Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:26

Тажикстанга дары-дармек алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды


Максат айылы.
Максат айылы.

УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашкандай, 23-августта Лейлек районунун Тажикстан менен чектеш аймагында Mercedes-Benz Sprinter унаасын башкарып бараткан кыргызстандык эки жаран кармалган.

Текшерүү учурунда автоунаада 175 кутуда медициналык дары-дармектер аныкталган. Дары-дармектердин болжолдуу баасы 2,5 миллион сомдон ашык. Аткезчилик менен кармалган жүк жана мыйзамсыз товар ташууга шектүүлөр андан аркы териштирүү үчүн тиешелүү кызматтарга өткөрүлүп берилген.

Кыргыз-тажик чек арасындагы апрель айынын соңундагы куралдуу кагылыштан кийин жергиликтүүлөр Тажикстанга аткезчилик жүк ташууга каршы күрөшүүнү күчөтүү талабын коюп, кайрылуу жасап, акцияларды өткөрүшкөн. Жергиликтүү жаштардан ыктыярдуу топтор түзүлүп, чек арага жакын аймактарды көзөмөлдөө уюштурушкан.

Эки өлкө ортосундагы аткезчилик президенттердин деңгээлинде да талкууланган. 28-июнда Кыргызстандын өлкө башчысы Садыр Жапаров Дүйшөмбүгө расмий сапар менен барганда тажик президенти Эмомали Рахмон менен бул жаатта биргелешкен билдирүү кабыл алышкан. Эки мамлекет башчылары мыйзамсыз товар ташуу токтобой жатканына тынчсызданышкан.

Быйыл 28-30-апрелде жана 1-майда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш "Головной" тилкесинде башталган.
Андан 36 кыргызстандык курман болгон. Үйлөр, социалдык объекттер өрттөлүп, талкаланып, жарактан чыккан.

Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG