыргызстандын вице-премьер министри - тышкы иштер министри болуп дыйындалган. Жаңы кыргыз мамлекети түзүлүп жарыялангандан кийин, Кыргызстанды дүйнөлүк коомчулуктун татыктуу тең ата мүчөсү катары көргөзүп, анын дүйнөдөгү ордун бекемдеш керек эле. Кыргызстандын алдында чыныгы көз каранды эмес, суверендүү мамлекет катары бүткүл дүйнөлүк уюмдар, бардык мамлекеттер тааныган өлкө кылуу миссиясы турган. Эл аралык байланыш, мамилелерди түзүү зарыл эле. Бул да көз каранды эмес мамлекетти куруунун эң татаал, маанилүү багыты болчу.

Отунбаева ошол багытты жетектеген эң алгачкы вице-премьр - тышкы иштер министри болгон. Ошол эле жылы ал Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчиси болду. 1994-жылы өлкөгө кайтып келип, кайра эле тышкы иштер министри болуп иштеди. Ошол жылдары тажик бийлиги менен куралдуу оппозициясынын ортосунда “Бишкек меморандумуна” кол коюлуп, Тажикстанда тынчтык орношуна да Роза Отунбаеванын ролу чоң болгон.

1997-жылы өлкөдө жеке бийликти орнотуу башталганын көрүп, өкмөт курамынан өз каалоосу менен чыгып, Улуу Британия жана Түндүк Ирландияга элчи болуп кеткен. 2002-жылы Грузия менен Абхазия ортосундагы жаңжалды басуу боюнча БУУнун баш катчысынын атайын өкүлүлнүн орун басары болуп иштеген.

2004-жылы парламенттик шайлоо алдында мекенине кайтып келип, Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруусуна каршы “Ата Журт” оппозициялык кыймылына Дооронбек Садырбаев экөө тең төрага болушкан.

2005-жылы мартта оппозициялык лидерлердин жетегинде эл көтөрүлүп, Акаевдин бийлигин кулатышты. Бул “Жоогазын революциясы” деген ат менен тарыхта калды. Ал эми Отунбаевага “революциянын локомотиви” деген ат ыйгарылды. Ошол рефолюциядан кийин келген бийликтин тушунда да Отунбаева тышкы иштер мекемесин жетектеди.

Кийинки бийликке келген Курманбек Бакиев революциянын максаттарын аткаруудан баш тартып, өзүнүн жеке бийлигин, үй-бүлөлүк таасирин бекемдөөгө өткөндүктөн, Отунбаева ага да каршы чыккан. Анда ал парламенттеги оппозициялык фракциянын лидери болуп турган.

2010-жылы түзүлгөн Бириккен Элдик Кыймыл (БЭК) деп аталган оппозициялык кыймылдын башчысы болду. 7-апрелде эл көтөрүлүп, Бакиевдик бийликти да кулатышты. Бакиев бийликтен кетпей, курал менен коргонуп, кан төгүлүп, жүзгө жакын адам курман болду, миңге жакын адам ар кандай жаракат алды. Бакиев өзү Түштүккө барып, парламентти, өкмөттү өзүнө чакырып, бийликти күрөшсүз бербей тургандыгын жарыялап, өлкөдө жарандык согуш, регион аралык бөлүнүү коркунучу реалдуу болуп, өтө татаал кырдаал жаралган. Ошол убакта түзүлгөн Убактылуу Өкмөттү өлкөнүн ичинде гана эмес, эл аралык деңгээлде авторитети бар адам, башкаруу системасында ар заманда иштеп, жетиштүү тажрыйба жыйнаган, эң негизгиси, оппозициялык маанайдагы активисттерди, саясий уюмдарды ынандырып кете алган оппозиция өкүлү башкарыш керек эле. Андай адам Роза Отунбаева эле. Отунбаева жогоруда саналган талаптар гана эмес, андай кырдаалдан чыгууда жоопкерчиликти алгандан коркпогон, репутациясын гана эмес, керек болсо өмүрүн тобокелге сала турган чечкиндүү адам эле.

Ошол убакта улут аралык жаңжалдардын да чыгып кетүү реалдуулугу пайда болгон. Апрель, май, июнь айларында Токмокто, Бишкектин жанындагы Маевка айылында, Ала-Букада ж.б. жактарда улут аралык кагылышуулар тынбай болуп, анын кульминациясы - 10-июнда түштүктө өзбек-кыргыз улутунун ортосунда кагылышуу чыкты.

Ошондой өлкөдөгү татаал кырдаалда Отунбаеванын алдында үч чоң блокко бөлүнгөн маселелер пайда болду. Биринчиси - өлкөдө мыйзамдуулуктун аткарылышын, адамдардын коопсуздугун сактоону камсыз кылуу керек эле. Экинчиси - социалдык-экономикалык кырдаалды стабилдештирип, жөнгө салуу милдети турган. Үчүнчүсү - тез арада саясий реформаларды өткөрүп, легитимдүү бийлик органдарын түзүп, саясий стабилдүүлүктү орнотуу керек эле.

Баарыбызга белгилүү болгондой, улут аралык кагылышууларды Убактылуу Өкмөт тез аранын ичинде токтотуп, анын кесепетин жоюуга жетишти. Отунбаева бир жарым жыл өткөөл мезгилдин президенти болду. Конституциялык реформа менен саясий система транформацияланып, 2010-жылдын күзүндө Кыргызстандын тарыхындагы эң таза, атаандаш шайлоо өткөрүлүп, жаңы өкмөт түзүлдү. Отунбаева Кыргызстандын гана эмес, Орто Азиянын тарыхында биринчи жолу бийликти шайлоо аркылуу жаңы шайланган президетке өткөрүп берди.

Бүгүнкү күнгө чейин ал коомдук-саясий турмушта активдүүлүгүн көргөзүп келатат. “Роза Отунбаеванын демилгеси” коомдук фондун түзүп, экс-президент катары убактысын жаштарды тарбиялоого, балдардын жана аялдардын укугун коргоого, жакырчылык менен коррупцияга каршы күрөшүүгө ж.б. арнады. Мисалы, жайлоолордо балдар үйүн ачып, дүйнөлүк адабияттарды кыргызчага которуп, жаштарга таратып жатат. Жаш саясатчыларды тарбиялоо максатында дүйнөлүк лидерлердин китептерин которуп, таратууда. Бүгүн ал мамлекеттик кызматты аркалабаса да, мамлекеттик маанилүү миссияны аткарып жатат.

Роза Отунбаева чыгыш салттуу коому бар, ислам дини үстөмдүк кылган өлкөдөгү аялдардын үй-бүлөдөгү жана коомдогу ордун өзгөртүүдө чоң прецедент, үлгү жаратып, Орто Азиянын аялдарына шык берип, сыймыгына айланды. Азыр дагы Кыргызстанда эле эмес, дүйнөдө таанылган авторитеттүү, таасирдүү адам. Дүйнөнүн региондорунун жана эл аралык иш-чаралардын активдүү катышуучусу. БУУнун башкы катчысынын алдындагы медиация кеңешинин мүчосү. Дүйнөлүк, эл аралык сыйлыктарга татыктуу болгон.

Роза Отунбаева биз эле эмес, жалпы Борбор Азия элдери үлгү болчу, сыймактана турган адам.

Эмне үчүн мен ушул үч инсанды өзгөчө бөлүп, жаштарга үлгү, өрнөк катары көргөзүп жатам. Кыргызстанда президенттер, премьер-министрлер, Жогорку Кеңештин төрагалары көп эле болгон. Бирок алар Шеримкулов, Эркебаев, Отунбаевадай болуп, коомдун, мамлекеттин турмушуна таасир тийгизген туруктуу фактор боло алышпады. Бул үч каарман Советтер Союзунун убагында эле коомдук-мамлекеттик турмушта бараандуу орунду ээлешкен. Замандан артта калбай, кээде алдыга озуп, авангард лидер боло алышкан. Акыркы 30 жылда да алар таасирдүү коомдук-саясий ишмер болуп келе жатышат.

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ, “Ата Мекен” партиясынын төрагасы

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG