Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:11

Кочкоров: Кумтөр ишинде тандалма саясат болуп жатат


Улукбек Кочкоров.
Улукбек Кочкоров.

Парламенттин мурдагы депутаты Улукбек Кочкоров президент Садыр Жапаровго кайрылып, Кумтөр кениндеги кылмыш иши боюнча тандалма саясат жүрбөшү керек экенин билдирди. Кочкоров мурдагы президент Аскар Акаев баш болгон жетекчилер эркиндикте жүргөнүн сындадады. Ал мындай пикирин “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

Экс-депутат бейкүнөө камакта жатат деп, Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровду мисал кылган.

"Урматтуу президент, сиз камакта отурганыңызда бийликке кылчактабай "Садыр Жапаров негизсиз камалды, анын күнөөсү жок" деп айтып келген саналуу эле адамдардын катарында мен да болгом. "Ошондо эле чыгарып койсом болмок экен" деп ошол кездеги эл башылар азыр өкүнүп отурушкандыр. Сиз да кийин өкүнүп калбашыңызды тилейм”, - деп жазды Кочкоров.

Кумтөр иши боюнча экс-президент Сооронбай Жээнбеков баш болгон мурдагы президент Аскар Акаев, он беш чакты мурдагы жана азыркы аткаминерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары сурак берип жатышат. Айрымдары камалышты. Кээ бирөөлөрү тергөө менен кызматташканы үчүн, айрымдары ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG