Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:51

Пандемияда каза болгон дарыгерлерге эстелик орнотулат


22-июль, 2020-жыл.
22-июль, 2020-жыл.

Министрлер кабинети 24-августта пандемияга каршы күрөштө каза болгон дарыгерлердин урматына мемориал орнотуу маселесин талкуулады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын борбордук аллеясындагы музейдин жанына мемориал орнотуу чечими кабыл алынды.

Коронавирус алгач аныкталган былтыр март айынан бери Кыргызстанда 108 медицина кызматкери илдеттен көз жумду. 2020-жылы кыргыз өкмөтү иш учурунда коронавирус жуктуруп, каза болгон медицина кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө 1 млн. сом кенемте берилерин убада кылган.

Быйыл 11-январда бул сумма өзгөрүп, 2,8 млн. сомго көтөрүлгөн. Маркумдун иш учурунда вирус жуктуруп, көз жумганын далилдөө үчүн анын жакындары тиешелүү документтерди чогултууга тийиш. Айрым дарыгерлердин жакындары кенемте ала албай жатканын айтып нааразы болуп келишет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG