Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

Темир Сариев тергөө абагында калтырылды


Темир Сариев.
Темир Сариев.

Мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылды. Мындай чечим 25-августта Бишкек шаардык сотунда кабыл алынды. Буга чейин райондук сот Сариев 30-сентябрга чейин камакта калтырган.

Сариевдин жактоочулары аны үй камагына чыгарууну өтүнүшкөн, ушундай эле талап менен соттун алдында жүз чакты тарапкери митинг өткөргөн.

УКМК Кумтөрдөгү жагдайды текшерүү боюнча 2012-жылы түзүлгөн мамлекеттик комиссияны жетектеген Сариевди "Кумтөр кениндеги экологиялык чыгымдарды миллиарддаган сомго азайткан" деген айып менен 3-августта кармаган. Соттун чечими менен ал эки айга УКМКнын тергөө абагына камалган.

Адвокаты Тимур Султанов Кумтөрдөгү экологиялык зыянды Сариев эмес, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча тийиштүү мамлекеттик орган аныктаганын, Сариев жетектеген комиссия ишин ачык жүргүзгөнүн, курамында парламент депутаттары, адистер, көз каранды эмес эксперттер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү болгонун, анын корутундусуна учурунда Жогорку Кеңеште өтө жогору баа берилгенин билдирген. (MTa)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG