Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:51

"Сорос-Кыргызстан" жаштардын 13 медиа долбоорун каржылайт


MediaJasa долбоору тараткан сүрөт.
MediaJasa долбоору тараткан сүрөт.

Кыргыз Интернет айдыңында сапаттуу медианы өнүктүрүү үчүн MediaJasa долбоору чыгармачыл жаштардын окутуп, материалдык колдоо көрсөтүүдө. Бул тууралуу уюштуруучулар маалымдады.

"Сорос-Кыргызстан" фондусунун каржылык колдоосу менен сынак жарыяланып, алардын ичинен 13 долбоор тандалып алынды. Чыгармачыл жаштар ушул жылдын ноябрь айына чейин аялдардын укуктары, жаштарга жынысттык тарбия берүү, экологиялык көйгөйлөр, жарандык укуктарды билүү сыяктуу долбоорлорду ишке ашырышат.

MediaJasa долбоору жарандык баалуулуктар жана эркиндиктер боюнча талкуу түзүүгө багытталган мультимедиялык долбоорлорду жана демилгелерди колдойт. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG